Атың чыкпаса, жер өрттө... 

 

“Кедейкан” деген кенже эпосту окудуӊар беле. Ошондо башкы каарман Кедейкан Азимкан аттуу ханды алдап туруп бийлигин алып, андан соӊ катынын кошо тартып алат. Акыры Азимканды зынданга салат. Элге көргүлүктү көргөзөт. Бүгүн да так ошол Кедейканчасынан хан болгуча убадага тойгузгандар четтен чыгууда.

 

Алсак, президенттикке талапкер Арсланбек Малиев эл менен Караколдун базарында болгон жолугушууда карапайым элди алдаш, сатып алыш, коркутуш оңой экенине токтолду. Ошондой эле “жаңы жашоого, жаңы багытта, адилеттүү коомдо жашагыӊар келсе, мени шайлагыла. Мен айлык албайм, резиденцияга жашабайм, айдоочунун кызматын көрбөйм. Иш бөлмөмдө отура бербейм. Эл менен тез-тез жолугуп, маселени жеринде чечем, курултайда отчёт берем”,- десе болобу. Дегеле, ажо болуш үчүн эмнеге ашыгып атышат? Же өлкөдөгү көйгөйдү чечиш үчүн сөзсүз ажо болуш керекпи? Арийне, Башмыйзамыбыз боюнча президент өлкөнүн тышкы саясатын аныктап, ошол жаатта алектенет эмеспи. Ички проблеманы чечиш үчүн Өкмөт башчы болуу керек эле го. Айтор, өздөрү эмнени айтып атканын түшүнө албагандар хан болгусу келип жаткандай…

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №46 (324), 10.10.2017-ж.