- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Өзбекстандын Сурхандарья облусунун 23 жаштагы тургуну Акмаль Эсанов 27-февралда үч милиция кызматкери аны сабап, мурдун сындырышканын билдирүүдө.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Ашхабадда окуучулардан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин сатып алып, мектеп текчелерине өткөрүп берүүнү талап кылышууда.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Нөшөрлөгөн жаан жана селден улам Иранда 34 киши өлүп, 125и жаракат алды. Бир нече адам дайынсыз жоголду.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Казакстандын Кызылордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик тик учагы кыйрады.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
1-апрелде Ташкентте өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке кабылдамасы ачылат.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Орусия тарабынан аннексияланган Крымда ФСБ, ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери бир катар крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк чек араларын бекемдөө үчүн бир миллиард долларга жакын каражат бөлөт.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
23 кишиден турган Саидовдордун үй-бүлөсү өткөн жылдын жаз айларынан бери Душанбенин борборунда колго жасалган чатырда жашап келет.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Казакстанда эки суткадан бери Мангистау облусунда жайгашкан Каламкас мунай кениндеги скважиналардын биринде сыртка сызылып чыккан газ ачык күйүп жатат.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
12 жыл мурда Куляб шаарынын Сайдали Вализода маалесинде курулган мектеп имараты четинен урай баштады.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Каракалпакстандын Канлыкөл районунда 21 жаштагы кыз менен 24 жаштагы бала көрүстөндө бири-бирин бычак менен сайып, жыйынтыгында кыз каза болуп калган.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Сирияда үч орусиялык аскер февралдын соңунда террористтер кол салгандан кийин мерт болгон.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук прокуратурасы бейтааныш аялга кол көтөргөн милиция кызматкеринин ишин кайрадан текшере баштады.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Казакстандын борборун Нур-Султан кылып өзгөртүүгө 47 миллиард теңге же 125 миллион доллар керектелиши мүмкүн.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Самаркандда мас абалындагы аял жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кетип, жыйынтыгында аны бычактап салган.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Тажикстанда 1-апрелден тарта автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуунун баасы 27 пайызга жогорулайт.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Дильшод Хашимов экономикалык кылмыштарга айыпталып камакка алынды.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Кытайдын Яньчэн шаарында жер семирткичтерди өндүргөн заводдогу жарылуудан кеминде 47 киши өлүп, 600дөн ашык адам жаракат алды.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Анжиян облусундагы эс алуу парктарынын биринде 16 жаштагы өспүрүм селкинчектен кулап түшүп, мерт болду.
- Подробности
- Категория: Дγйнө жүзүндө
Орусия президентинин администрациясы Владимир Путинди бийликте болушунча узак мөөнөткө калтыруунун жолдорун караштырып жатат.