- УКМК тарабынан былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкан айрым адамдар камакка алынып, бул жаатта дагы ачылыштар болору айтылууда. Бул аракети менен бийлик алдыдагы парламенттик жарышты таза өткөзүүгө бел байлап жатабы?

- Албетте, ошолорду камакка алганы жакшы болду. Алганда дагы тим эле жарым миллион, 300 миң, 500 миң доллардан жешиптир го. Ошолорду азыртан камап, 28-ноябрда болчу шайлоого алдын алып, профилактика кылып чара көрбөсө, албетте, улана берет. УКМКнын бул аракетин абдан колдойм, эл да колдошу керек деген ойдомун.

- Бийликтин “Кумтөр” кенин кайтарып алуу аракети биринчи каршылыкка тушукту. Ошондон улам, айрым өзүбүздүн эле жарандардан терс реакция жаралууда. Сиз Садыр Жапаровдун “Кумтөр” боюнча баштаган иштеринин аягына чыгарарына ишенесизби?

- Азыркы бийликтин катачылыгы - эскилерди жазалабай ордуна калтырып койгону болууда. А эски бийликтен калгандар үлүш алып көнүп калган. Демек, алар тымызын тоскоолдук жарата берет. Ошондуктан, люстрация мыйзамын кабыл алып, эскилерди кетирип, бийликке жаңыларды алып келиш керек. Антпесе Садыр Жапаровдун коррупция менен күрөшкөн аракети, Кыргызстанды өнүктүрөм, чиеленишкен маселелерди чечем деген эмгеги жокко чыгып, жасайм деген жакшы иштери ишке ашпай, президенттик мөөнөтү бүтүп калат.

- Төртүнчү төңкөрүштү айткандар болууда. Алардын максаты эмнеде, шайлоону шылтоолоп бийликти басып алуубу? Деги эле кайрадан төңкөрүш боло тургандай кырдаал барбы?

- Албетте, бар. Бийлигин тарттырып жиберип ыза болуп жаткандар же болбосо чоң кызматка отура калам деген ичиндеги бугу барлар. Ошондой эле президенттик шайлоодо утулуп калган талапкерлер ыңгайлуу учурду, бийликтин жаңылыштыгын  күтүп,  буктурманы аңдып турган кези. Булар тынчыбай бир топко чейин былгый берет. Андыктан Туйгуналы Абдраимовго окшогондордун бир тобун жоопкерчиликке тарта баштаганы туура болду.

Булак: “Майдан. kg” гезити