Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда саясый тирешүүлөр күчөп, кээде кандуу окуяларга айланып кетип жатканы маалымдалууда. Чындыгында ал жер көз карандысыздыктан бери тынч болгон эмес, дайыма расмий Душанбеге ачык же тымызындан оппозицияда болуп келген.
1992-1996-жылдардагы жарандык согушта Тоолуу Бадахшан юрчиктерге да, бобчиктерге да кошулган эмес, калыс турган. Алар Тажикстандын бир бөлүгү болгон менен өздөрүн тажик катары эсептешпейт, Александр Македонскийдин тукумдарынан калган “Бадахшандыкпыз” дешет. Алардын башка тажиктерге салыштырганда негизги өзгөчөлүгү: уруулук, жамааттык сезимдин өзгөчө күчтүүлүгүндө. Ошондой биримдиктеринин аркасы менен адам чыдагыс кыйынчылыктарга чыдап жашап келатышат.
Расмий Душанбенин жарандык согуш убагында аларды тартипке чакырганга шайы жетпесе, каалоосу да болбосо, нейтралдуулуктарын гана жактырышса, вертикалдык бийлик бекемделгенден тартып, автономдуу облустун укуктарын чектеп, аны катардагы облустардын бирине айландыруу аракети токтобой келет. Автономдуу облустун азыркы жетекчилеринин дээрлик баардыгы Душанбедеги күч органдарынан которулуп келгендер, алар расмий Душанбенин саясатына артыкчылык беришет. Алар Тоолуу Бадахшанда күндөн күнгө өздөрүнүн ыктарынан чыкпаган аскерлерди көбөйтүшүүдө. Эгерде тирешүү күч алса, аны күч менен чечүү аракети болору айтылып жатат. Бирок, бадакшандыктардын көпчүлүгү, өзгөчө мурда бийликте болгондор ага көнгүлөрү келбей, кеңири ыйгарымдардагы автономдуулукту талап кылгандарынан улам карама каршылыктар күчөөдө.
Тоолуу Бадахшан жаратылыш байлыктарына, табийгый ресурстарга бай болгон менен алар потенциалдуу инвесторлорду чындап кызыктырбайт. Анткени, жер шарты, климаты аябай татаал, кыш сегиз айга созулат, темир жол жок, аны курганга да мүмкүн эмес. Хорогдогу аэропортко чакан учактар гана коно алат. Аймагынын 97 пайызы тоо таштар. Сырткы дүйнө менен байланыштырган жалгыз жол болсо, ал да Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Ошондуктан автономдуу облус дайыма 80-90 пайыздык дотацияда отурат, жакынкы кылымда андан чыгышы да кыйын. Бир чоң райондукунан ашпаган эли өзгөчө кайраттуу, тобокелчил.
Мына ушуга байланыштуу Россиялык, аймактык айрым дүжүр серепчилер: “Эмомали Рахмон бийлигин баласына өткөргөнгө чейин Тоолуу Бадахшан маселесин күч менен чечет. Ал ортодо элинин көңүлүн башкага алаксытуу үчүн Баткен облусунун айрым жерлерин масштабдуу түрдө басып кириши ыктымал”- деген божомолдорду да таркатышууда.
Чек ара маселеси биротоло чечилбегендигинен улам Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жылда кагылышуулар болууда. Көз карандысыздыктан бери андай кагылышуулардын саны 50гө жакындап калды. Бейкүнөө адамдар өлүп, чоң материалдык чыгымдар болууда. Ал дүйнө жүзүнө белгилүү фактылардан. Бирок, “Тажикстан Тоолуу Бадахшан маселесин чечүү үчүн Кыргызстанга кол салат” деген коюндарында котур таштары барлар чыгарган чагымдардан экенин ачык айталы. Антип өзүнүн бир чоң райондой калкы бар аймагынын саясый, аскердик маселелерин чечүү үчүн аскердик күчү жагынан өзүнөн калышпаган Кыргызстанды ачык басып киргидей, Тажик бийлиги же Рахмон камикадзе эмес. Ага Тажикстандын аскердик, экономикалык күчү да жетпейт. Биздин оюбузча, Тоолуу Бадахшан маселеси Эмомали Рахмон өзүнүн элдешкис саясый оппоненттеринен кутулгандай эле, акырындап алдап соолоо, эпке келгендерин Душанбеге кызматтарга алып кетсе, кепке көнбөгөндөрүн ар нерселерге шылтап, көздөрүн тазалоо, эки кадам алдыга, бир кадам артка дегендей жумшак тактика менен чечилет. Анткени, төрт жылдык жарандык согуш Тажик бийлигин көп нерсеге үйрөттү. Расмий Душанбе эч качан радикалдык чараларга барбайт. Ошондуктан ал өлкөнүн ички маселесин Кыргызстанга апкелип жабыштырып, чагымдарды күчөтүп жатышкандардын аракеттерин жөн эле компетенсиздик же тыйынча баасы жок примитивдүү кутумдук деп эсептегенибиз туура.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити