Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус жолдон өтүп бара жаткан кызды коюп кетти.

Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу каза болуп калганын Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн 7-октябрда саат 10:00 чамасында "Зонг-Тонг" автобусу Чүй көчөсү менен чыгышты көздөй баратып жөө өтмөктөн кызды сүзүп кеткен. Рулда 1964-жылы туулган Д.К. аттуу айдоочу болгон.

Жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттары менен Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө түштү. Тилекке каршы, 2006-жылы туулган Б.Х. алган жаракаттарынан улам кайтыш болду.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык экспертизалар дайындалды. Автобус айып короосуна токтотулуп, тергөө уланууда дешти башкармалыктан.

Булак: kaktus.kg