Англиянын "Манчестер Сити" клубу Европадагы эң беделдүү мелдештерден Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасынан эки жылга четтетилип, 30 миллион евро айып пул төлөйт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко дарыгерлердин комиссиясы тарабынан беттештерден убактылуу четтетилди.

Индияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.

UFC'нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык актриса Хэлли Берри менен бирге тасмага тартылган.

Америкалык актер Микки Рурк кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калганы менен куттуктады.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону — кыргызстандык Валентина Шевченко кечээ, 9-февралда Американын Техас штатындагы Хьюстон шаарында өткөн турнирде үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоп калды.

Бүгүн, 7-февралда эртең менен Хьюстон шаарында (Америка, Техас штаты) «UFC 247» турниринин катышуучуларынын бетме-бет жолугушуусу болуп өттү.

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко минималдуу дивизиондогу титулдун ээси Вейли Жанг өзү тууралуу жетиштүү жарыялай элек деп ойлойт.

Учурда Ош шаарында Улуттук лиганын мырзалар арасындагы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру башталды.

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатындагы төртүнчү беттешинде Түркмөнстандын командасына жеңилип калды.

Таиландда футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпиондугунда Түштүк Корея курама командасы чемпион аталды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатындагы үчүнчү беттешинде Тажикстандын курамасын жеңип алды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Испаниянын гандбол боюнча курамасы катары менен экинчи ирет Европанын чемпиону болду. Кечээ, 26-январда өткөн финалдык оюнда испаниялык гандболчулар хорватиялыктарга каршы беттешти.

Кытайдын Ухань шаарында февраль айында боло турган бокс боюнча лицензиялык турнир токтотулду. Буга аталган шаарда вирустун жаңы түрүнүн пайда болгону себеп болгонун уюштуруучулар билдирди.

Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айыл аймагында биринчи жолу фрирайдерлердин эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Былтыр Кыргызстан дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин Түркияга берген. Мелдеш Бурса аймагында уюштурулат, азырынча так убактысы айтыла элек.

UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов Макгрегор-Серроне беттеши боюнча комментарий берип, беттеш эмес эле муляж болуп калганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринен алтын медаль уткандан кийин Бириккен күрөш уюмуна интервью берди.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу төрт күн мурда эле Түркияда өткөн эл аралык мелдешке катышып, ал жактан дагы мыкты болгон болчу.