Бишкек, «Саясат. kg». БШК үчүнчү талапкерди каттоодон өткөрдү.
БШК бүгүн Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин дагы бирин каттоодон өткөрдү. Расмий каттоодон үчүнчү болуп Сооронбай Жээнбеков өттү.
Учурда өлкөнүн премьер-министрлик кызматын ээлеп турган талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн кызматынан кетүү үчүн арызын тапшырат деп күтүлүүдө.
Шайлоого КСДП партиясынын атынан бараткан талапкер мамлекеттик тилден тапшырган сынакта 94төн ашык балл алган. Кол топтоодо жалпысынан БШКга 50 миң кол тапшырып, анын 45,9 миңи жарактуу деп табылган.