Бүгүн "Ата-Журт" жана "Республика" партиялары бириккенин жарыялады.
 
Бүгүн Опера жана балет театрында өткөн биргелешкен курултайда жаңы партиянын аталышы да белгилүү болду. Эки саясий партиянын мүчөлөрү “Республика Ата Журт” деген аталыштагы жаңы саясий партия түзүлгөнүн расмий жарыялашты. 
 
“Ата журт” жана “Республика” партияларынын биргелешкен курултайында Өмүрбек Бабанов учурдагы башкаруу системасын алмаштыруу зарыл болуп турганын айтты. Анын оюнча мамлекет президенттик-парламенттик башкарууга өтүшү керек. Азыркы парламенттик бийликте эч ким жоопкерчиликти мойнуна албай жатканын кошумчалаган Бабанов:
 
- Өкмөттүн ишине Жогорку Кеңеш кийлигишүүдө. Өкмөт иштей албай калды. Президент эле иштеп жатат,- деди.
 
Ал эми Камчыбек Ташиев курултайда сүйлөп жатып, буларды белгиледи.
 
- Бийлик оппозицияны радикалдашууга алып барбашы керек. Өлкөнүн бир катар тармактары кризиске батып турган кезде  бийлик да, опозиция да кызматташууга барышы зарыл.  Бул биригүү саясатчылардын эмес, саясий күчтөрдүн биригүүсү. 
 
ЭКИ ПАРТИЯНЫ ЭМНЕ БИРИКТИРҮҮДӨ?
 
Кыргызстандагы башка саясий партиялар да шайлоо жакындаганы жандана баштады. Бул кырдаалга байланыштуу саясат таануучу Аалыбек Акунов "Азаттыктын" таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.
 
- Кыргызстанда парламенттик шайлоого бир жылдай убакыт бар. Бирок саясий партиялар буга азыртан эле даярдык көрө баштаганы байкалууда. Сиздин оюңузча, "Ата-Журт" менен "Республика" партиясын кандай максат бириктирүүдө?
 
- Бул эки партия тең азыр бийликте, парламентте фракциялары бар. Эми алыстан караганда, азыр биригип жатышы  - кийинки парламенттик шайлоодо кайрадан жеңип келүү максатын көздөп жатканы айдан ачык. Ошол максатка жетүү үчүн биригип жатат деп бүтүм чыгарсак туура болот.
 
- Бул эки партия тең шайлоого өз алдынча барса өтпөй каларын сезип жатабы?
 
- Балким ошону сезип жатышат. Анткени азыр бул партиялардын абалы анча деле жакшы эмес. Экинчи жагынан, бириккен партиялардын шансы көбүрөөк болот, муну да ойлоп жатышса керек.
 
- Биригүү менен булар өлкөдө чоң бир саясий күчкө айлана алабы, ошого дарамети жетеби?
 
- Эми буга алдын-ала баа берүү кыйын. Бирок мүмкүнчүлүгү көп дегенге караганда дарамети азыраак дегенге негиздер көбүрөөк. Анткени бул эки партия тең бийликте. Учурунда башкаруучу коалицияны түзүп, “Ата-Журттан” Акматбек Келдибеков спикер, “Республикадан” Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турду. Кандай иштегенин эл көрдү, анан алар кызматтан кеткенден кийин балыктай болуп таптакыр унчукпай, коңулга кирип кетишти. Шайлоонун алдындагы убадаларынын көпчүлүгүн аткарган жок.
 
Андан бери деле коомдогу кайсы бир курч, көйгөйлүү маселелер боюнча да үн катпай келатышат. Ушулардын баарын анализдеп көрсөк, бул эки партиянын тең кийинки шайлоодо алдыга чыгууга шанстары өтө эле төмөн. Балким ошол үчүн да биригип жатышкандыр...
 
- Бул эки партия тең, айрыкча "Республика" өткөн шайлоодо опол тоодой убадалар менен шайланып келген. Сиз айткандай, экөө тең башкаруучу коалицияда туруп, а түгүл "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөттү да башкарып турду. Бирок ошого карабай элге берген убадалардын көбүн аткарышкан жок. Эми кайра шайлоого барса кандай болот, элдин партияларга баа берүүдө, аны тандоодо аң-сезими өстүбү?
 
- Албетте өстү. Мына ушул эки партиянын да биригип алып, шайлоого бир жыл калганда эртелеп жолго чыгып, даярданып жатышы да парламентке келиш үчүн элдин ишенимине ээ болуш керек, мыйзам чегинде иштеш керек экен дегенден кабар берет. Бул абдан жакшы жышаан.
 
Партиялар өзүнүн курамы, иши, максат-мүдөөсү жана мурдагы убадаларынын канчасы аткарылып, канчасы аткарылбаганы тууралуу канчалык элге эрте маалымат берип турса, шайлоочулардын тандоосу да тагыраак болот. Бул абдан жакшы демократиялык көрүнүш. 2010-жылы бат эле ары-бери болбодукпу, 2007-жылы да бир айда эле шайлоо болуп кетпеди беле.
 
- Партиялардын биригиши, ирилешүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиздин баамыңызда, алдыда дагы кайсы партиялар биригиши мүмкүн?
 
- Азыркы кырдаалга абай салсак, бийликте жок айрым партиялар да катуу иштей баштады, балким булар да биригиши мүмкүн. Бийликтеги калган партиялар да ойлонуп жатышат. Партиялар канчалык бириксе өлкө үчүн да, шайлоочулар үчүн да жакшы болмок. Добуштар 20-30 партиянын арасында бытыранды болбой, бириккен, ирилешкен партиялардын арасында бөлүнсө кызыкчылыктар эске алынмак. Бул эми теорияда ушундай. Эми бизде да идеалдагыдай эки партиялуу система болбосо да жок дегенде үч-төрт партия болсо абдан жакшы болмок.
 
Шайырбек Эркин уулу
"Азаттыктын" башкы веб-редактору, журналист.