Бишкек, «Саясат. kg». Бишкектин биринчи вице-мэри, президенттикке талапкер Эрнис Зарлыков кыргыз тилинен 60,16 балл алды.
Бишкектин биринчи вице-мэри, президенттикке талапкер Эрнис Зарлыков кыргыз тилинен 60,16 балл алды.
Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Эрнис Зарлыков сынакты бүгүн тапшырган жана жогору белгиленгендей балл алган.
Тил сынагынын шарты боюнча талапкер 60тан ылдый балл алса, өтпөй калганынын белгиси.