- Баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жолдоду. Адахан Мадумаровду чек ара чырына себеп болгон протоколду жокко чыгаруу үчүн камаганы атабы? 

- Протокол юридикалык күчкө ээ эмес болсо, эмне үчүн кол коюп жүрөт. Тажиктер тумшугунун түбүнө кагаз алып келсе, ойлонбой кол коё бергидей Мадумаров жинди эмес. Бул жерде чоң акчанын жыты келип жатат. Илгери Мадумаров шайлоолордон акча жасайт деген имиштерди угуп калчубуз. Ал кезде андай сөздөргө көңүл бөлүп ишенген эмеспиз. 

Бирок 2020-жылы бузулуп кеткен парламенттик шайлоонун алдынан Мадумаров Атамбаевдин артын аарчый албаган Кадыры, Атамбаевдин "өгөй" баласы Темирлан ыйлаактар менен бир кафеде жашыруун жолуккан видеону көргөндөн бери, ошол сөздөр жөн чыкпаган экен деп ойлоп калдым. Болбосо, Мадумаровдун бул чычкактар менен кандай иши бар? Анын үстүнө, 5-октябрда тополоң башталып, бийлик кулаганда Мадумаров Сапар, Зилалиев, Бабанов, Казакпаев, а түгүл Улан Үсөйүндөр менен катар туруп ак үйдүн ичинде сүрөткө түшкөнүн көрүп, Мадумаровдун аппакмын деп карганганы жөн эле куру сөз экен деген ойго келдим. 

Тажиктер үчүн ошол протокол күчкө ээ болсо, анда биз үчүн да ошондой болуш керек. Демек, койгон колу үчүн жооп берсин. 
Юридикалык күчкө ээ эмес деп кыйкырганыбыз, биздин сабатсыздыгыбыз болуп калат. 

Андан көрө Мадумаровду жазага тартып, тажиктерге "Мадумаров Кыргызстанга ошол колу менен чыккынчылык кылган, биз аны жоопко тарттык" дешибиз керек. Мына, ошондо ошол протокол эч кандай күчкө ээ эмес, так айтканда кылмыштуу протокол болуп калат. Биздин өлкө кылмыштуу протоколдогу жазылган чечимдерди тааныбайбыз деп туңгуюктан чыгабыз.