Шайлоонун шайтан оюндары 

 

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаевдин аты аталган чуулгандуу видео тасма уюшма кылмыш топтор жана алардын саясатка аралашканы боюнча коомчулукта талкуу-талашты жандантты. Атайын кызмат “шайлоодон кийин калайман башаламандык уюштурганы жаткан” деген шек менен Исаев менен кошо уюшма кылмыш топтун айрым мүчөлөрү камалганын кабарлады. Исаевдин өнөктөшү, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов муну каралоо деп атап жатат.

 

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин аты аталган чуулгандуу видеосу атайын кызматтын колунан келген деген дооматты четке какты. Ал кылмыш топтордун айрым лидерлери шайлоого карата абактан атайын бошотулган деген сөздөрдү негизсиз деп билдирди: “Тилекке каршы, биздин кээ бир саясатчыларыбыз, уюшкан кылмыш топтордун кээ бир өкүлдөрүн саясатка тартып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонууга аракеттенип жатканы ачыкка чыгып калды. Бул маселе боюнча Башкы прокуратура өз баасын берди. Тергөө иштери жүргүзүлөт. Ушунун негизинде өзүнчө жыйынтык да чыгарылат. Ал боюнча да иш алып барабыз. Кримтөбөлдөрдүн сот чечими менен боштондукка чыгышы коомчулукту кооптондурбай койбойт. Биздин укук коргоо органдары соттун мындай чечимдерине макул болбой апелляциялык арыз берген. Коомчулукта кимдир бирөөлөр атайлап эле ушак сөздөрдү таратып жатат. Алардын бошогонун шайлоого, саясатка байланыштырып жатышат. Эгерде бул шайлоого же саясатка байланышкан иш болсо, анда жыйынтыгы башкача болмок. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары кайра апелляцияга берип бул ишти жылдырууда. Бийлик кримтөбөлдөрдү колдонуп жатат деген сөздөр чындыкка жатпайт. Тескерисинче, соңку окуялардан кийин аларды саясатка ким пайдаланып жатканы элге ачык-айкын болуп калды окшойт”.

Темир Жумакадыров өкмөттө уюшкан кылмыш топторго каршы күрөш, анын алдын алуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып бүтүп калганын белгиледи. Жалпысынан "караларга" каршы күрөштү канааттандырлык деп баалады.

 

Бул маселе Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде бир канча жолу талкууланган жана өкмөттүн ишине бир топ доомат-сын айтылган.

 

Аталган комитеттин төрагасы, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөткө берилген тапшырмалар боюнча жакында отчет алынарын маалымдады: “Сентябрь айынын аягында уюшкан кылмыштуу топтордун аракетине бөгөт коюу боюнча токтомдун аткарылышы боюнча өкмөткө кат жөнөттүк. Биз ал жерде катуу талаптарды койгонбуз. Азыр депутаттар шайлоочулар менен жолугуу үчүн тарап кетти. Комитеттин кийинки жыйынында ИИМден уюшма кылмыш топторго каршы күрөш боюнча отчет алабыз. Азыр уюшкан кылмыш топтордун, алардын анабашчыларынын кимге иштеп жатканы ачыкка чыгып жатат. Алар шайлоого ачык эле аралашып жатат деген маалыматтар бар”.

 

Деген менен соңку видео тасмага байланыштуу бир топ суроо жаралды. Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев уюшма кылмыш топторду пайдануунун кесепети оор болорун эскертти: “Криминалдын өкүлдөрүн шайлоого пайдалануу бул опурталдуу нерсе. Бул жерде шектүү жагдайлар көп болуп жатат. Тасмадан сүйлөшкөндөрүн уктук, көрдүк. Бирөө экинчисинен "ыңкылапка катышабы, антип атабы, минтип атабы" дегендей тамырын тарткан суроолорду берип жатпайбы. Ал жерде кимиси криминал, кимиси атайын кызматтын өкүлү экени белгисиз. Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири - бул кылмыштуулукка каршы күрөшүү, уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн аныктап, аларды тизмеге алып, кылмыш кылса жоопко тартуу. Бул жерде болсо тескерисинче аларды пайдалангандай болуп жатпайбы. Бул өтө опурталдуу көрүнүш”.

 

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев кыргыз саясатында, айрыкча шайлоо маалында “караларды” пайдалануу кадимки көрүнүшкө айланып калды деген пикирде: “Ар бир шайлоодо эле оппозициядан болобу же бийликтенби, айтор кайсы бир талапкердин уюшма кылмыш топторду пайдаланганы байкалат. Азыркы шайлоодо да ошондой болуп жатат. Кримтөбөлдөр далил жетишсиздигинен, мыйзамдардын чийкилигинен бошоп кетүүдө. Эгер бизде дагы Гурзиядагыдай "вор в законе", "положенец", же "смотрящий" деп макамы аныкталганда күч органдары аларды бошото алмак эмес. Мисалы, Грузияда "мыйзамдагы уурусуңбу?" деп сураганда "ооба" деп жооп берсе он жылга кесилет. Аны сот дагы бошото албайт. Эгер жок дей турган болсо анда ал кайра кылмыш дүйнөсүнө бара албай калат. Ошондуктан Грузияда алар түрмөдө жатат”.

 

Уюшма кылмыш топтор боюнча соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо сөз болгон. Ага чейин “каралар” менен алака-катышы бар деген Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын аттары да аталган болчу.

 

Элеонора Бейшенбек кызы

Булак: “Азаттык”