(Учурдагы айрым көрүнүштөргө  саресеп)

Ажонун Москвага сапарынын жыйынтыктары кандай болот?

24-25-февралда Садыр Жапаров Россияда иш сапары менен болуп, президент В.Путин, премьер-министр М.Мишустин, Россия Федерациясынын өкүлдөр Кеңешинин төрайымы В.Матвиенко, Мамлекеттик думанын төрагасы В.Володин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Бул С.Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи иш сапары, анын кандай макамда болору азырынча жарыялана элек. Анткени, мамлекеттик башчыларынын иш сапарлары - мамлекеттик, расмий, жөн эле иш сапар деп үчкө бөлүнөт. Мамлекеттик иш сапар - өлкө башчысына көрсөтүлгөн урматтын эң жогорку формасы, ал эл аралык этикетке ылайык конкреттүү мамлекет башчысына бир эле жолу көрсөтүлөт. Аны Россия Өзбекстандын биринчи президенти И.Каримовго карата гана бузган, же ал Россияга эки жолу мамлекеттик иш сапар менен чакырылган. Анын каржылык жагы да бар. Мамлекеттик иш сапар менен чакырылганга кеткен ыгым-чыгымдардын бардыгы чакырган тараптын эсебинен болот. Андан кийинкиси - расмий иш сапар. Ал эми саммиттер, жолугушуулар негизинен жөнөкөй иш сапардын алкагында гана өткөрүлөт, ашыкча шаан-шөкөттөр болбойт. Билишибизче, С.Жапаровдун биринчи иш сапары жөнөкөй жолугушуу, таанышуу катары гана өткөрүлгөнү жатат.

Бул иш сапар ал үчүн таанышуу гана эмес, Россиянын жетекчилиги үчүн келинди жаңы көргөндөй “смотрина” болору да шексиз. Алар С.Жапаров кандай адам экендигин жакындан билгенге кызыгышат, баш терисин, көз караштарын байкаштырып, ошого жараша жыйынтык чыгарышат. Эгерде ал “смотринадан” ийгиликтүү өтүп, Россиянын дасыккан жетекчилерине жакшы таасир калтырса, жекече эки тараптуу мамилелер жанданып, алардын Садыр Жапаровго гана эмес, Кыргызстанга да ыклас-ишенимдери арта баштайт. Жакшы таасир калтырбаса, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер да расмий реверенстардан чыкпай, солгун бойдон кала берет.

Тилекке каршы, биздин мурдагы жетекчилерибиздин бири да И.Каримовдой, Н.Назарбаевдей же Армениянын мурдагы президенти Р.Кочеряндай В.Путин же башка таасирдүү өлкөлөрдүн жетекчилери  менен инсандык жакшы жекече мамиле түзө алышпады. Россия бизге көп эле нерселерди убада кылды, баарын айтып отурбайлы, В.Путин 2019-жылы жазында Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарында жалпы көлөмү 6,2 миллиард долларлык инвестициялык келишимдерге, макулдашууларга кол коюлса, тилекке каршы, азырынча алардын бири деле аткарылган жок. Эмне үчүн? Биринчиден, эки мамлекеттин биринчи жетекчилеринин ортосунда өз ара ишеним, иштиктүү жылуу мамиле түзүлбөдү. Экинчиден, түз эле айталы, Россия Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүп кетүүсүнө саясый жактан кызыкдар да эмес. Ал Кыргызстандын экономикасы, социалдык чөйрөсү очорулуп, арзан жумушчу күчтөрү Россияга агылып, анын демографиялык көйгөйүн чечкенге жардамдашып, саясый жетекчилиги жардам сурап, көзүн карап отурушун гана каалайт. Ошон үчүн Россия көп нерселерди убада кылган менен алардын бири да ишке ашпай келүүдө. Убактылуу саясый жетекчилигибиздин көңүлүн жайгарып, аны бир нерсеге көндүрүү үчүн келишимдерге, макулдашууларга кол коюп коёт, бирок аны аткаргысы келбейт. Эгерде Россия бизге чындап жардам көрсөткүсү келсе, Кыргызстандын Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча “РусГидро” менен түзгөн келишими эбак эле ишке ашмак. В.Путинде саясый каалоо болсо, “РусГидро” эки жактан каражат издебей Россиянын өкмөтүнөн берилген кредиттин эсебинен эле Жогорку Нарын каскадын үч-төрт жылдын ичинде эле куруп бүткөрүп салмак.  Бирок, Россиянын президентинде, өкмөтүндө андай каалоо жок.

Мына ушундай шартта Садыр Жапаровдун Россиянын жетекчилиги менен тил табышып, сыртынан жакшы көрүнгөн менен иш жүзүндө өтө эле салкын мамилени жөнгө салуусу эң эле кыйын. Анын үстүнө Россиянын расмий бийлигинин  өкүлдөрү өткөн жылы октябрда Кыргызстанда болуп өткөн окуяларды “бардак” деп гана баалашкан. “Бардактын” ээлерине мамиле да бардактай эле болот. Демек, Садыр Жапаровдун алдыдагы Москвага боло турган  иш сапарына өзгөчө үмүт артууга болбойт, ал өз ара таанышуунун, боордоштук, тилектештик, кызматташтык жөнүндөгү өз ара дүжүр ишендирүүлөр менен гана аяктайт. Эки тараптуу мамилелерди чындап жакшыртуу андан кийин аябагандай чоң күч аракеттер талап кылынат. 

Иш сапардын алдында мамлекет башчыбыздын “Слово Кыргызстана” гезитине мурдагы советтик мезгилде даңазалуу бир майрамдын алдында орус элине, Октябрь революциясына дүжүр одаларды арнагандай макала жарыялаганы анча деле орундуу болбоду. Анда тарыхкка чегинүү жасап, орус тилин, маданиятын мактап, жагынууга аракеттенгендин  ордуна мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү иш аракеттерге басым жасалса туура болмок. Бул багытта канча одаларды арнасак деле андай жол менен Россиянын жетекчилигинин жүрөктөрүн жибитип, кошумча бир нерселерди өндүрүү өтө эле кыйын.

Мариповдун программасы - кейитет, ѳкүндүрѳт...

Улукбек Мариповдун өкмөтү өлкөнү өнүктүрүүнүн “Реалдуу максаттар, жаңы келечектер” деген 12 пункттан турган программасын жарыялады. Түз эле айталы, кыргызстандыктарда программа, концепция, улуттук долбоорлор дегендерге карата туруктуу аллергия калыптанып калган. Ага негиздер жетишерлик, Аскар Акаев он беш жыл кыргызстандыктардын курсактарын кооз сөздөр, жамгырдай жааган программа, концепция, ар кандай улуттук долбоорлор менен армансыз эле тойгузду. Атамбаевдин  Улуттук Стратегиясында жаралангандардын ондон бири да ишке ашпады. С.Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү боюнча чыгарган жарлыктарынын деле сезилерлик натыйжалары болбоду. Эми өткөөл мезгилдин жаздагы байчечекейдей өмүрү бар өкмөтүнүн кооз сөздөрү кимде ишенимди, үмүттү пайда кылсын? Аны жараналаган Улукбек Мариповдун өкмөтүнүн күзгө чейин турарына ким кепилдик кыла алат? Эч ким.

 Кыргызстандын экономикалык, социалдык абалы аябай оор. Билишибизче айлыктардын, пенсиялардын бир бөлүгү сырттан келген жардамдардын, гранттардын эсебинен берилүүдө. Быйыл сырткы карыздарды төлөөгө эле жалпы көлөмү 30 миллиард сомдой акча жумшалганы турат. Январда 2 миллиард сом жумшалды. Инвестиция келбей калды. Пандемиядан, башка себептерден улам алык-салыктарды, бажы жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жыйноонун тапшырмалары аткарылбай жатат. Экономикабыздын артка кетүүсү ушул жылдын январь айында 6 пайызга жакынды түздү. Мындай убакта өкмөт өнүгүүгө эмес, кризистик көрүнүштөрдү токтотуп, турукташтырууга басым жасоосу керек эле, бирок ал өнүгүү жөнүндө программаны сунуш кылууда. Кагазга эмнелерди жазса болот, ал бечара бардыгына чыдай берет, бирок  ал аздыр-көптүр реалдуулукка шайкеш келеби же ал биринчи президенттин “Таза колдор” деген (өздөрү кулактарына чейин коррупцияга баткандардын таза колдор жөнүндө жараналагандары күлкү келтирген) программасындай эле утопиялык кыялый ой жүгүртүүбү?

Программанын пункттарыны аталыштары абдан  кызык, ал экономикалык документке эмес, көркөм чыгармалардын темаларына окшош. Алсак, анын биринчи пункту - “Кедейликтин тузагы”, экинчиси - “Жаңы өлкө”, үчүнчүсү - “Сөөмөй менен асманды көрсөтүү”, төртүнчүсү - “Бир сан”, бешинчиси - “Беш жылдыктардын эпохасы”, алтынчысы - “Башкаруунун жаңы системасы”, жетинчиси “Айлыктар жана КПД”, сегизинчиси “Лифтердин фабрикасы”, тогузунчусу - “Сырткы карыз”, онунчусу - “Жаңы агенттик”, он биринчиси - “Акылуу медицина”, он экинчиси - “Акылдуулар үчүн мектептер” деп аталат.

Астапурулла, бала болуп башыбызга жүн чыккандан бери кедейчиликти тузакка теңеген сөз айкашын биринчи жолуктуруп жатабыз. Кедейчилик, жакырчылык тузак эмес, ал трагедия, сормо саз. Тузакка кедей эместер, семиздер деле түшүүсү мүмкүн. Тузак - бир жолку көрүнүш, ал эми жакырчылык деген баш аягы көрүнбөгөн кыйынчылык, жаза. Жазат десе эле элдин башын айландыргыдай, ала көөдөк акындардын ырларына окшотуп   ойку-кайкыларды чүргөй бергендин кандай кажети бар?

Экинчи пунктундагы маразм биринчи пункттан да ашып кеткен. “Кыргызстан көк тиреген тоолордун өлкөсү болот. Мындай өлкөдө комфорттуу жана коопсуз жашоо болот”- деп жүрөт. Эл өкмөттөн тарпы чыккан андай кооз одаларды эмес, айлыктын, пенсиянын, жөлөк пулдардын өз убагында берилүүсүн, алардын көбөйтүлүшүн, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүн гана күтөт. Андай одаларды чөнтөктөрүнө салып алышса же бир жерлерине тыгып коюшса деген жакшынакай каалоону гана айткым келет.

“Сөөмөй менен асманды көрсөтүү” дегенди акыл-эстүү адамдын түшүнүшү кыйын. Бул спецификалык башка чектелген аудиторияга арналып, анан байкабай жарыяланып кетсе керек...

“Бир сан” деген пунктунда орто келечекте инвестициялардын көлөмү ички дүң жыйымга карата 15 пайызга жеткирилет дептир. ИДП болжол менен  600 миллиард сом болсо, анын 15 пайызы  90 миллиард сом же 1,2 миллиард доллар. Инвесторлорду сабап, мүлктөрүн тоноп, өрттөп турсак, жаңылары келмек түгүл мурда келгендери кетип жатышса, андай бир тууган Гриммдердин жомокторуна окшогондорду айтып элди алдагандын кандай зарылчылыгы бар? Жакынкы келечекте акыл-эси ордунда турган инвестор Кыргызстанга келбейт, келгендери бизге аябагандай оор шарттарды коюшат.

“Беш жылдыктардын эпохасы”, анын биринчи беш жылдыгы энергетиканы өнүктүрүүгө арналат деген пункту күлкүнү гана келтирет. Беш жылды айтпай эле коёлу, Марипов өзү беш ай иштерине ишенеби? Ал эми энергетика тармагынын сырткы карыздары эбак эле рационалдуу чектен же 1,2 миллиард доллардан ашып, банкроттук абалга жетип калган. Суу-энергетика тармагында иштегендер жаңы нерселерди курмак түгүл, сырткы карыздарын үзгүлтүккө учуратпай төлөп турушса деле чоң жеңиш болуп эсептелет. Ал эми ар 3-4 жылда бийлик күч менен алмашып турган жерде беш жылдыктар жөнүндө сөз кылуунун кажети деле жок.

Кыргызстанда башкаруу системасын реформалоо деген сагыз чайнагандай эле эрмекке айланган. Жогору жактагылар мамлекеттик органдарды, чиновниктерди азайтабыз дей беришет, бирок анткен сайын мамлекеттер органдар да, чиновниктер да көбөйө берет. Бул жолу деле ошондой болорунан кам санабасак болот.

“Айлыктар жана КПД” деген формулировка кагазда аябагандай кооз көрүнгөн менен аны практикалык жактан ишке ашырганга мүмкүн эмес. Ал мамлекеттик органдарда тирешүүлөрдү, нааразылыктарды, көз боёмочулуктарды, баш-аягы көрүнбөгөн жаңжалдарды гана көбөйтөт. Анткени, ишке убагында келип, кетип жүргөн катардагы кызматкердин КПДсын кантип чыгарасың?

“Лифтердин фабрикасы” деген 8-пунктта  мансаптык лифтер жөнүндө айтылыптыр. Айланайындар, мансаптык өсүштү да лифтке теңеп, ашкере ойкуштангандын кимге кереги бар? Лифт деген кнопкасын басса, токтобой кете бере турган механизм. Андан көрө эмгегине, салымына жараша, меритократиялык негизде деген эле мурдатан калыптанган түшүнүктөрдү колдонсо болбойбу! Программа десе эле, ушундай маразмдарды деле жаза беришеби?

“Сырткы карыздар” деген 9-бөлүгүндө “Эгерде Кыргызстан сырткы карыздарды төлөбөстөн аларды экологиялык долбоорлорго жумшаса, чет элдик кредиторлор ага каршы болушпайт” деп жазылыптыр. Андай сунушка кайсыл мамлекеттер макул болушуптур? Кытайбы, Россиябы же Европадагы өлкөлөр же эл аралык финансылык уюмдарбы? Реструкцизациялоого да көнбөй жаткандар карыздарды таптакыр төлөбөгөнгө эч качан макул болушпайт. Ага деле макул дейли, бирок экологиялык долбоорлорду ишке ашырганга деле акча керек да. Ал акчалар кайдан табылат? Же экологиялык долбоорлор өкмөт мүчөлөрүнүн кыялый ой жүгүртүүлөрү аркылуу эле ишке аша береби?

Өкмөттүн ойкуштанган программасынын бардык пункттарына токтолсоң, акылыңдан айнып кетчүдөйсүң. Бизге андай ашыкча ырыстын, түйшүктүн кереги жок. Акыркысын гана айтсак, “Бизнес попал” (кыскартылган орусча вариантында да ушундай жазылып турат. – Ред.) деген 12-пунктунда “Бизнес калкка социалдык кызмат көрсөтүшү керек. Андай кылгандар салыктарды төлөшпөйт” деп жазылыптыр. Бул былжырактыктын, айныгандыктын  жеткен чеги. Пандемиядан, экономика артка кеткенден улам бюджеттин киреше бөлүгү кескин азайып, өкмөт милдеттүү төлөмдөрүн кайыр-садакалардын эсебинен араң аткарып жаткан убакта салыктарды азайтуу жөнүндө акылынан айный баштаган адам гана сөз кылышы мүмкүн. Кудайга шүгүр, элдин акыл-эси ордунда эле. Анда эмнеге өкмөт ишке ашпас нерселер менен элдин башын айландырып жатат? Мындай реалдуулуктан таптакыр алыстап, оболоп кеткен өкмөттүн деги кимге кереги бар? Муну компетентсиздик, тажрыйбасы жоктук деген бир гана сөз менен түшүндүрүүгө болот. Тилекке каршы, өкмөткө Акаевдин убагындагыдай компетентсиз, тажрыйбасыз адамдар топтолуп алышып, мына ушундай былжырактарды элге тартуулап жатышканы өкүндүрөт, чексиз кейитет.

Мирлан Дүйшѳнбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №07 (491), 24.02.2021-ж.