Бейнеге сүртүмдөр
Чыныгы атанын - чыныгы уулу
1990-жылдардын башталышында Россиядан окуусун жаңы бүтүп келген кадимки Камчыбек Ташиев ишкерлик менен шугулданып, тез эле ирденет. Кичи мекениндеги бир чабандын короосу сатылганы жаткандыгын угуп, аны алууну чечет. Аны уккан атасы: “-Уулум, буга канчалардын мээнети, эмгеги кеткен. Алар өздөрү сатып алышса жакшы болмок. Бирок, акчалары жок экен, ала албай жатышат. Сен алсаң, аларда өкүт, мүмкүн каргыш да калат. Анын сага эмне кереги бар? Азыр эмне көп, бош калган жерлер көп. Бир кычыгын сатып алып, короо куруп ал. Бирок, эзели бирөөнүн энчисиндегилерди ала койгонго жулкунба. Анын арты жакшылык менен бүтпөйт”,- дейт.
Камчыкебиз сарайдын арзандыгына кызыгып жаткандыгын айтса, “ошо арзандыгы үчүн жолобогун”- деп атасы кесе айтып коёт. Андан кийин да анын айылында гана эмес, башка жерлерде да ит арзанга көп мүлктөр сатылды, өзү борбор калаада, райакимдин орун басарлыгынан тартып, Жогорку Кеңешке депутат болду, министр болуп да иштеди, эң таасирдүү фракцияны да жетектеди, бирок атасынан убагында жогорудагыдай нусканы уккан Камчыкебиз бирөөлөрдүкүн тартып алганга катышмак түгүл, “прихватташтырууга” да аралашпады. Азгырыктар канчалык көп, канчалык чоң болсо да ата сөзүн бузбады, анын айткандарынан чыкпады. “Эл оозунда элек жок” дейт, анын сыңарындай, Камчыбек Кыдыршаевич жөнүндө айрымдар билип-билбей, көрүп-көрбөй имиштердин негизинде, жекече өзүнүн ага карата маанайына, фантазиясына жараша ар кандай сөздөрдү айтышы да мүмкүн, кээде андайларды да жолуктуруп жүрөбүз, бирок бир да адам ал жөнүндө жеген-ичкен, уурдап-тоногон дегендей сөздөрдү айта албайт. Анткени, адам таза болсо, анын тапкан-ташыгандары, алардын кантип кайдан табылгандары ак барактагы жазуулардай даана көрүнүп турса, айрымдар аларды канчалык бурмалаганга, жок нерселерди жабыштырганга аракеттенишсе деле окшошпой оркоюп, кайра алардын өздөрүнүн абройлоруна урулган таш болуп, беттерине чиркөө болуп калып жатпайбы.
Бул өңүттөн алганда, Камчыбек Кыдыршаевичти, элибизде “эне көргөн - тон бычат, ата көргөн - ок жонот”, дегендей чыныгы атанын - чыныгы уулу десе болот. Андан атасынын аябагандай акылдуу, топуктуу, күнүмдүктү эмес, түбөлүктүүлүктү, курсактын көйгөйүн эмес, рухтун муктаждыктарын ойлогон нарктуу адамдардан болгондугу көрүнүп турат. Баласынын жогорудагыдай ниетин уккан башка ата болсо: “айланайын, короосуна кошо отурган үйүн да ал. Короосун саткандан кийин ал үйүн эмне кылмак эле? Эми дагы арзан нерселер чыкса, үкөлөрүңдү да унутпа. Сенин аркаң менен алар да бир нерселерге ээ болуп калышсын”- демек.
Берешен колдуу саясатчы
Кыргызстанда оокаттуу саясатчылар, ишкерлер жетишерлик экендигин шайлоолор көрсөтүп келет. Алсак, өткөн президенттик шайлоодо бир талапкер, көз карандысыз эксперттердин пикирлерине ылайык, эң кеминде 50-60 миллион доллар каражат чачты. “Жок, анын чыгымы 150-200 миллион доллардан ашып кетти”- дегендер да болду. Биз андай бийик сумманы эмес, эң төмөнкүсүн эле алсак, 50-60 миллион доллар - ар бири 624 орундуу типтүү 25-30 мектептин имаратын курууга жетмек. Айтылган талапкер анын бирин өзү туулуп-өскөн айылына же азыр жашап жаткан жерине курса, уккандардын баары ыраазы болушмак. Бирок, андай байлардын бүтүндөй мектеп курмак түгүл, айылындагы бир чакырымдык суу түтүгүн же негизги жолун оңдоп-түздөгөнгө каражат бергендигин да уга элекпиз. Жогоруда айтылганга салыштырганда миллиардердин жанындагы миллионердей болгон,“Кербен” базарынын, бир катар тейлөө түйүндөрүнүн ээси Абдирейим Кулбаев өзүнүн кичи мекениндеги Зеби Кутманова атындагы орто мектептин эки кабат чакан имаратын курдуруп бергендиги жөнүндө гана укканбыз.
Камчыкебиз андай “битин сыгып, канын жалаган” деп айтарлык байлардан эмес, ал башкаларчылап тапкандарын, колуна капкандарын бизнесин өнүктүрүп, келечекте баалары кымбаттай турган кыймылсыз мүлктөрдү гана сатып албастан тыйын-тыпырлуу болгондон бери алардын жарымын соопчулук иштерге, айылындагы ж.б. жерлердеги маданий, спорттук мекемелердин курулуштарын каржылоого, маданий-массалык иш чараларды колдоого жумшап келе жатат. Аларга басым жасап, санаганды Камчыбек Кыдыршаевич өзү жактырбайт, андай иштерди тийиштүүлөр гана билсе жетишет деп эсептейт. Биз да аны бирден сыдыргыдан өткөрбөстөн жалпылап айтсак, анын акыркы он жылда бул жаатта аткаргандары эле ондогон миллион сомдорду түзөт. Анын оокаттуу болгон менен чоң байларга, акчалуу болгон менен олигархтардын бирине айланбагандыгынын негизги себеби ушунда. Ал эч качан жөн эле байый бергенди негизги иши, өмүрүнүн башкы максаты катары карабастан, өзүн дайыма элдин уулу, аларга түбөлүк карыз деп эсептеп, болгондорунун баарын бөлүшүп, элестүү айтканда, оң колу менен алгандарын – сол колу, сол колу менен алгандарын оң колу менен таркатып, “алган бай эмес, берген бай” деген принцип менен жашап келатса, капчыгы кайдан калыңдап, “битин сыгып, канын жалагандардыкына” теңешсин?
Камчыкебиздин, жан дүйнөсүндөгү биринчи зарылчылык - башкаларга жардамдашуу, соопкерчилик иштери болсо, экинчи хоббиси - саясат. Ал да аябагандай чоң чыгымдарды талап кылуучу иштерден. Ал акыркы он беш жылга жакын убакыттан бери негизинен мына ушул экөөсү үчүн гана жашап, иштеп келатат десек да болот.
Эч качан кайдыгер тура албаган саясатчы
Азыр Жогорку Кеңешке келгендердин дээрлик бардыгынын ой-максаттары (айрым жаштык, гендердик, улуттук квоталар менен илинип калгандарды эске албаганда), биринчиден, депутаттык мандаттын аркасы менен байлыктарын коргоп, сактап, көбөйтүүдө болсо, экинчиден, байлыктын аркасы менен жаңы социалдык макамга көтөрүлгөндүгүн саясый жактан ырастап, элге бир көрүнүп алууда экендиги эч кимге жашыруун эмес. Же депутаттык мандатты престиждүү районго престиждүү хан сарай курдургандай, же өзгөчө кымбат баалуу жол тандабас сатып алгандай гана карагандар жетишерлик. Андай талапкерлердин андан башка саясый же социалдык максаттары деле жоктугун алардын саясый, идеялык туруктуу позицияларынын жоктугу, жекече кызыкчылыктары үчүн кимдер менен болбосун макулдашууга даяр турган кызыл кулактык маанайлары, мыйзам чыгаруу процессине чындап кызыкпаган кайдыгерликтери, күн каякка оосо, алар да ошол жакка ооп, күн тийген жердин күкүктөрү болуп келаткандары ырастап келет.
Жогорку Кеңеш июндун акырында жайкы каникулга чейин планга киргендерди аткаруу үчүн ар күнү 25-30дан, ал эми 25-июнда 41 мыйзам долбоорун карады. Албетте, депутаттардын көпчүлүгү алардын чыныгы мазмундарына кызыгышкан деле жок, кызыгышканда деле 1 адамдын 1 күндө анча кагаз менен дыкат таанышып чыкканга физикалык жактан мүмкүнчүлүгү деле жетпейт. Тийиштүү комитеттер сунуш кылышты, парламент реквизиттери менен таанышып кабыл алып койду. Эгерде элдин атынан сүйлөгөн эл өкүлдөрү өлкөнүн ички, тышкы абалына түгүл, өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерине да ушундай жүр-нары мамиле жасашса, башка эмнелерди айтууга болот? Абалыбыз кайдан жакшырат?
Албетте, Камчыбек Кыдыршаевичтин инсан, саясатчы катары өзүнө мүнөздүү кемчиликтери да бар. Кээде чыдамсыз, максималист болуп кетет. Бирок, ал эч качан азыркы парламенттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүндөй “эмне болсо, ошол болсун, мага кесепети тийбесе болду” деп төө куштай кумга башын катып алып, өзүн гана ойлоп отура берчүлөрдөн эмес. Жарандык активдүүлүк, саясый, идеялык жана моралдык позицияларынын тактыгы - анын башы менен бүткөн негизги сапаттарынан. Андай өзгөчөлүктөрүнөн улам анын кээде катуурак кетип калган учурлары да эсибизде. Бирок, “сен мага тийишпе, мен сага тийбеймин”, “экөөбүз мал-мүлктөрүбүз менен аман турсак болду, калганы эмне болсо, ошол болсун”- деп кайдыгер отура бергенден көрө саясатчынын тагдыр чечүүчү маселелер козголгондо кээде аша чаап кеткендиги он эсе артык. Адамдагы эң жаман сапаттардын бири, бул - башкаларга кайдыгерлик. Буга чейинки жетекчилерибиздин, саясатчылардын басымдуу көпчүлүгүнүн өздөрүнүн, жакындарынын гана кызыкчылыктарын ойлошуп, элдин, мамлекеттин тагдырларына кайдыгер мамиле жасашкандарынан улам экономикалык жактан 1990-жылдагы деңгээлге да чыга албай келатабыз. Башка деградациялык көрүнүштөрдү айтпай эле коёлу. Ал эми Камчыкебиз тагдыр чечүүчү маселелерге келгенде эч качан кайдыгер, байкоочу болуп тура албаган адам. Ал 2010-жылдын июнунда “временшиктер” түштүктөгүлөрдүн бир бөлүгүн кагыштырып таштап, өздөрү Бишкектен чыкпай коркуп, ал эми бирин-экин баргандары БТРлерде бекинип отурушканда, ал эки тараптын ортосунда атышууларды токтотуп, элди элдештирүү, жараштыруу үчүн, бирде машинелерди, бетон плиталарды баррикада кылып алып ок атып жатышкандарга барса, бирде аларга жооп кылып жаткандарга келип, ортодо ышка, терге күйүгүп жүгүрүп жүрдү. Ал ак желекти көтөрүп ортодо келатканда “эми аркамдан же капталымдан атышат го” деп нечен жолу күткөнүн өзү эскерсе, жанында жүргөндөр каршылашкан эки тарап тең аны сыйлагандыктан, аны атмак түгүл, денесине да зыян келтиришпегенин көп эле айтышты. 2010-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоодо “Ата-Журттун” бардык партиялардан көп мандатка ээ болуусуна анын жана анын жакын досторунун коогалаңда элдештирүүчүлүк миссияны аткаруудагы эбегейсиз эмгектери, жекече харизмалык сапаты негизги фактор болгондугу талашсыз.
Камчыбек Кыдыршаевич 2017-жылы күзүндөгү президенттик шайлоодо эч кандай талаптарсыз, шарттарсыз, кыйшаң-куйшаңы жок Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Анын жеңишке жетишүүсүнө өз салымын кошту. Бирок, аны эч жерде милдет кылбады, кызмат сурап кыйнабады. Айрымдар токолдорун бага албай калгандыгы үчүн да мамлекет башчысын күнөөлөп, “мага майлуу-сүттүү бир нерсе бербесең, бакырганым-бакырган, шыбаганым-шыбаган” деп жер сабап жатса, Камчыкебиз андай пастыкка түшпөдү. Түшпөйт дагы, анткени ал отуз күндүк орозосун жазбай кармап, диндин талаптарынын баарын болбосо да көбүн аткарып, саясатта да кудайга карап иш кылган адам. Бирок, ал айрымдардай күндөлүк нерселердин бардыгын комментариялай бербеген менен тагдыр чечүүчү маселелерге келгенде жогорудагыларга жакса, жакпаса да өз позициясын, талабын ачык айтат. Алсак, Баткендеги чек арадагы чыр-чатактар козголгондо, ал дайыма ижарага берилген жана алмаштырылчу жерлер, айрым участкаларда кимдердин күнөөсүнөн улам кошумча кыйынчылыктар жаралгандыгы жөнүндө маалыматтардын элге ачык, так жеткирилүүсүн талап кылып, кошуналарга жерлерди кайтарымсыз өткөрүп берүү - чыккынчылык экендигин ачык айтып, бул багытта тийиштүү чиновниктердин кашаң иштеп жатышкандарын сындап келет.
“Саясатчынын, лидердин бекем принциби болушу керек,- деген ал мындан бир канча жыл мурда берген интервьюсунда. - Турмуш бизге ар кандай оорчулуктарды жеңүү үчүн сыноолорду берет. Жашоо бизди болоттой курчутат. Ошондуктан мен эч качан сыноолордон коркуп чегинбеймин”.
Кыргызстандын азыркы бийлиги, саясаты мына ушундай адамдарга муктаж.
Мирлан Дүйшөнбаев
Булак: “Майдан.kg” гезити, №020 (455), 01.07.2020-ж.