Бишкек, "САЯСАТ.KG". Токмок шаарында болгон жол кырсыгынан төрт жаштагы кыз чарчап калды.

Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык 8-январда болгон. 61 жаштагы айдоочу “Фолксваген-Поло” үлгүсүндөгү автоунаа менен Токмоктун Шамшы көчөсү менен түндүктөн түштүктү карай баратып, рулга ээ боло албай, өтмөктөн 27 жаштагы келинди кызы менен сүзүп кеткен. Төрт жаштагы кыз окуя болгон жерден чарчап калган.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган.

Булак: Азаттык