Пандемия сабактары

Учурдагы абал чыны менен ойлондурбай койбойт. Коронавирус адеп башталган учурда илдетти жуктургандардын саны кескин аз болуп, кырдаал кѳзѳмѳлгѳ алынып, абал туруктуу болчу. Акыйкаттык үчүн айта турган болсок, Кыргызстандын бийлиги тарабынан коронавирусту алдын алуу, аны жайылтпоо үчүн маалында туура, ыкчам чаралар кѳрүлдү. Анын натыйжасында карантиндик режим киргизилип, жарандарга болгон бир катар чектѳѳлѳр чыны менен илдеттин кеңири жайылуусуна мүмкүндүк бербеди. Ооруга чалдыккандарга медициналык жардамдар кѳрсѳтүлүп, алар айыгып, үйлѳрүнѳ чыгып жатышты. Бирок мындай туруктуу абал кантип жаман жагына ѳзгѳрүп, илдеттин жайылуусу күч алып кетти? 

Илдеттен саясат жасашты

Коронавирус менен дүйнѳ эли күрѳшүп, АКШ, Европа ѳлкѳлѳрүндѳ он миңдеген, жүз миңдеген жарандар кѳз жумуп аткан чакта Мадумаров, Момбеков сыяктуу саясатчылар “коронавирус жок, аны бийлик оюнан чыгарды”- деген тариздеги билдирүүлѳрдү жасашып, интервьюларды берип туруп алышты. Аны менен чектелип тим болушпай, элди карантиндик режимдерди сактабай эле коюуга, беткаптарды тагынбоого үндѳштү. Социалдык тармактардагы алардын камчыларын чапкандар “бийлик бизди алдап жатат, жѳн эле карантинге камады”- дегендей билдирүү, комментарийлерди жазышып, бул жагынан болуп кѳрбѳгѳндѳй активдүүлүктѳрүн кѳрсѳтүштү. Мадумаров ушул оор күндѳрү сүйлѳбѳй, унчукпай койсо, эл үчүн чындап кылган пайдасы болмок. Бирок анткен жок, кайра кайра “коронавирус жок” дей берип, элдин бир бѳлүгү ага ишенип, натыйжада карантиндик талаптарды аткарышпай, илдеттин жайылуусун күчѳттү. Мадумаров ѳзүнүн мындай “жоруктары” менен вирустун жайылып, аны жуктургандардын кѳбѳйүп кетүүсүнѳ ѳзгѳчѳ “салым” кошту. 

Чет жердегилер жоопкерчиликти сезишкен жок

Россияны дагы илдет катуу каптап, Россия ѳкмѳтү ооруга каршы катуу чараларды кѳрдү. Ал  күндѳрү Москвадагы бир дагы элчилик иштеген жок, башка ѳлкѳлѳрдүн жарандары жоопкерчиликтерин сезишип, Россиядан сыртка чыгышпаса, негедир кыргыз жарандары Кыргызстанды кѳздѳй агылды. Чек аралардын жабылгандарына карабай элчиликке барып, “…бизди Кыргызстанга жибергиле”- деген талаптарды коюшуп, авиа, жол каттамдарынын жоктугуна карашкан жок, чек аралардын жабылганын түшүнгүлѳрү да келбеди. “Кыргызстанга барсаңар башкаларга оору жуктурасыңар, ал жактагы тууганыңарды, жакыныңарды аягыла”- дегендей чакырыктарга, суранычтарга кулак салышпады. Тескерисинче, “Кыргызстандын бийлиги ѳзүнүн жарандары менен иши жок, биз талаада калдык, биздин кетүүбүзгѳ жардам бербей жатат, кыргыз бийлигинин колунан эч нерсе келбейт…” ж.б. эмнеледи гана айтышпады. Мындай абал Кыргызстандагы саясатчылардын кѳз жаздымдарынан калмак беле. Ансыз да башаламандыкка тушуккан элди андан бетер дүрбѳтүп, бийликти элге каршы тукуруп, “президент элине күйбѳйт, кыргыз тентип калды, талаада жатып калды”- дегендей билдирүүлѳрдү жасашып, ѳздѳрүнүн кызыкчылыктарын гана кѳздѳштү. Ызы-чууну, элдин топтошконун кѳргѳндѳ ээлирип кетмейи бар Токтайым Үмѳталиева социалдык тармактарга Россиядан Кыргызстанга авиарейс уюштурулуп жатканы боюнча жалган маалыматтарды таркатып, анын билдирүүлѳрүнѳ ишенген жүздѳгѳн кыргыз жарандары Россиянын ээн талаасында калып калууга аргасыз болушту. Бирок Токтайым Үмѳталиева талаада калып кыйналган мекендештерибиз үчүн башы ооруп да койгон жок. 

Россиядагы мекендештерибиздин абалынан саясат жасоо жагынан Адахан Мадумаров да четте калган жок. Президентти, Ѳкмѳттү болушунча сынга алып, атүгүл Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге видеокайрылуу жасап,  Россиядан мекендештерди алып келүүгѳ жардам берүүсүн ѳтүнүп, кыргыз бийлигин жамандап, журт атасы болом деген адамга таптакыр сыйбаган жорукту жасады. Кыргыз бийлигин Назарбаевдин алдында дискредитациялоо менен Адахан Мадумаров ѳзүнүн пастыгын, деңгээлин кѳрсѳттү. Болбосо, Назарбаевге кайрылып жардам сурагыдай Кыргызстан Казакстандын бир облусу беле? Аны менен  Мадумаров эмнени кѳздѳгѳнү кѳпчүлүккѳ түшүнүксүз бойдон калды. 
Айтайын дегенибиз, Россия, Казакстандагы мекендештерибиз Кыргызстанга келебиз деп котолошуп, топтолушуп атып илдетти бири бирине жуктуруп, жайылтышты. Бул жагдай да илдеттин кулач жаюусуна түрткү берди. 

Обсервациядан качышып, догурунушуп…

Албетте, айрым саясатчылардын “кыргыз бийлиги чет жердеги жарандарыбызды карабай койду, иш албай койду” деп айткандары чындыкка коошпогон нерсе болчу. Бийликке кыртышы сүйбѳгѳндѳр эмне деп айтып, жазышпасын, ошол эле мезгилде кыргыз бийлиги Россия, Казакстан ж.б. ѳлкѳлѳрдүн жетекчилери менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, учактарды уюштуруп, четинен мекендештерибизди Кыргызстанга алып келип атты. Аларды келери менен текшерүүлѳргѳ алып, шектүүлѳрүн обсервацияга жаткырды. Кыргыз жарандары мында да ѳздѳрүнүн ден соолугуна, ѳмүрүнѳ болгон кайдыгерликтерин кѳрсѳттү десек болот. Обсервацияга жаткырылган жарандардын арасынан карантиндик талаптарга, дарылануунун эрежелерине баш ийбей, обсервацияга жатпай качып кеткен жарандар кѳп эле болду. Жарандардын мындай мамилелерин “коронавирус жок” деген билдирүүлѳрдүн натыйжасы, кесепети катары карасак туура болот. Алар илдеттин бар экенине ишенбей, ага маани беришпегенден улам ооруну жуктуруп алуудан коркушуп, чочулашкан жок. Болбосо, алардын обсервациядан ар кандай жолдор менен качып кетип, “дарылангыла” деген врачтарга догурунгандарын кандай түшүндүрүүгѳ болот? 

Ошол эле айрым саясатчылар элди обсервацияга жаткырып дарылоо аракеттеринен да кыйкым издегенден артка кайтышкан жок. “Бул бийлик болбой калды, элди камап салды”- дегендей билдирүүлѳрдү таратышып, обсервациядан качып жаткандардын чырактарына май тамызды. Обсервацияга жаткырып, дарылоону колдоого алып, дарыгерлердин айткан, дегендерин сактоого чакыруунун ордуна ошол эле саясатчы, активисттер “бийлик болбой калды, элдин чыдамы кетти, бул бийликти кетириш керек, революцияга кылуу керек”- дегендей билдирүүлѳр менен чыгып, элди кѳчѳгѳ чыгууга үндѳштү. 

Ушуга окшогон кѳрүнүштѳр, башаламандыктар, тоотпостуктардын баары илдеттин жайылып, аны жуктургандардын кѳбѳйүүсүнѳ алып келгенин баса белгилеп кетели. Эгерде ар бир жаран ѳздѳрүнүн ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, карантиндик талаптарды бекем сактаганда абал бүгүнкүдѳй болмок эмес. Бул талашсыз. 

Аргасыздан айрым саясатчылар атайын максаттуу түрдѳ коронавирусту бетке кармап, бийликти элдин, коомдун алдында жаманатты кылууну кѳздѳп жатышабы? – деген суроо жаралбай койбойт. Анткени, “коронавирус жок” деген саясатчылар илдеттин кеңири жайылып, кырдаал курчуп, адам ѳмүрлѳрү менен коштолуп жатканына карабай бийликти элге каршы тукуруп, бузукулук, чагымчылдык сѳздѳрүн айтышууда. Жок дегенде ушундай оор күндѳрү элди биримдикке, карантиндин талаптарын чакырууга чакырып, жакшы сѳздѳрүн айтууга жарабаган айрымдарга кандай баа берүүгѳ болот? Оорудан, адам ѳлүмдѳрүнѳн саясат жасоодон кайтпаган адамдардан жакшылык күтүүгѳ болобу? 

Тойлор, куран окутуулар да себепчи болду

Ачыгын айтканда, 24-мартта жарыяланган ѳзгѳчѳ абал, карантиндик режим убагында киргизилип, бул оорунун жайылуусун алдын алган экен. Карантиндик режим бүтѳрү менен араң турган эл кѳчѳгѳ агылып, беткаптарды чечип ыргытышып, карантиндик талаптарды сактоону унутушту. Тыюу салынганына карабай ачык да, жашыруун да түрдѳ тойлорду, куран окутууларды ѳткѳрүшүп, бири бириникине конокторго барышып, оорунун жайылуусун шартташты. Карантиндик талаптарды аткаруу жагынан башкаларга үлгү болчу аттуу-баштуу адамдар кафе, ресторандарда массалык эл катышкан иш-чараларды уштурушуп, бул жалпы элдин коронавируска болгон этият мамилесин жокко чыгарып салгандай эле болду.  

Коронавирустун башкы талабы элдин массалык чогулуусуна жол бербѳѳ болсо, бирок аны айрымдар ойлоп да коюшкан жок. Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбооруна каршы жүрүш, митинг уюштурулуп, андагы катышкандардын жарымында беткап болсо, жарымы ѳздүк коргонуучу каражаттарсыз эле жүрүштү. Ѳкүнүчтүүсү, элди тартипке чакырчу адам  – башкы атамекенчи Ѳмүрбек Текебаев  ал митингге катышып, сѳз сүйлѳдү. Карантиндик режимдер бузулуп жатканы, азыр митинг ѳткѳрүүгѳ болбой турганы жѳнүндѳ бир ооз сѳз айтып койгонго жарабады. 

Карантиндик режим алынгандан кийин элдин илдеттин кооптуулугуна эч кандай маани бербей, карантиндин чараларын аткарышпай калгандыктары коронавирустун жайылуусун аябай эле  тездетти. Балким, ѳзгѳчѳ абал режиминин  мѳѳнѳтү узартылса, илдет мынчалык жайылмак эместир. Бирок башка жолубуз да жок эле, карантиндик режимди узартууну ѳлкѳбүздүн бюджети кѳтѳрѳ алмак эмес. 

Илдетти биримдик, ынтымак, сабырдуулук менен гана жеңе алабыз

Бул талашсыз чындык. Коронавирусту ар бирибиз ѳзүбүздүн, жакындарыбыздын саламаттыктарына жоопкерчилик менен мамиле кылып, вирустан сактануунун талаптарын бекем аткарып, биримдик, ынтымак, сабырдуулук,  түшүнүүчүлүк менен гана жеңе алат экенбиз. Коронавирус мамлекеттердин экономикасынын күчтүү, же алсыз экендиктерине карабайт тура. Андай болсо экономикасы кубаттуу, элинин турмуш деңгээли жогору ѳлкѳлѳр илдетти оңой эле жеңип, адам ѳлүмдѳрү болбойт эле. Баарыбыз билгендей, коронавирус кѳптѳгѳн ири мамлекеттердин да айласын кетирип салды. Оорудан тартип, эрежелерди сактоо жана ынтымакта биргелешип аракеттенүү менен чыгып жатышат. Элдердин биримдиги, сабырдуулугу гана ооруга туруштук берерине кѳзүбүз жетти.

Жыйынтыктап айта турган болсок, коронавирус – бузукуларга саясий пайда табууга мүмкүнчүлүк, мамлекет үчүн оор сыноо, ал эми карапайым эл үчүн азап болду. Жогоруда айткандай, биз да башка элдер сыяктуу эле биримдик менен ѳлкѳбүзгѳ келген оор сыноону жеңип, жалпы журттун башына келген азаптан кутулуп, саясий пайда табууну кѳздѳгѳн бузукулардын бузуку аракеттерине, максаттарына каршы тура алабыз. 
Азыр коронавирус үчүн күнѳѳлүүлѳрдү издеп, ѳкмѳттү сынга алчу мезгил эмес. Колубуздан келишинче ар бирибиз илдетти жеңүүгѳ жеке салымдарыбызды кошушубуз керек. Бүгүнкү кырдаал ар бирибизден ошону талап кылууда. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы