«Мени коррупционер Темир Сариев баш болгон 2 президент жана 68 адам жасалма кылмыш иш токуп, депутат кезимде түнкү саат бирде үйүмө кол салып, алпарып камашкан. Эки башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Аида Салянова да бар» — деп билдирди саясатчы Карганбек Самаков. «Ошол кездеги бийлик 303 — деген берене менен камап, мыйзамсыз жер бөлүп берди деген күнөөнү коюшкан. Силердин колуңарда кызыл китеп бар, мунун эмнеси мыйзамсыз» —  деп айыл тургундарына кайрылды. Кечээ өзү өздөштүргөн Биримдик айылына салына турган мектептин пайдубалын түптөөгө катышып жатып, жердин документин расмий түрдө элге тапшырып берди. Биримдик айылындагы 2 гектарга жакын жерге 750 орундуу мектеп, 250 орундуу бала бакчанын курулушу президент тарабынан колго алынган.

Булак: Апта.кж