- Рамазан агай, кечээ Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу максатында  Антикризистик комитет түзүлдү. Ал комитет каатчылыкты жоюуга салым кошо алабы?

- Менимче, элди дүрбөлөңгө салган кризисти мурун дүйнөлүк тенденция десек, азыр Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам күчөп кетти десек туура болчудай. Согуштун кесепети көпчүлүк мамлекеттерге тийди. Анын ичинде Кыргызстан дагы абал оорлоду. Кыскасы, Африкада дагы кымбатчылык болуп кетти. Мындан улам дүйнө жүзүндө каатчылык күчөйт окшойт деген маалыматтар айтыла  баштады. Анткени, дүйнө жүзү бири-бирине чырмалган.

Ошондой болсо да, Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу максатында Антикризистик комитет түзүптүр. Ал комитет зарыл учурда түзүлдү деп кубаттаганыбыз менен бааны түшүрүп, элди дүрбөлөңгө түшпөй турган иштерди жасай алабы, жокпу азырынча белгисиз. Себеби, бийлик келгенден бери эле аракет кылып коррупцияны жойгонго аракет жасап жатат. Бирок, коррупционерлер тыйылып калган жок да. Ал турсун  бүгүн жооптуу кызматка коюлган адамдар көп өтпөй эле коррупцияга шектелип кармалып  жатат. Ошон үчүн аталган комитеттин  канчалык деңгеелде каатчылыкты жоё  алат деген маселе бар.  Айтайын дегеним, каатчылык токтош үчүн адегенде согуш токтош керек.

- Ошондо каатчылык токтобойт деген ойду айтып жатасызбы?

- Мен да каатчылык токтошун, эл ток болушун каалайм. Бирок, каатчылык токтош үчүн алгач Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтош керек. Ошондой эле Орусиядан кетип калган бренд фирмалар кайра Орусия менен кызматташышы керек. Кыскасы, алака мурдагыдай болмоюн абал жакшырып кетиши күмөн.

- Инфляция токтойбу же доллардан баш тарткан абалга келебизби?

- Менимче, доллардан баш тартабыз дешкени менен ага эч кимдин күчү жетпей жатат. Путин менен Си Цзиньпин бир канча жыл мурун эле ушул маселени көтөрүшкөн. Бирок күчтөрү жетпей жатат го. Эң жаманы доллар күндөн күнгө кымбаттап, сом менен рубль чөккөндөн чөгүп бара жатышат. Негизи эле чектөө жакшылыкка алып келбейт. Чектөө болгон сайын инфляция күчөгөндөн күчөйт. Мисалы, Түркияда дагы инфляция күчөп, лиранын кунун кетирбей сактап калыш үчүн улам интервенция кылып жатышат.

- Баса, депутат Надира Нарматова ашыкча мечиттерди бала бакча кылыш керек деген маселе көтөрдү эле кээ бирөөлөр сындап эле жатып калышты.  Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Ал эми мечиттерди агартуу мекемега айлантуу жакшы эле демилге. Себеби билимден пайда  көп. Акыркы жылдарда мечит салгандар көбөйүп кеткен. Билим берүү тармагы өксүп, анан түрдүү көз караштагы агымдарга азгырылгандардын азабынан  окубай калган балдар көбөйүп баратат. Чынында бала окубаса, билим албаса, келечеги жокко эсе болуп калат. Билимсиз жаш балдардын болушу мамлекет үчүн уят болот. Кандай болгон күндө да мынджай маселелрди чогуу чаран чечилиши керек. эч кимдин укугу бузулбай, бирөөлөр кысымга алынбашы керек.