- Самсаалы мырза, аз жерден биздин музыкантты да террорист кылып коё жаздашты. Эмне максат менен кылышты деп ойлойсуз?         

- Викрам Рузахуновдун Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар экенине эч ким ишенбейт. Бул жорук Токаев башында турган казак бийлигинин жеткен акмакчылыгы. Өз элин азытып - тозутуп алып, анан эли нааразычылыкка чыкса, аларды “террорист” деп кууп аттырып аткан Токаев жеткен акмакчылыкка барды. Өз элин кырып, анысы аз келгенсип боордош кыргыз элине да көө жапкысы бар. Токаевдин арам ою ишке ашпайт. Биз, кыргыздар ага жол бербейбиз. Ар бир жараныбызды коргоп алабыз!