7-апрель, Ош коогалаңы иликтенеби, токтоп турабы, ушул бойдон жым болуп жабылып калабы, бирок ага карабастан Отунбаева саясатка кайра келишке моралдык жактан да, мыйзам түрүндө да, адамгерчилик тараптан да акысы жок. Мындай пикирин жарандык активист Шаамырза Бөрүкулов "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясына жана 7-апрелдеги аянттагы адамдардын өлүмүнө Роза Отунбаеванын күнөөсү бар деп жөн эле айтып коюш, бул болуп өткөн окуяларды бурмалагандык, анын кылмышын жеңилдетүүгө болгон аракетке окшоп калат. Ошондогу адамдардын каны суудай аккан каргашага Отунбаева, Атамбаев, Текебаевдер эң башкы күнөөкөрлөр. Башка жактан күнөөлүү адам издештин кереги жок. Туура, Орусиянын да кыйыр тиешеси бар. Бирок биз аларды эч качан айыпка жыга албайбыз. Алар багыт көрсөтүп, алакуш салып, керек жерде УӨнүн "шакалдарынын" чырагына май тамызып коюп, сырттан тамаша кылып турушкан көрүүчүлөр деп койсок адашпайбыз. Ошон үчүн Отунбаева "кара жашикти ачпагыла, ачсаңар жаман болот" деп доого  урунуп, а түгүл шантаж кылып жатпайбы. Себеби, акыйкат ачыкка толук чыга турган болсо, орустун падышасынын да башы көрүнүп калышы мүмкүн. Бул нерсе мамлекеттер аралык мамилеге катуу сокку болот. Анын үстүнө, Орусияда иштеп жаткан миллиондогон эмгек мигранттардын тагдырын эч убакта унутпашыбыз керек. Орусия менен теңтайлаша турган өлкө биз эмес. Орустардын көзүн карап, кареги менен тең айланып калганыбызга да 30 жылдан берки биздин эл башкарган акмактар күнөөлүү. Бакиевден башкасы. Бакиев орустардан кеңеш сурабай өлкөнү өз алдынча башкарган. Буга бир мисал: Американын базасын чыгарбай койгону. Бакиев деле бир күн келип чыгарат болчу, бирок тигилердин көрсөтмөсү, буйругу менен эмес, өз чечими менен чыгарат эле. 

Ал эми Атамбаев эмне үчүн Путинди көргөндө "досум" деп баса жыгылып калат? Себеби, Путин жат десе жатып, тур десе кадимки эле немецтин солдатындай чыкыйып туруп берчү эле да. 

Бирок мен жогоруда айткандай, Орусияны күнөөлөй албайбыз. Себеби, бар кылгылыкты кылышкандар, "бөрк эле алып койгула" десе, миңдеген карапайым адамдардын башын алгандар Отунбаева, Атамбаев, Текебаев болуп жатпайбы. Орус келип аянтта адамдарды аткан жок. Отунбаева команда берип аттырды. Кадыржан Батыровду  кабылдамасына бир нече жолу чакырып: "беш алты кеңкелес кыргыз өлсө эч нерсе болбойт, согушту баштай бер", -  дешип Атамбаев менен ушул Отунбаева баштап беришкен. 

Түштүк согушу деле баары бир күн иликтенет. Бир убактарда Атамбаев: "Өзбектердин армиясы күчтүү, аларга теңеле албайбыз. Болжол менен үч- төрт жылда Каримов өлөт. Мына ошондон кийин чек ара маселеси чечилет", - деп эсибизди оодаргандай, мүмкүн Ош коогалаңы бир убактарда Путин "чикигалактика" болгондо чечилет деп жүрүшкөндүр. 

Ошондуктан, 7-апрель, Ош коогалаңы иликтенеби, токтоп турабы, ушул бойдон жым болуп жабылып калабы, бирок ага карабастан Отунбаева саясатка кайра келишке моралдык жактан да, мыйзам түрүндө да, адамгерчилик тараптан да акысы жок. Атууга кете турган: Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдерди ансыз деле чолчоңдотуп алып жүрөбүз. Булар атылып, сөөгү алда качан сөпөт болуп, а түгүл эсибизден эчак эле чыгып кетиши керек эле. Биз болсок: "Отунбаеванын кайра саясатка келишине кандай карайсыз" деген келесоо суроолор менен баш оорутуп жүрөбүз. 

Булар азырынча Путиндин богуна тайгаланып жүрүшөт. Кудай буюрса, бутубузга туруп алсак, Садыр Жапаровдун Бакиевдей болуп өлкө башкарышына шегим жок. Баары бир, бир күн Ош коогалаңы иликтенип, Отунбаеваны түрмөнүн төрүнөн көрө турган күндөр келет.  Кудайым ошол күндөргө жеткирсин баарыбызды.