Бишкекте 72 жаштагы карыянын өлүмүнө шектүү кармалды.
Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-декабрда 72 жаштагы карыя ур-сокку жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ал эки күндөн кийин көз жумган.
Аталган факт боюнча «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы жаран (О.А.) кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.