“Кумтөр” кенинин Кыргызстанга толугу менен өткөнүнө жарым айдай болуп калды. Бул арада Кыргызстандын кен боюнча канадалык компания менен макулдашуусун сындап, мындан Кыргыз мамлекети утулду деп чыккандар да болду. Бирок бийлик бул ири кенди өлкө кызыкчылыгына иштетүүгө мындан башка жол жоктугун билдирүүдө. Чындыгында, 30 жыл илгери чет өлкөлүк компаниялардын колуна өтүп, акырындык менен көпчүлүк үлүш аларга туура келип калган кендин биз билбеген сырлары көп болчу. 

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев кыргыз бийлигинин  Centerra менен жетишкен макулдашуусун калың элге жалпак тил менен жеткирүүгө аракеттенип көрдү. 

- Мында биржа фондунун мыйзамдары башкы ролду ойнойт. Анын ой-чуңкурун көбү эле түшүнө беришпейт. Ал турмак Кыргызстанда аны терең түшүнгөн беш-алты гана адам табылышы мүмкүн. Түшүнбөгөндөн кийин “Кыргызстан макулдашуудан утулду”, “Эмнеге доодон баш тартышты?” деген сыяктуу сын жана суроолор жаралат. Ошондуктан, жалпак тил, адабияттын негизинде айтканда метафора менен түшүндүрүп көрөйүн. 

Кыргызстанды жигит деп элестетели, эми гана бой жетип, турмуштун ачуу-таттуусун көрө элек кезинде ага Канаданын “Камеко” деген кызы жолукту. Жигиттин тажрыйбасыздыгын пайдаланып, башын айлантып турмушка чыгып алды. Баары мыйзам чегинде болду, мамилелерин расмий каттоодон өткөрүштү (келишим, парламенттин ратификациясы). Кийинчерээк, “Камеко” ысымын өзгөрттү, “Центерра Голд” болду, бирок заты, максаты ошол бойдон калды. Акырындык менен Кыргызстанды алдап, ишендирип, анын мүлкүнө болгон өзүнүн үлүшүн көбөйтө берди, тапкан пайдасын үй-бүлөнүн жалпы бюджетине короткон жок, төркүнүнө, демек өз чөнтөгүнө ташыды. Ар бир билбестиктин көзү ачыла турган учуру келет. Кыргызстандын дагы аң-сезими өсүп жетти, канадалык селкинин алдап жатканын түшүндү. Эмне кылуу керек? Албетте, ажырашуу. Бирок баары мыйзам чегинде бекилип калгандан кийин жылаңач бойдон кууп чыга албайт. Ортодо акциялары – балдары бар. Сотко барышабы? Албетте, сотко барса болот, бирок эл аралык мыйзамдарга ылайык, анда мүлк 50-50 пайыз менен эки тараптын тең пайдасына чечилип калат. Ата-бабасынан калган мүлктү качандыр бир акылынан тайганы үчүн жат бирөө менен бөлүшүүнү ким кааласын. Ошондуктан, маселени жай отуруп, ич ара сүйлөшүп, сотко жеткирбей тынчтык жолу менен чечишип алуудан башка жол жок. Кыргызстан мында туура кадам жасады. Кен толугу менен өзүндө калды, ал эми доо, ар кандай документтер ашыкча убакытты алган, ашыкча чыгымды талап кылган татаал процесс. Башкысы, байлыгыбыз өзүбүздө, аны бизден эч ким талаша албайт. 

Бул эми тамашалуу түшүндүрүү болду. А эгер олуттуу карап айта турган болсок, эл аралык сотко жетүү бизге оорчулук жаратмак. Убагында канадалык компаниянын кызыкчылыгын жогору койгон келишимдерди өз колубуз менен мыйзамдаштырып бергенбиз. “Колуң менен жасаганды моюнуң менен тарт” дейт. Аны ойлонбой, күч менен тартып алып, доо коюу – бизге, мыйзамды сыйлабаган өлкө катары дүйнөнүн санкция салуусуна да жеткирмек. Бир убактарда президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө барып, санкциядан улам 3 күн учагына арест салынып, уча албай калганын эстегиле. Өлкө башчысына ушундай мамиле жасалгандан кийин жакшы нерсени күтүп болбойт. Ошондуктан, макулдашууну сындабай, эң башкысы кенибиздин башын бошотуп алганыбызга, канадалык компаниядан кутулганыбызга кубанышыбыз керек. 

Ишенбай Кадырбеков “кенди мыйзамдуу жол менен алуу керек болчу” деген пикирин айтпадыбы. Бул киши биржа фондун, анын эрежелерин аткарбоонун кесепеттерин жакшы түшүнсө керек эле. Ага карабай, мындай пикирин айтып жатканы  - “Акела промахнулся”.