- Исмаил Исаковдун бүгүн кокусунан чек ара боюнча эксперт болуп чыга калды. Анын айткандарына ишенесизби? 

- Исаковдун көз карашы, түшүнүгү, саясый деңгээлине өткөн окуяларда, мисалы 1999-жылы душмандар Баткен районуна кол салганда күбө болгонбуз. Кыргыз армиясынын жетекчилеринин профессионалдык деңгээли кандай экенин жакындан билдик го. Ошондо 52 аскерибизди душмандар атып салган. Армиянын жетекчилери иштен айдалган.

- Мамат агай, Адахан Мадумаровго чыккынчылык беренеси менен иш козголуптур. Ал кол койгон протоколду жокко чыгарыш үчүн бийлик ушул жолго барууга аргасыз болдубу? 

- Кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин жерин саткан адам чыккынчы катары каралып, жазаланышы керек.
Качан Төрт-Көчө менен Көк-Таш айылынын ортосундагы жер Кыргыз мамлекетинин территориясы деп аныкталганда гана протокол жокко чыгат.

- Бирок, Мадумаровдон күнөөсү чоң Жеңиш Раззаковго неге кылмыш иши козголбойт? Кыргыздын жерин тажиктердин жери дедирип күчкө салып, кол койдурган дегендер чекеден чыгат го? 

- Раззаковдун күнөөсү Мадумаровдукунан кем эмес. Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел жана башка Тажикстан менен чектеш Баткен районунун айылдарынын эли менен, прокуратура, ички иштер министри изилдеп, текшерип чыкса, Раззаковдун күнөөсү толугу менен аныкталат. Андан башка, анын күнөөсү Ак-Сай эли ворухтуктарды тоскондо, тоскон элди аттырган.