- Президент Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине туура бир жыл болуптур. Мамлекет башчысынын бул жылдагы ишмердүүлүгүнө кандай баа бере аласыз?
- Садыр Жапаров президент болгон бир жылда эле “Кумтөрдү” Кыргызстанга кайтарды. Бул бир. Экинчиси - Жогорку Кеңешке таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүп берди.
Үчүнчүсү, колунда жокторго жардам берип жатат. Ошол эле 110 миң абонентке электротарифти 50 тыйындан бекиттирди.
Төртүнчүсү, социалдык экономикалык саясый кризиске карабай өлкөнү башкарып, бюджетти профицит менен чыгарды.
Бешинчиси, эң маанилүүсү - Баткен облусуна өзгөчө статусун бекитти.
Алтынчысы, бир жылда көп саботаж болуп атты, ар кайсы экономикалык тармактарда, ошол эле көмүр маселесин чечип берди.
Жетинчи, Садыр Жапаровго чейин Токтогул суу сактагычындагы чогулган сууну сактаганга аракет кылып, коңшу мамлекеттердин башчылары менен сүйлөшүп, электроэнергия алып, абалды катастрофадан сактап калды.
Сегизинчи, көп долбоорлор ишке ашырылганы турат. Дагы башка көп жакшылыктарды байкасак болот.
Эми кемчиликтерин дагы айтып кетпесек болбойт. Биринчиси, Президентке сунуштар көп болуп атат тегеректеп жүргөндөрдөн. Бирок долбоорлордун көбү аткарылбайт. Биринчи кезекте кура турган обьектерди жарандар эмес, мамлекеттик системалык органдар айтыш керек. Мисалы, Экономика министрлиги баарын анализдеп, эсептеп, пландаштырып, экономикада стратегия менен алек болушу керек. Каржы министрлиги - тактика менен алек болушу керек. Бирок Кыргызстанда башкача. Айтайын дегеним, Экономика министрлиги тактика менен, Каржы министрлиги стратегияны түзүп келет, тилекке каршы. Ошон үчүн башаламандык болуп, маанилүү эмес долбоорлор каралып, Каржы министрлигине баары бир каражатты эски адаты менен акчаны сындырып ала турган жерлерге жумшайт. Мисалы, Камбар-Ата-2 ни бүтүрбөй, Камбар-Ата-1ге миллиондорду сарптайбыз дейт Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Энергетика министри. Акылбек Жапаров КамбарАта-2ни жардырууну башкарган (кемчиликтери толтура, плотинанын күчүн текшериш керек, специалистер жардыруу туура эмес болгон дешет). ТЭО, ПСД (проект), жардыруу курулуштан каражат уурдалган, 2 гидроагрегат коюш эле калды, уурдала турган каражат мурун уурдалган. Бизге азыр, кечээ керек болчу чоң көлөмдөгү кубаттуулук, 15 жылда курула турган, же көйгөйдү чечпеген ГЭСтер менен, шамал, күн, электростанциялар менен президенттин башын айлантып убакытты уттуруп жатышат. Мамлекеттик маанилүү, стратегиялык долбоорлор каралбай калып атат. Ошон үчүн стратегияны Экономика министрлигине бериш керек. Кыскасы системалык түрдө иш алып барыш керек, ар кайсы алдамчыларга ишенбей, элге мамлекеттин, өлкөнүн бара турган, өнүгө турган, коопсуздугун бекемдей турган, саясий экономика өнүгө турган жолду көрсөтүш керек. Антпесек, дүйнөдө болуп аткан кризисти, өзгөрүүлөрдү эске албай сазга отуруп калбашыбыз керек. Негизи Садыр Жапаровдун элге, мамлекетке жасай турган жакшылыктарды дагы алдыда деп ойлойм. Ишеним жана жардам беришибиз керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити