- Кубаныч мырза, Батыштан каржыланган айрым журналисттердин, бейөкмөт уюмдардын айтуусу боюнча, биз кайрадан авторитаризмге кетип баратыптырбыз. Бул жагдайда сиздин пикир кандай?
- Буга кенен токтолуш керек. Бир убактарда мен да ушундай ойдо болчумун. Мыйзамсыз кылмыш ишинин негизинде түрмөгө да отуруп чыктым. “Ак ийилет, бирок, сынбайт” экен, акырында акталдым. Мен камалганда коомдук уюмдар абдан жакшы колдоо көрсөтүштү. Анан бүгүн алардын баарын агент деп жамандай берсек туура эмес болуп калат. Бейөкмөт уюмлдардын кээ бирлери билим берүү, саламаттыкты сактоо же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук көрүү жаатында иш алып барышат, бул үчүн Европа, Америкадан ири суммадагы гранттар келет. Ал турмак бюджетке да келет. Ошондуктан, ким өлкөгө жамандык жасап жатканын тактап алышыбыз керек. Менин оюмча, ошолорду жакшылап изилдеп, ким туура эмес маалымат таратып, мамлекетке, элге, каада-салтка каршы саясат жүргүзүп жатканын тактап, анан албетте, мыйзамдуу чараларды колдонуу керек. Жалпы жонунан баарын күнөөлүү дегенден алыш болуш зарыл. Жакшы жагын кабыл алып, жаман жагын кабыл албайлы.
- Мен сизди калыс пикир карманган чынчыл адам катары билем. Буга чейинки президенттердин тушунда чындыгыңызды тайсалдабай айтып келгенсиз. Садыр Жапаровдун президент катары ишмердүүлүгүн баштаганына бир жылдан ашты. Мурунку президенттерге салыштырмалуу бир жыл ичинде эмнелерди аткара алды, жасап жаткан иштерине кандай баа бересиз?
- Чынында, бүгүнкү күндө аткарылып жаткан жакшы иштер бар. Садыр Жапаров баш, Камчыбек Ташиев төш болуп, коррупция менен катуу күрөшүп жатышат. Коррупция менен күрөш мынчалык деңгээлде болгон эмес. Чындыкты айтыш керек, канча деген премьер-министр, канча деген министр, депутаттар, керек болсо эски досторун, санаалаш, партиялаштарын да аябай, коррупцияга аралашса жоопкерчиликке тартышып, мамлекет, эл үчүн деп абдан чоң кадамдарга барышууда. “Кумтөр” маселесинде да буйруса жакшы иштер жасалып жатат. Айыл чарбасына 30 жылда бул жылдагыдай көңүл бурулган эмес. Жаңылбасам 26 миллиард сом биринчи жолу бөлүндү. Спортко басым жасашууда, пенсияны көтөрөбүз дешти. “Калк айтса калп айтпайт” дейт, бирок “жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк” болбогондой эле, кемчиликтер да жок эмес. Ал - кадрдык саясат. Көрүп жатабыз, кадрлар туруксуз болууда, премьер-министр, мэрлер 2-3 айда алмашып кетүүдө. Кадр маселесине басым жасашса жакшы болот эле. Анан дагы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди чабыштырабыз деп олигархтар, кландар аракет кылып жатышат. Анткени, 30 жылдан бери мамлекеттин ырыскысын тоноп келген коррупционерлер, олигархтар экөөнүн жасап жаткан жакшы иштери өздөрүнө зыян келтирээрин билип жатышат. Алардын көбү 30 жыл бою тендерден миллиарддаган акчаларды жегендер. Коррупция менен катуу күрөш аларды бул “ырыскысынан” куру калтырат, ошондуктан экөөнүн ортосуна от жагып, өлкөнү дестабилизацияга алып келүүнү каалашат. Ошондуктан, абдан сак болушубуз керек. Мамлекетке тынчтык керек эмеспи. Өнүгүүлөр болуп жатат, бирок азырынча жетишсиз. Пандемияга байланыштуу инвесторлордун келиши азайды. Бул бир гана бизге эмес, дүйнө жүзүнө таандык көрүнүш. Бийлик эми аларды тартууга чечкиндүү аракеттерди жасашы керек. Бай өлкөлөр, ошол эле Европа өлкөлөрү, Америка канча бай болушса дагы, өнүгүүдөгү инвесторлордун ордун жакшы билишет. Ошон үчүн кадр тандоодо абдан дыкат мамиле жасоо зарыл.
- Коррупцияга каршы күрөш тууралуу айттып өттүңүз. Эл арасында “кустурация” бүтүп калды, баарын камап чыкты, эми эмне кылышат”- дегендей сөз болуп жатат. Ошондой эле, бийликтин чек ара боюнча жасаган иштерин сындагандар бар. Сиздин оюңузча, чек ара боюнча алып бараткан иш кандай уланыш керек, туура жолдо кетип баратабы жана коррупцияга каршы күрөштү дагы кантип улантса болот?
- Таза, айкын күрөшүү керек. Коррупция менен күрөш жүрүп жатканда, ачыгын айтайын, маалымат жеткиликтүү болбой алууда. Шаардагылар гана кабардар болушпаса, айылдагыларга жеткен жок. Бийлик бул жаатта маалыматтык саясатты күчөтсө жакшы болмок. Чынын айтыш керек, бир жылда көп иштер жасалды. Албетте, мамлекетибиз үчүн аздык кылат. Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири - маяналарды көбөйтүү. Анан бизнесмендерге басымды азайтыш керек. Мисалы, кээ бир мамлекеттерде бизнесмендер камалбайт. Аларды камаштын зарылчылдыгы жок. Камчыбек Ташиевдин да ушул багытта жасап жаткан иштери туура. Салыктан качкан, анысы менен мамлекетке зыян келтирген бизнесмендер ачыкталса, ошол сумманы төлөтүп алып, боштондукка чыгаруу керек дегенге кошулам. Мамлекет 30 жылда коррупцияга малынып калган. Бүгүнкү күндө жаңылбасам, коррупция боюнча дүйнөдө 148-орунда турат болушубуз керек.
Чек ара боюнча деле ушул маселе. Мен билгенден дүйнөдөгү бир да мамлекетте чек ара маселеси 100 пайыз жоюлган эмес. Мында эң биринчи акылдуулук, куулук, сабырдуулук жана дипломатиялык сапаттар керек. 30 жылда чечилбеген маселе бир жылда чечилип кетет дегенден алыс бололу. Керек болсо мындай маселе кылымдап чечилет. Бул маселеде эл менен кеңешүү зарыл. Анан дагы чек ара боюнча комиссиянын курамын тез-тезден алмаштыра бербесе жакшы болот эле. Мисалы, Индияда кайсы бир маселе боюнча комиссия түзүлгөндө мүчөлөр жөн чыгарылбайт, же ден соолугу жооп бербей калса же каза болсо гана чыгарылат. Дагы бир айта кетчү нерсе, чек ара маселесинде бул жаатты абдан жакшы билген адистер бар, аларды “сен оппозиция, сен бул жак”, - деп бөлбөй, баарын чогултуп, чечүүгө аракеттенүү керек. Бөлүнбөй, акыл калчап, эл менен кеңешип чечсек жаңылбайбыз.
- Ушул теманы улай: Мадумаров кол койгон чек ара боюнча протокол да ызы-чуу жараткан. Башкы прокуратура аны алешемдикке жол бергени үчүн жоопко тартуу керек деген пикирин билдирген. Бирок парламент колдобой койду... Сиз кандай ойлойсуз?
- Чынын айтыш керек, Мадумаров болобу же башкасы, протоколдор түзүлө берет. Сүйлөшүүгө барганда бул протоколду кабыл алабыз десе да болот, кабыл албайбыз деп түртүп койсо да болот. Экинчиден, чек ара маселесинде кайсы бир чечим кабыл алынганда алгач Жогорку Кеңештин кароосунан өтөт, андан кийин президент кол коет. Менин таң калганым, Курманкул Зулушев коркоктук кылды. Эл менен, саясатчылар менен сүйлөшүп калам, алар деле ушуну айтып жатышат. Мадумаровду жоопко тартуу боюнча ЖКга сунуштама жөнөткөндөн кийин депутаттарга өзү барса болмок. Тайсалдап, коркуп барбай коюп Садыр Жапаровду колдобогондой түр калтырды. Мадумаровдун күнөөсү бардыгына ишенсе, өзү жыйынга келип отурбайбы. Экинчиси, мыйзамды жакшы түшүнбөгөнү. Протокол боюнча биринчи “чыккынчылык” деп берене коюп, андан кийин алмаштырды. Бул кууланып президентке сокку урайын дегениби же мыйзамды билбегениби – ушул жагынан элге чоң бүдөмүк жаратып койду. Бул кызматтык кылмышка да жатат. Өтө шалаакылык. Туура эмес саясаттын негизинде күмөн ой пайда кылды.
- Жогоруда бийликтин кадр саясаты тууралуу айттыңыз, ошону улай Акылбек Жапаровду жакшы билет эмессизби, ал киши акыркы убакта элге өтө көп убада берип жатат. Ошол убадаларынын өтөөсүнө чыга алабы, колунан келеби, дарамети канчалык?
- Саясатчы катары айта турган болсом, өтө чоң амбициялуу долбоорлорду, бюджетти 300-400 миллиард сомго чыгарам деген чоң максаттарды алдына коюп алды. “Үмүтү жок шайтан” дейт, эгер Акылбек Жапаров чын эле ошого жеткирем десе, анда колдошубуз керек. А эгер элдин, президенттин башын айландырам деген куулугу болсо, бат эле билинип калат. Ооба, туура айтып жатат, пандемиядан экономика начарлап кетти, чек аралар жабылып, соода-сатык жакшы болбой, инвесторлор келбей калды. Ушундай оор учурда ККМ маселеси, салыктар боюнча шашып кеткенин эл айтып жатат. Мен Акылбек Жапаровду сыйлайм, бирок ККМди орнотуу өзүнүн демилгеси болгондон кийин, элге түшүндүрүү иштерине да өзү аралашса болмок. Президент элди аралабадыбы. Ал президенттик шайлоодо 85 пайыз элдин колдоосун алгандыктан, элге жакын болойун деп түшүндүрүү иштерин жасады. Эмнеге Акылбек Жапаров өзү барган жок?
Дагы бир маселе-– жер, 309-протокол жана ФПСтин 25 пайызы. Кыргызстан боюнча ФПСтин 270 миң гектар жери бар. Анын 100 миңдейин жарандар ижарага алып, салыгын төлөп иштетишет. Ар бирине жок эле дегенде 7 кишини кошкондо, 700 киши жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багууда. Эми ошонун баарын элден алып коюп, көп чырды баштап берет. Эл ансыз да кыйналып турат. Ооба, салык жаатын оңдойлу дегени туура, салык төлөгөндөр аз, жашырынып иштегендер көп. Муну баарыбыз билебиз. Бирок муну акырындык менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу баштаса болот эле.
Автоунаалардын айнектерин караңгылатуу чечими боюнча да ИИМ министринин мурдагы орун басары катары айтайын, бул болбойт. Караңгылатылган айнектин артында кандай иштер болуп жатканын кайдан билебиз. 100 сом табабыз деп 100 миң сомдук чыгым тартып калышыбыз мүмкүн.
- ИИМде орун басар болуп турганыңызда бир топ резонанстуу иштерди жасагансыз. Сурайын дегеним, бүгүнкү күндө ИИМдеги реформа солгун болуп жаткандай туюлат, кандай дейсиз?
- Дараметине жараша иштер болуп жатат. Албетте, реформа кылганга жараша ачык-айкын жасаш керек. Бул жаатта УКМКда абдан жакшы иштер жүрүүдө. 30 жыл ичинде бир дагы район, облустарга жанагыдай имараттар салынган эмес. Жакшы имараттар салынып, жакшы техника берилип, кызматкерлерге шарт түзүлсө, анан иш да алдыга жылат да. Камчыбек Ташиев УКМКга жетекчи болуп келгенден бери көрүнүктүү иштер көп болууда. ФСБ Академиясын ачканынын өзүн чоң реформалардын бири десек болот. Анткени, атайын кызматтын кадрларын өзүбүз даярдаган өтө туура. Ошондуктан, бүгүнкү күндө УКМК кадр маселесин дагы туура жолго кое алды десек болот. Камчыбек Ташиев ошондой эле, атайын кызматта мурда иштеген, бирок көралбастыктардын айынан иштен кеткен чыныгы профессионал кызматкерлерди кайрадан топтоп баштады. Кызматкерлерге үйлөр курулуп жатат, булардын баары стимул да. “Мамлекет бизге кам көрүп жатат, бизди унутпайт” деген түшүнүк пайда болот. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүп калсам, “Бизге президент менен УКМКнын төрагасы абдан дух берип, жакшы колдоп жатат”, - деп ыраазы болгондору көп. Албетте, кемчиликтер да жок эмес, эми аны акырындык менен оңдосо болот.
- Жеке өзүңүзгө байланыштуу суроо. Учурунда чындыкты айтканыңыз үчүн камашкан эле. Азыр Атамбаев менен мамилеңиз кандай, аны кечирдиңизби?
- Учурдан пайдаланып айта кетейин, учурдагы бийликтин тушунда биз акталдык. Мыйзам иштеп жатканынын бирден бир далили. Көп саясатчылар таза акталышты. Экинчиден, бүгүнкү күндө дагы саясатчыларды камабаш керек. Бири бирибиз менен кубалашып, бири бирибизди камап отургандын аягы жакшы бүтпөй турганын көрдүк. Баарын сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду да тегерегиндегилер “муну камаш керек, тигини жок кылыш керек”, - дегендей кеңеш айтып, туура эмес жолго салып жаткандай. Антип отурсак зэктердин өлкөсүнө айланып кетебиз. Эгер кайсы бир саясатчынын күнөөсү болсо мыйзам негизинде сот аркылуу жооп берсин. Президенттин дагы бир туура саясаты - Жогорку соттун төрагалыгына профессионал Замирбек Базарбековдун келиши болду. Бул кишинин маегин угуп калдым, айтып жатат: “Бир да сот отуруму жабык өтпөшү керек, баары ачык өтүп, аудио, видеого жаздырылышы керек”, - деп. Бул элге абдан жакшы ишеним тартуулады.
Атамбаев боюнча айтсам, мен ал кишини кечирдим. Кыргызда жакшы сөз бар го, “Аң казсаң терең каз, өзүң түшөсүң” деген. Бизди үй-бүлөбүздү, бир туугандарыбызды чыркыратып туруп мыйзамсыз камады эле, аягы эмне менен бүттү?
- Президент Садыр Жапаров куугунтукка кабылганда абдан колдогонсуз. Камчыбек Ташиевди да колдоп жүрдүңүз. Эми бийлик кызмат сунуштаган жокпу?
- “Сөз келгенде айтпасаң, атасы өлөт” дейт. Октябрь окуясында бул бийликти биринчилерден болуп мен колдоп чыктым. Элдин бакубат жашоосу, мамлекеттин тынчтыгы үчүн деп телеканалдарга барып, жакшы пикиримди билдирип жаттым. Депутаттарды чогултуп мамлекетке стабилдүүлүк керек, атышуулар болуп, балдар кызуу кандуулукка алдырып, дагы кан төгүүлөр болуп кетпесин деген тилек менен көп аракеттерди жасадык. Ошондон бери саясатчы катары колдоп келатамын. Кызмат берсе эл үчүн иштейбиз. Кызмат бербесе дагы мамлекеттин тынчтыгы үчүн колдоо көрсөтө беребиз. Мени чакырбай койду, кызмат бербей койду деген жеке таарынычтарды мамлекетке алмаштырбаш керек. Мен үчүн эң биринчи эл тынч болсо, экономикабыз өсүп-өнүксө - ошол жетишет. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен шайлоого бардым, саясатта чоң оюндар болот экен, анын баарына таарынбаш керек. Тизмеде турабыз, Кудайдын буйруган күнү депутат болуп келебиз. Ошондо ак кызмат кылабыз деп ишендирип кете алам. Чынында, бүгүнкү күндө коррупцияга аралашпаган саналуу гана саясатчылар калды.
Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити