Бишкек, «Саясат. kg». Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусу

 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусу

 

 Алдыдагы  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун босогосунда Бишкек шаарынын 234 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоонун   зарылчылыгы  келип чыкты.  

 

Ушуга байланыштуу резервди толуктоо максатында  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүүнү жарыялайт. 

 

УШКтин резервине  талапкерлерди көрсөтүүдө, жарандардын өздөрүнүн макулдугу болуусу керек, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли, шайлоо комиссияларында иштөө тажрыйбасы, ошондой эле кесипкөйлүк жана өздүк сапаты эске алынат.

 

Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө талапкер тиешелүү элдик  аймакта жашоосу керек экенин эске алынуусу зарыл.

 

  Жарандардын жыйынынан, коомдук бирикмелерден шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдорго жыйындын төрагасынын жана катчынын колу коюлушу зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.

 

Жогорку документтерге:

 

-Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактаган милдеттенме жана шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөөгө макулдугу боюнча арыз;

 

- паспорттун көчүрмөсү;

 

-иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

-байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почтасы тиркелиши зарыл.

 

Жарандардын жыйынынан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча Поротоколдор  2017-жылдын 16-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.

 

Сурап-билүү телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 0 (312) 62 58 14 


Бишкек АШК 0 (312) 36 03 32.