Экс-депутат Равшан Жээнбеков өзүнө таандык Next TV телеканалы жабылып, директору кармалгандан бери соцтармактарда УКМКны активдүү каралоодо. Ал бул ишке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптап, телеканал түз иштеп жатса эле, ак жерден күнөөлөп жаап салгандай түшүндүрүүгө аракеттенип жатат. 

 Равшан Жээнбековдун айтканына таянсак, телеканалдын тегерегиндеги чууну Камчыбек Ташиев жасап жатыптыр. Next TV объективдүүлүгү жана көз карандысыздыгы үчүн кысымга туш болуптур. Анын директору Таалай Дүйшембиевди камоо менен жалпы журналисттерге жана сөз эркиндигине басым жасалып жатыптыр. Кыскасы, экс-депутат өздөрүнөн кеткен катаны башкаларга оодарып, кемчилигинен баатырдыкты жаратуунун айласын издеп жатат. 

Аталган телеканал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин билдирүүсүнө шилтеме кылып, Кыргызстан Россияга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимге барганы тууралуу маалыматты жарыялаган. Мындай маалымат азыркы чыңалып турган кырдаалда өлкөнүн абройуна, ошол эле кезекте ар кайсы өлкөлөрдө иштеп жүргөн миңдеген кыргыз жарандарынын коопсуздугуна залакасын тийгизээрин өзүн саясатчымын деп эсептеген Равшан Жээнбеков кантип билбей калсын. Телеканалдын директору так ушул улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айыпталып, 48 саатка камакка алынды. Анын күнөөсүн сот аныктайт жана кандай жоопкерчиликке тартылаарын да сот чечет. 

Равшан Жээнбековдун батышчыл саясатчы экени баарына маалым. Ал көп аракети менен мекенин эмес, акчаны бийик коерун далилдеп койгон. Ал ээлик кылган телеканал да көп жылдан бери батышчыл көз карашты кыргыз жерине таңуулоо саясатын жүргүзүп келет. Анан ушундай багытты карманган саясатчынын сөз эркиндиги тууралуу кеп кылууга моралдык укугу барбы? Камчыбек Ташиев учурда Баткен жергесинде мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү үчүн жүргөнүнөн дайыма соцтармактан түшпөгөн саясатчы кабардар болсо керек. Телеканалы кетирген одоно катаны билип туруп да, Ташиевге асылганы таң калыштуу.  Коомчулуктун да акыл-эси, көзү бар, кимдин эмне иш менен алектенип жатканын жакшы билет. Жээнбековдун максаты менен Ташиевдин ниетин жаап-жашыруу мүмкүн эмес. Биринчиси, мекен, эл, жер деген боор толгоодон алыс, өз кызыкчылыгынын гана кулу болгон саясатчы, а экинчиси, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон инсан. "Алыбай алына жараша" дегендей, Жээнбеков атаандаша турган адамын туура тандап алсын.