Муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалганы, болгондо да каржылык махинацияларга шектелгени коомчулуктун жумшак айтканда төбө чачын тик тургузду.

Дин - мусулмандар үчүн тазалыктын, чынчылдыктын символундай кабыл алынат эмеспи. Анан эле мусулмандардын жол көрсөтүүчүсү болгон муфтийге тигиндей сөз илешип жатса. Бир күндөн кийин Максат ажы үй камагына чыкты, бирок ага тагылган шек алына элек. Мусулмандар коому бул окуя боюнча ар түрдүү пикир карманышууда. Айрымдары “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”- дешсе, кээ бири муфтияттагы түгөнбөгөн интрига кезектеги муфтийдин “башын жеди” дешти.

Кадыр Маликов, дин таануучу:

“Аалымдардын кадыр-баркын түшүргөн сөздөрүңөр, сүрөт-видеоңор силерди тозок отуна алып барышы мүмкүн!”

- Ачыгын айтканда, сөз жок, абдан жагымсыз нерсе болду! Менимче, бул биздин коомдун, анын терең дегредациясынын көрсөткүчү. Авторитеттери, ыйыктыгы жок жерде ушундай болот. Баары сыртка калкып чыгат. Киши өлтүрүү, педофилия, зомбулук, уурулук, бой көтөрүүчүлүк, саткынчылык, текеберлик. Эми кантип диний чөйрө элдин бетин карайт? Жаштар, динге берилгендер эми кимге ишенет да, кимдин артынан ээрчийт? Бул мамлекетке да бериле турган суроо.

Бул мамтүзүмдөгү коррупция менен күрөшүүнүн катардагы фактысы эмес, же жада калса муфтийдин орду үчүн күрөштүн жыйынтыгы да эмес, бул бардык салттык диний, мечиттерге, муфтиятка болгон ишенимге жасалган сокку.

Муфтийдин орун басарлыгына 2020-жылдын сентябрь айында эч кандай интригасыз эле келгем. Ошондуктан, болуп жаткан окуялардан кабарым жок болду, эмне болгонун чынын айтканда кийин ММКлардан жана башка кишилерден уктум.

Менин максатым муфтиятты жаңы деңгээлге көтөрүү, терең реформа жүргүзүү, инновация, диндин, диний ишмерлердин, аалымдардын кадыр-баркын өстүрүү болгон. Пандемиянын айынан ажылыкка сапар убактылуу токтотулгандыктан, муфтиятта оор каржылык акыбал орун алды, ал азыр да сакталууда. Имамдар айлык акы алышпайт, ал турмак кызматтык автоунааларды өздөрүнүн эсебинен оңдоп-түзөп, күйүүчү май да куюшат.

Ал эми муфтияттын айланасындагы чуулгандуу ишке кайрылсам, ар бирибиз айткан калп сөздөрүбүзгө жооп беребиз!

Ушак-айыңдарды жайылтуу, фактыларды бурмалоо, калп, жасалма ж.б.у.с. ар башка терминдер жана аталыштар гана эле. Булардын баары - өтө төмөн, ыплас, уятсыз жана абийирсиз нерселер!

Исламда мындай нерселер чөн күнөө болуп эсептелип өз артынан тез жазасын алып келет жана тыюу салынган (арам) нерселерге кирет.

Адамга жалган жалаа жабууну “бухтан” деп коет. Бухтан гыйбаттан да, адамдын артындагы кемчиликтерди талкуулоодон да жаман. Аллах Куранда гыйбатты өлгөн бир тууганынын этин жеген менен салыштырат. (Хужурат Сүрөсү, 12-аят).

Күнөөнү башка адамдарга ачык жарыялоо бир тууганынын “авратын” ачуу болуп эсептелет. Мындай күнөө үчүн өлүмдөн кийин адамга жаза тийиши мүмкүн, жана кыямат күнү Аллах анын авраттарын (уят жерлерин) ачып салышы да ыктымаал.

А бул жашоодочу?

Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) минтип айткан: “Күнөө кылган бир тууганын басынтып, кордук көрсөткөн адам, ошол эле кордукту өз мойнунда сезмейинче бул дүйнөдөн кайтпайт” (Имам Тирмизи).

Байкасаңар бул жашоодо дагы бардыгы кайтып келет!

Ойлонгула! Башка адамдардын, айрыкча аалымдардын авратын ачып, ар-намысын жана кадыр-баркын түшүргөн сөздөрүңөр, сүрөт-видеоңор (калп же ал тургай чындык болсо да) силерди тозок отуна алып барышы мүмкүн!

Ахматбек Келдибеков, экс-депутат:

“Чубак ажыны да ажылык боюнча күнөөлөшкөн, бирок илинчек таба албай уят болушкан”

- Ажыга баруу буга чейин Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аркылуу жүргүзүлчү. Ажылыктан түшкѳн акча каражаты да ушул мекемеге түшчү. Анан бир күнү Чубак ажы аалымыбыз менен сүйлѳшүп отуруп: “Баш мыйзамда Кыргызстан дин иштерине кийлигишпеген мамлекет. Ошол себептүү ажылык зыяратын уюштурууну муфтиятка ѳткѳрүп беребиз. Кыргызстан светтик ѳлкѳ болгондон кийин ажылык сапарды президенттин алдындагы мамлекеттик дин комиссиясы жетектеп жатканы мыйзамга туура келбейт. Дин менен мамлекеттин саясаты эки бѳлѳк маселе. Бул ажылык сапарды муфтият ѳзү уюштурса, ѳзү жоопкерчилигин алса, балким коррупцияга жол берилбейт”,- дедим. Ал киши да колдоду. Биз бир пикирге келип ажылык сапарды уюштуруунун жоопкерчилигин муфтиятга ѳткѳрүп берүүгѳ аракет кыла баштадык.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга Турсунбай Бакир уулу баштаган бир топ депутаттарыбыз ѳзгѳртүүлѳрдү киргизишип, бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып, кѳпчүлүк депутаттардын колдоосу менен чечим кабыл алдык. Бирок ошол мезгилдеги ѳкмѳт башчы А.Атамбаев президент Р.Отунбаева экөө тең каршы чыгып туруп алды. Отунбаева ажылыкты уюштуруу иштерин муфтиятка ѳткѳрүү боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга вето коюп артка кайтарып жиберди. Биз көшөрүп, кайра кайталап, парламенттин колдоосу менен мыйзамды кабыл алдык. Ошого карабай Отунбаева анда да кол койбой, 15 күндѳн кийин Жогорку Кеңештин тѳрагасы катары жоопкерчиликти моюнума алып мен кол койгом. Бул биз үчүн абдан маанилүү маселе эле. Анткени, ага чейин 2010-жылы ач көз чиновниктердин айынан ошол ажылыкты уюштурууда Кыргызстан бүткүл дүйнөгө шерменде болгон. Алардын айынан ажылыкка барчу мусулмандар гана эмес, жалпы мамлекетибиздин беделине доо кеткен.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин ажылык сапар тууралуу кабыл алган токтому акыркы жыйырма жыл ичинде чечкиндүүлүк менен кабыл алынган чоң деңгээлдеги токтом болгонун бүгүн эч ким тана албайт.

Мындан кѳп ѳтпѳй эле “Муфтият бизди укпады. Ажылык сапарды уюштурууда Чубак ажы бир катар мыйзам бузуучулукка жол берди” деп ал кишиге кылмыш ишин козгоду. Бирок андан бир дагы кылмыш бузган нерсени таба алышкан жок. Тескерисинче, Чубак ажы Жалилов ажылыкты коштогон аалымдарга айлык акы коюп берип, муфтиятта иштегендерге бирдей форма тиктирип, ар кандай иш чараларды, конференцияларды ѳткѳрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баарын ѳз-ѳз ордуна коюп, мурда ызы-чуу жаратып келген ажылык сапарды тартипке салып койду. Бийлик аалымыбызды канчалык куугунтукка алып, жасалма иш козгогону менен мыйзамды бузган бир илинчек табалышкан жок. Бул тууралуу “Ѳкмѳт, бийлик ажылык сапарды уюштурганы үчүн мамлекетке эч кандай салык тѳлѳгѳнгѳ милдеттүү эмес” деп ѳз пикиримди билдирдим. Мындан кѳп ѳтпѳй мени да Жогорку Кеңештин тѳрагалыгынан кетиришти.

Нургазы Мусаев, журналист:

“Муфтий - керек болсо президент буларга барып бата алып турчу даража!”

- Ажылыктын акчасы дайыма көздү кызартып келген. Акаевдин тушундагы ызы-чуулар али эстен кете элек. Бакиевдин иниси муфтият үстүнөн куратор сыяктуу болгон, Алмазбек Атамбаевдин тушунда Илмиянов май талкандап отурду, Жээнбеков тушунда да колун салып көрүшкөнү ачыкка чыкты.

Раматылык Чубак ажы, Акин Токталиев, Базарбай Темишов, Бакыт Нурдиновдор чуркап жүрүп, ажылыкты уюштуруу иштерин муфтиятка алып беришти эле. Жөнөкөй эл ажылыктын акчасынын баарын эле “муфтият жеп алды”- деп кыйкыра берет. Муфтиятка ажылыкты уюштуруп бергени үчүн 500-600 миң калат. Аны муфтият уставында көрсөтүлгөн максаттарга иштетет. Банктык эсебинде жүз миңдеген долларлар бар, өздөрү ар бир кызматкери 5000 долларга чейин айлык алган чет жактардан каржыланган уюмдар толтура. Принцип үчүн бийликтер аларды да текшерсин. Текшертишпейт. БУУга чейин ызы-чуу кылышат ал уюмдар.

Мындан кийинки маселе - муфтиятты уюм катары өнүктүрүү. Аллах Таала Өзү түшүргөн илим (программа) бар, офис-кеңсе имараттары бар, ишти аткаруучу кадрлары бар. 100 000 деген максаттуу тобу - мусулмандар бар, каржы бар. Чукушмайды токтотуп, чукушса да эл көрбөгөн жерлерге барып чукушуп, диний полемикаларды аалымдар арасында ич ара талаш кылып, ынтымакка келбесе, бийликке жем боло берет.

Муфтий деген кызмат керек болсо президент буларга барып бата алып турчу даража. А биздикилер болсо “Президенттин батасын алсак экен”- деп, жаны чыгып кете жаздап чуркап жүрүшөт. Муфтий президенттикке талапкердин штабында эмне кылып жүрөт? Тескерисинче, талапкерлер муфтийдин алдына баргандай бийик болуш керек бул кызматтын даражасы.

Муфтият бетин жуубаган корочкасы барлар барып, бутун сүртө берген уюм болбош керек. Анүчүн өздөрү таза иштесин. Таза иштешсе, эл алдында, Алла алдында ак болушса, ажодон, кожодон коркпой иштешет.

“Өтүкчүнүн душманы өтүкчү”- дегендей, молдонун душманы деле молдо. Бири-биринин үстүнө  суу куюп, органдарга тоголок кат, ачык каттарды жазган үчүн бийликке жем болуп жүрүшөт. Ынтымакта болгула, урматтуу дин кызматкерлери. Президентти укпагандар менин сөзүмү угарына күмөнүм бар дегилечи, ошентсе деле катардагы бечара мусулман катары ынтымакка чакырып коюуга акым бар деп ойлойм.

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат:

“Бийлик менен муфтияттын тирешүүсү биринчи жолу болуп жаткан жок...”

- “Мамлекеттик акчасы түз пайдалансын”- деген максатта мамлекеттик мекемелерге көзөмөл жасалат. Муфтияттын акчасы жеке коомдук бирикменин акчасы. Эгер ашып калса аны айландырышса болот. Мен билем, муфтият ашык акчаны медресе, мечиттерге, муктаждарга жумшайт. Түркияда молдолорго мамлекет айлык төлөп берет, а бизде мамлекет аларга бир тыйын коротпойт. Менимче, керектөөлөрүнө коротуу үчүн муфтият акчасын адал жол менен айландырышса керек. Жыртыктарын жабалы дешти. Бүгүнкү күнү мечиттер суу, электр энергияга болгон акыны түнкү клубдар менен коммерциялык уюм катары бирдей төлөйт. Түнкү клубдар каражатын жүгүртө алышат, аларга келгендер билет сатып алып киришет. А буларда андай жок.

Бийлик менен муфтияттын тирешүүсү биринчи жолу эмес. Кимсанбай ажы иштеп жатканда да ушундай чабуул болуп, интрига жасалып тополоң болгон. Мен анда Акаевге да киргем бир тууган мусулмандардын укугун коргойун деп. Бирок чечилген эмес, ажы кызматтан жаңжал менен кеткен. Кийин Чубак ажы раматылыкка да асылышты. Андан соң Рахматулла Эгембердиевди да кетиришти. Тирешүү чын эле болуп жатат. Конституцияда дин мамлекеттен бөлүнгөн деп турат. Муфтият – коомдук бирикме. Анда чындыгында чоң акча айланат. Умра, ажылык сапарлардан түшкөн акчалар. 2011-жылга чейин ага баары кийлигишчү, өкмөт башчыдан тартып министрлерге чейин баары кол салышчу эле. Коопсуздук кеңеши сөзсүз кийлигишет эле, ИИМ, ал турмак Саламаттыкты сактоо министрлиги да өз үлүшүн алып турган. Керек болсо транспорт министри да кошулчу. Анткени, ажыга кетип жаткандарга медсправка керек, кайсы учак менен учат, дарыгер коштоп барат дегендей. Ошондуктан, 2011-жылы Каныбек Осмоналиев, Акылбек Жапаров үчөөбүз  “ажы сапарын муфтият өткөрсүн”- деген атайын мыйзам долбоорун жазганбыз. Депутаттар колдоду, президент кол койду, мыйзам күчүнө кирди. Бирок кийин угуп калып жаттым, көнгөн адат калбайт дегендей, дагы деле аткаминерлер кийлигишип, өз үлүшүн талап кылып  жүрүшүптүр.

Булак: “Майдан.kg” гезити