“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Казакстандагы соңку окуялардан улам, кайрылуу жасады:

- Казакстанда болуп жаткан окуялар ар бирибизди ойлонтуп, көңүл борборунда турат. Мен боордош казак элинин башына түшкөн оор сыноону татыктуу жеңип чыга аларына ишенем. Бийлик менен эл бир пикирге келиши керек. Казак жергесинде тынчтык болушун тилейм!

Ушу тапта, казак жергесинде болуп жаткан окуялардан улам, Кыргызстанда дагы базар баалары өсө тургандыгы айтылып жатат. Айрыкча, коңшулаш мамлекеттен келип жаткан унга, майга ж.б. азык-түлүк продукцияларына баанын кескин өсө тургандыгын айтып, элдин кулагын көндүрүүгө өтүштү. Мен так кесе айтып коюшум керек, азыркы тапта бааларды көтөрүүгө эч кандай негиз жок. Казакстандагы окуяларды шылтоолоп, базар бааларын көтөрүү – таптаза кызыл кулактык болуп эсептелет.

Ушундан улам, мен Кыргызстанда азык-түлүк менен иш алып барган компаниялардын жетекчилерине кайрылып кетем. Өз элиңердин патриоту, мекенчил болгула. Элди ойлогула! Анча-мынча пайда үчүн элге кыянаттык кылсаңар, бул Кудайга да жакпаган иш.