Бишкек, «Саясат. kg». Республика боюнча шайлоочулардын катышуусунун эң аз пайызы Чүй облусунда болууда.

 

Учурда шайлоого келгендердин саны 6,2 пайызды түздү.

 

Эң аз пайыз Чүй облусунда байкалууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 7,3 пайызды түздү, ал эми Ысык-Көлдө шайлоочулардын 6,3 пайызы келди, Нарында 6,2, Таласта 7,4 пайызга жетти. Ош жана Жалал-Абад облустарында 6,8 пайыз шайлоочулар катышышты. А Баткенде шайлоочулардын 7 пайызы добуш беришти.

 

Чүй облусунда болгону 2,5 пайыз шайлоочулар добуш беришип, эң аз көрсөткүчтү карманышууда.