Криминалдык-саясий детектив

СИЗО кимдерди гана сүйлөтпөйт. Кримлөк Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишине катышкандардын көпчүлүгү да СИЗОдо бир аз отурушкандан кийин тилге келип, баарын айтып беришти. Алардын айтып бегендеринен кийин сегиз айга созулган «атайын операциянын» чоо жайы белгилүү болду. «Атайын операциянын» кантип, качан башталганы жөнүндө биз гезиттин өткөн санында «Батукаевди бошотуу үчүн долларлар: кимдер төлөгөн… кимдер алган…» деген макалада жазганбыз.

“Сага Батукаев керекпи же абалдын тынчтыгыбы?”

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев да тергөө менен кызматташууга  макул болгон 14 фигуранттын бири. Бирок ал СИЗОдо отурган жок, ИИМ аны бир сутка да кармабады.

Анын Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча авантюрага аралашуусу ошондогу президент  Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүсүнөн кийин башталган.

Болжол менен 2013-жылдын мартында ал ЖАМКнын төрагалыгына дайындалгандан кийин президент Алмазбек Атамбаевге түз телефон чалууну чечет. Анда ал ЖАМК кызматкерлери үчүн госпиталь ачуу маселесин койгусу келген. ИИМ, УКМК,  Коргоо министрлигинин өздөрүнүн госпиталдары бар, ал эми ЖАМКныкы жок эле. Госпиталь ачуу маселеси жөн жерден чыккан эмес, ЖАМКнын кызматкерлери дайыма курак учук ж.б. жугуштуу оорулар менен ооруган жаза өтөөчүлөр менен байланышта болушат…

Президент генерал Рысалиевди аягына чейин укпай, «Зарыл, башка жолу сүйлөөбүз, мен сени өзүм чакырам», - деген жообун берип, бир жакка шашылып атканын билдирет. – Сен ал жактагы оперативдик абалды жакшылап көзөмөлдө, айрыкча ОПГ лидерлерин, - деп кошумчалайт президент.

Андан бир канча күн өткөндөн кийин жолугушуу болуп, анда Атамбаев кайрадан ОПГ лидерлери тууралуу сөз кылат. «Абактарда кримавторитеттер кандай отурушат?». – деп сурайт Атамбаев. «Аларды колдон келишинче көзөмөлдөп жатабыз», - деп жооп берет Рысалиев. Анан Атамбаев: «Сен билесиңби, сенин ведомствоң боюнча өкмөттүк деңгээлде иш чара белгилеп жатабыз», - деп күтүүсүздөн сөздү улайт президент. Рысалиевдин билбей турганын уккандан кийин «Убагы келгенде билесиң, ал иш сенин авторитеттериңе байланыштуу» - дейт Атамбаев.

Рысалиевдин айтымында, кырдаал  ага ЖАМКга Нарындагы №4 СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Батукаевдин тадыры боюнча  удаама удаа каттар келе баштаганда белгилүү боло баштайт. Кримавторитеттин карындашы Яха Батукаевадан, Акыйкатчы Турсунбек Акундан, медиктерден ж.б. келген каттар. Батукаевди бошотуу үчүн ишке ашырылчу «атайын операциянын» жыйынтыктоочу фазасы ушундайча башталат.

Эскерте кетсек, «атайын операцияга» өзүнүн катышуусун Зарылбек Рысалиев ушундай өңүттө айтып берген.

Бирок айыптоочулардун бүтүмдөрүндө,  Рысалиев өзүнүн аракеттерине мыйзамдуу түс берүү үчүн Я. Батукаеванын, Т. Акундун, ЖАМКнын төрагасынын (так айтканда, өзүнө өзү)  атына каттарды жөнөтүүнү уюштурган. Ал каттарда Батукаевдин  катуу оорулуу экендиги, аны бошотуу керектиги айтылган.

Мындай карама каршылыкта таң каларлык деле эч нерсе жок. Тергөө менен кызматташкан ар бир фигурант тергөөдө көптөгөн кызыктуу нерселерди айтып беришкен. Бирок ошол эле кезде өздөрүнүн «атайын операцияга» катышууларын өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө берүүгө аракеттенишкен. Мажбурлоо жолу менен аралашып калгандарына ишендирүүгө аракет кылышкан. Же болбосо мамлекеттин кызыкчылыгындагы ишти аткарып  жатышкандарына ишеним болгондуктарын айтышкан.

Кылмышкер Батукаевди мыйзамсыз бошотуудан Кыргызстан кандай пайда көргөн?

Рамзан Кадыров жана анын жакыны Адам Делимханов менен сүйлөшүү болгонун, ага ылайык, чечен тараптан Батукаевдин ордуна  Жаныш Бакиевдин берилле  турганы жөнүндө «атайын операциянын» катышуучуларынын баары эле билишкен эмес. Бул фигуранттардын көрсөтмөлөрүнөн улам белгилүү болгон. Ал жөнүндө саналуулар гана билишкен. Калгандарына башка себептер айтылган.

Президент Атамбаев ЖАМКнын төрагасынан абактардагы кримлөктөрдүн  жашоосуна, алардын тагдырларына   кокустан эле кызыккан  эмес. Батукаевдин бошотулуусу абактардагы чыңалууну төмөндөтө тургандыгы жөнүндөгү идеяны ага Шамиль Атаханов берген (эскерте кетсек бул «боткону» дал ушул Атаханов чалган).

Тергөөнүн жүрүшүндө Атаханов шектелүүчү Атамбаев менен жолугушуп, анда төмөнкүлөрдү айтып берген:

«Мен президент Атамбаевге колум жок катты бергем, анда Кыргызстандагы  криминалдык  абалда   Батукаев кандай   роль ойной турганы боюнча маалымат бергем. Кырдаал Батукаев менен Көлбаевдин топторунун ортосундагы тирешүүдөн улам чыңалып жатканын белгилегем. Ошондой эле Батукаевдин  кылмыштуу дүйнөдөгү таасири чоң экенин да кошумчалагам. Анан далили катары 2011-жылы ал Кыргызстандагы бардык абактарда өлкөдөгү ОПГ менен күрөштү күчөтүүгө каршы уюштурган бунтту эске салгам. Конфликтти жөнгө салууга мүмкүн болгон, бирок Батукаев зонадагы авторитетин бекемдеп алды. Ушул конфликтке байланыштуу мен Батукаевди Чеченстанга экстрадициялоого макул болгом».

ЖАМКнын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевдин көрсөтмөсүнө келсек. Анын айтымында, медиктер алгач анын ведомствосундагы Батукаевден бошотууга мүмкүндүк берүүчү  онкологиялык ооруну табышкан эмес. Ал бул тууралуу Атамбаевге билдирген, мындай жаңылык ага жаккан эмес.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинде республикалык деңгээлдеги адистер, профессорлор, академиктер  бар, - дейт Атамбаев. - Ошолор Батукаевди текшеришет, а сен ЖАМКнын дарыгерлери менен кийлигишпей эле кой. Сага Батукаев керекпи же ЖАМК системасындагы абалдын тынчтыгы  керекпи?» Рысалиев «Абалдын тынчтыгы керек» деп президент менен макул болот.

№2 куратор

Ал мезгилде “сахнада” Ш.Атахановдан башка “атайын операциянын” дагы бир куратору - Бусурманкул Табалдиев пайда болот.

Атаханов өзүнүн көрсөтмөсүндө: “Мага Рысалиевдин кайсы бир маселелерди алдыга жылдырбай жатканын айтышты. Мен ички иштер министри катары Атамбаевге кирип, Рысалиев менен мамилем жакшы эместигин, ошондуктан аны менен бул темада сүйлөшө албай жатканымды билдирдим”, - деп айтат.  Ошондо Атамбаев бул маселени Табалдиевге табыштай турганын билдирген. Ал убакта Б. Табалдиев президенттик аппараттын укук коргоо органдары боюнча бөлүмүн жетектеп турган.

Агезде Атамбаевге жакын болушкан күч түзүмдөрүндөгүлөр бир кызматтан экинчи кызматка бат баттан алмашып турушкан. Ошол эле кезде  алардын «атайын операцияга» катышуусу улана берген. Атаханов Батукаевди абактан УКМК башчысы, Ички иштер министри, андан кийин күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр болуп турган мезгилде бошоткон. Табалдиев болсо Атамбаевдин бул иш боюнча тапшырмасын президенттик аппараттын бөлүм башчысы, андан соң Коргонуу Кеңешинин катчысы, андан кийин УКМК төрагасы катары аткарган.

Бусурманкул Табалдиевдин версияларын жакынкы жылдары билерибиз арсар, анткени, ал көрсөтмө берүүгө жетишкен жок, ал Кыргызстандан сыртка качып кетти. Бирок ага каршы башка фигуранттар көрсөтмө беришкен, алардын ичинде Зарылбек Рысалиев да бар.

Рысалиевдин бул боюнча берген көрсөтмөсүндө айтканы: «2013-жылдын апрелинин башында мен Коргонуу Кеңешинин катчысы Бусурманкул Беркутович менен телефон аркылуу сүйлөшүп,  Батукаев боюнча сурадым.  Ал мага «Мамлекеттик деңгээлде Батукаевди бошотуу боюнча масштабдуу иш жүрүп атат, эгерде сага бул боюнча айтышпаган болсо, анда көп деле кийлигишпе. Бирок сага бул боюнча билдиришкен турбайбы» деп жооп берди. Аягында Табалдиев Атамбаев койгон тапшырманы аткарышым керектигин айтты. Ошону менен сөзүбүз бүттү».

Профессорлор жана академиктер

Кыргыз гематология илимий борборунун директорунун орун басары Эмилбек Макимбетов жөнүндө биз өткөн саныбыздагы «Батукаевдин боштондугу үчүн долларлар» макалабызда сөз кылганбыз. Аны, эскерте кетсек, 2012-жылы УКМКнын төрагасыны кеңешчиси Марат Бекенов шефи Ш. Атахановдун  «Батукаевге рак диагнозун коюучу врачты тап» деген тапшырмасын аткарып «атайын операцияга» тарткан. 

М. Бекеновдун айтымында, ошол жылдын аягында «атайын операция» үзгүлтүккө учурап кала жаздаган. Чечен тараптан медиктердин кызмат акылары үчүн берилген 150 миң доллар суммасындагы акча колдонулбай, Бекенов аларды ортомчуларга кайтарып берген.

Анан күтүүсүздөн эле 2013-жылдын февралынын аягында  «сахнада» кайрадан Кыргыз гематология борборунун директорунун орун басары Эмилбек Макимбетов пайда болот. Ал гематология борборунун нөөмөттүк врачы Мээрим Эралиеваны Нарынга  жөнөтүп, ага №4 СИЗОдогу жаза өтөөчү Батукаев менен жолугушуп, анын канынан жана мээ сөөгүнөн анализ алып келүү тапшырмасын берет. Мында Эралиеваны кримавторитеттин  жаны тынбас  карындашы Яха Батукаева коштоп барат.

Бишкекке келгенден кийин алынган анализдин үлгүлөрүн  гематология борборунун лаборанты Ирина Цоповага берет. Алты жыл өткөндөн кийин Цопова дагы тергөө менен кызматташууга барып, аларга төмөнкүлөрдү айтып берген.

Батукаевдин канынан жана мээ сөөгүнөн алынган анализдин негизинде изилдөө жүргүзүүдөн ал баш тартат. Себеби, керектүү материалдар аз жетишсиз болчу. Атүгүл гематология борборунун директорунун орун басары Э. Макимбетов менен урушканга чейин барат. Ал анализдердин жыйынтыгын чукул убакытта  чыгарууну талап кылган. Андан соң ага гематология борборунун директору Абдухалим Раимжанов телефон чалып, урушуп, Макимбетовдун тапшырмасын аткаруу керектигин, болбосо, «чоң проблема» болорун айтып эскертет.

Айласы кеткен Цопова акыры кимдир бирөөлөрдүн рак клеткалары бар биоматериалдарынын негизинде анализ жүргүзөт. Кызыгы,  кимдердин биоматериалдары эле?

Андан көп өтпөй, Батукаевди бошоткондон кийин ызы-чуу жаралып, депутаттардын чечими менен эксперттик медициналык комиссия түзүлөт, Батукаевдин медициналык диагнозу  текшерүүгө алынат. Комисиянын курамына  мээ сөөгүн трансплантациялоо боюнча адис Шербет Жусупов да киргизилет. Батукаевдики делген мээ сөөгүнүн анализдери ага тааныш болот… Бардык маалыматтарды изилдеп келип, Жусупов Батукаевдики делген анализдер анын пациенти Т. Алишердики деген жыйынтыкка келет. Ал дал ошол Батукаевден анализ алуу аракеттери болуп аткан маалда Т. Алишерден алынган экен. Бул пациент жыл бою анын кароосунда болуп, «острый миелообластный лейкоз» диагноз коюлган, тагыраагы, «сөөктүн  рагы» менен жабыркаган.

Мында көрүнүп тургандай, анализдин үлгүлөрүн алмаштырып коюшкан.

Гематология борборунун директорунун орун басары Э. Макимбетов Батукаевге дал ушул Цопова изилдөө жүргүзүп,  алмаштырылган үлгүлөрдүн негизинде  «острый миелообластный лейкоз» (М2-вариант) диагнозун койгон. 

Айта кетчү нерсе, жогорудагы эксперттик комиссиянын дагы бир мүчөсү Турусбек Абдылдаев тергөөдө эгерде Батукаевде чын эле жогорудагы оору  болгондо, ал жакынкы жарым жылда көз жумушу керектигин айткан. Бирок кримлөк Батукаев диагноз коюлгандан СЕГИЗ жыл өтсө да жашап келатат. Керек болсо Чеченстанда жатып алып, КМШнын башка кылмыштуу өкүлдөрүнө  «өлүм өкүмдөрүн» чыгарып келүүдө.

Ушул жерден ошондогу президент Атамбаевдин агездеги ЖАМК төрагасы Рысалиевге айткан фразасын келтирип кетүү оңтойлуу  болуп турат: «Саламаттыкты сактоо министрлигинде республикалык деңгээлдеги адистер, профессорлор, академиктер  бар. Ошолор Батукаевди текшеришет, а сен ЖАМКнын дарыгерлери менен кийлигишпей эле кой. Демек, Атамбаев дал ушул фигуранттарды айткан тура – профессор Макимбетов менен академик Раимжанов. Бул криминалдуу авантюралуу ишке эмгеги сиңген врачтардын  карьералык, материалдык кызыкчылыктардан улам  тартылып калганы  өкүнүчтүү.

ЖАМКнын медиктерисиз бул «атайын операция» ишке ашмак эмес, ар бирине роль бөлүнүп берилген.

Макимбетов тарабынан Батукаевдин өлө турганын айткан диагноз кримлөктүн карындашы Яха Батукаеванын колуна тийген. Ал ЖАМКнын медико-санитардык уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, тагыраагы, түрмөлөр боюнча башкы медик  Акылбек Асановго алып келип берет.

Асанов диагноз боюнча маалымкатты ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевге билдиргенде, ал ыкчам иш аракетке өткөн. Өзүнүн башкы медигине тезинен Нарындагы №4 СИЗОго атайылаштырылган врачтык экперттик комиссияны жөнөтүүнү буюрат. Аталган комиссияга Батукаевге коюлган анализди «текшерүүгө» алып, аны бошотуу боюнча документтерди даярдоо тапшырмасы берилет.

Шектелүүчү Асанов тергөөдө Рысалиев ага  ар бир иш аракет  боюнча маалыматты кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге билдирип турууну буюрган. – Андан кийинки күндөрү Качкыналиев мени өзүнө чакырып, комиссиянын ишин тездетип, Батукаевге коюлган диагноздун тууралыгы боюнча бүтүмдү чыгарууну ыкчамдатуу зарылдыгын айтып атты. Бир күнү Рысалиев өзүнүн иш бөлмөсүндө бул иштин артында Кыргызстандагы жогорку даражалуу чиновниктер турганын айтты. ЖАМКнын төрагасы Качкыналиевдин айткандарын бекемдеди. Ошондон кийин менде башка арга жоктугун түшүндүм» - деген Асанов тергөөдө.

Зарылбек Рысалиев бул иш боюнча шашкан. Нарынга жөнөтүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтпөй эле Нарынга медиктердин дагы бир  тобун – атайылаштырылган медициналык комиссияны  жөнөтүү боюнча буйругун  чыгарат. Саламаттыкты сактоо министри Дамира Сагынбаевага кат жазып, анда комиссиянын курамына министрликтин өкүлүн кошууну суранат.

Колуңду кой, болбосо медицинадан алыс болосуң!

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Канат Бектемиров Батукаевге коюлган диагнозду текшерүү үчүн Нарынга жөнөтүлүп, ал жакта Батукаевди 40 мүнөт бою текшерүүгө алып, оорусу боюнча сураган. «Каериңиз ооруп атат?» деген суроого Батукаев алы кетип, мурдунан кан кетип, эси ооп калып атканын айтат. Анын Нарындын облустук ооруканасы тарабынан берилген оору баракчасында «анемия» диагнозу жазылган.

Айта кетсек, бул оорунун себеби болгон. Камерага чакырылган молдо Батукаевдин муундарынан кан агызып, дарылаган. Болжол менен жарым литрдей кан алган. Облустук ооруканада Батукаевге стационардык дарылоо жүргүзүп, кан куюу процедурасын жүргүзөлү дешкенде, ал баш тарткан.

Нарын облустук ооруканасында Батукаевдин канынан эч кандай рак клеткаларын табышкан эмес. Бул жагдай Бектемировду андан бетер ойлондуруп, ал комиссиянын башка мүчөлөрүн бүтүм чыгарууга шашылбоого чакырган. Бишкекке келгенде министрликте кырдаалды талкуулоо сунушун билдирген.

Министр Сагинбаева Бектемировдун докладын уккандан кийин «Өтө элек шектүү»,  деп таң калуусун жашырбайт. Гематология борборунун директору Раимжанов менен орун басары Макимбетовду өзүнө чакырып, Батукаевге коюлган «острый миелообластный лейкоз»  диагнозу  боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылат.

Раимжанов министрге нааразы болгонун жашырбай: «Мен бул оору боюнча жалгыз академикмин. Макимбетов бул тармак боюнча медицина илимдеринин доктору. Цопова медицина илимдеринин кандидаты. Биз – эң күчтүү гематологдорбуз, чыгарылган анализ менен диагноздорго толугу менен жооп беребиз. Эгерде бизге ишенбесеңер, анда келгиле, оорулууга кайрадан анализ жүргүзөлү», дейт.

Раимжановдун мындай сунушунан жыйынтык болбойт. Бектемировго ЖАМКнын башкы дарыгери Асанов Батукаев кайрадан анализ жүргүзүп, кандын, мээ сөөгүнүн үлгүлөрүн алуудан баш тартканын билдирет. Бектемиров атайын комиссиянын бүтүмүнө кол коюудан баш тартат. Министр Сагинбаева да бир нерседен шек санап, өзүнүн иликтөө иштерин жүргүзгөнгө чейин барат. Бирок андан кийин ал бул иш боюнча таптакыр өзгөрүп калат. Аны алмаштырып салгандай эле болот.

Тергөө менен кызматташкан шектелүүчү  Бектемировдун көрсөтмөсүнөн:

«2013-жылдын 30-мартында мага министр Сагинбаева чалып, өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырды. Мен киргенде ал уюлдук телефон менен сүйлөшүп аткан экен. Сүйлөшүп бүткөн соң ага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов Батукаевдин маселеси боюнча чалганын айтты. «Ал коюлган диагнозду тастыктап бергиле деп атат», деди. Сагинбаева мага атайылаштырылган медициналык комиссиянын бүтүмүнө кол коюуга көрсөтмө берди. Мен караманча баш тарттым. «Эгерде биз бул документке кол койбосок, анда сен да, мен да мындан ары иштебейбиз», деди Сагинбаева. Мен өзүмдүн айтканыман кайткан жокмун, ошондо ал жогорку тондо, катуу формада, буйрук иретинде сүйлөп, анын көрсөтмөсүн аткарбасам, медицина тармагында иштей албай кала турганымды кыйытты. Ошол эле күнү ЖАМКга барып, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда Батукаев боюнча комиссиянын бүтүмүнө колумду коюп бердим».

Ошол күндөрдөгү окуялар боюнча тергөө менен кызматташкан Динара Сагинбаева төмөнкүлөрдү айтып берген:

«Бектемиров Батукаевге коюлган диагнозду тастыктоого кол коюудан баш тартканын билдиргенден 15-20 мүнөттөн кийин катчы кыз аркылуу мени вице-премьер-министр  Ш Атаханов өзүнө чакырды. Мен өкмөттүн имаратына бардым. Атахановдун иш бөлмөсүнө киргенимде, ал менден жалпы иш тууралуу сурады. «Мен сизди Батукаевдин иши боюнча чакырдым». Бул фамилияны уккандан кийин мен дароо: «Биз ага коюлган диагноздон шегибиз бар, ошон үчүн министрликтин өкүлү ЖАМКнын медициналык комиссиясынын бүтүмүнө кол коюудан баш тартты», деп жооп бердим.

«Бирок диагнозду бул тармактын адистери коюшту, корко турган эч нерсе жок, бул өлкөнүн тынчтыгы үчүн керек», - деди Атаханов. – Бүтүмгө кол коюш керек. Бул президент Атамбаевдин көрсөтмөсү». Эгерде баш тарта турган болсом, мен тескери мотив менен кызматтан кетирилип,  медицина системасында  иштей албай турганымды эскертти.

Мен Атахановдун иш бөлмөсүнөн чыгып, министрликке келдим да Бектемировду чакырып, ага кырдаалды түшүндүрдүм».

Кантип «түшүндүргөнүн» жогоруда Бектемиров айтып берди. Коркутуу жолу менен айтып, Бектемировду кол коюуга аргасыз кылган.

“Камчы” методу

Көрсөтмө бергендердин айтымдарында, Батукаевди бошотуу боюнча  «атайын операция»  «токочтун» эле ыкмасында эмес, «камчынын» ыкмасында да ишке ашырылган. Жогорку тепкичтеги чиновниктер төмөн жактагыларды  коркутса, алар кол алдында иштегендерди мажбурлашкан.

Фархад Атаходжаев, Бишкектеги №47 абактагы борбордук оорукананын бөлүм башчысы, ЖАМКнын врачтык-эксперттик комиссиянын курамында болгон. 2013-жылдын мартынын аягында комиссиянын бардык мүчөлөрүн ЖАМКнын имаратындагы конференц-залга чогултуп, Батукаевдин оорусу боюнча документтерди таркатып, «острый лейкоз» диагнозун далилдеген бүтүмгө кол коюу керектиги айтылат.

Комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде Атаходжаев да кол коюуга шашылышкан эмес. Шек санашып, нааразы болушуп, талкуулашат. Талкуу кызуу болуп аткан чакта Атаходжаевди ЖАМКнын төрагасы чакырат.

Генерал Рысалиев кызматтык формадагы  ак көйнөкчөн кофе ичип олтурган болот. «Эмнеге комиссиянын бүтүмүнө кол койбой жатасыңар? Анын себеби эмнеде?», - деп сурайт ал. Атаходжаев Батукаевди кайрадан №47 абактын шартында текшерүүгө алуу керектигин түшүндүрөт. Рысалиев үстөлүнөн ачуусу менен ыргып турат да, кандайдыр кагаздарды ыргытып ийип, коркута сүйлөйт: «Эгерде ал өлүп калса, силер отурасыңар. Бошсуң!». Ал деп  Батукаевди айткан.

Андан кийин эмне болгонун Атаходжаев тергөөгө төмөнкүчө айтып берген: «Мен конференц-залга келдим. Көп өтпөй бизге ЖАМКнын медиициналык башкармалыгынын башчысы Асанов келип, Рысалиевдин жана анын кеңешчиси Качкыналиевдин  көрсөтмөсү менен бизди конференц-залдан чыгарбай турганын, качан комиссиянын бүтүмүнө колубузду койгондо гана чыгарыбызды айтты.

Комиссиянын аял мүчөлөрү дааратканага барайын дешкенде, коридордо турган ЖАМКнын кызматкерлери аларды өткөрбөй  артка кайтарып атышты. Биз конференц-залда 4 саат отурдук. Кеч кирип баратты. «Болду, жетишет, балдарыбызга барышыбыз керек», - деди бир аял. Ушундай кысым, басымдан улам комиссия бүтүмгө кол коюуга аргасыз болду.

ЖАМКнын медбашкармалыгынын башчысы Асанов бизден бүтүмдү алып, конференц-залдан чыгып кетти. Арадан 30 мүнөт өткөндөн кийин келип, биздин  кете берсек болорубузду айтты.

Тергөөдө Атаходжаев врачтык-эксперттик комиссиянын иши, кылмышкерлерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча материалдардын прокуратурага берилиши, алардын сот тарабынан каралуусу узак убакытка – 3 айдан ашык убакыта дейре созуларын айткан. «Кээде оорулуу жаза өтөөчүлөр соттун чечими чыккыча өлүп калышат. Жаза өтөөчү Батукаевдин ишинде  процесс ЖАМКнын жетекчилигинин кысымы менен тездетилген темпте жүрдү.  Мен ЖАМКнын башчысы Рысалиев менен кеңешчиси Качкыналиев Батукаевди бошотууга аябай кызыкдар болушкан деп эсептейм».

Ошентип, ар кайсы ведомстволордун дарыгерлери өз каалоолору менен болбосо да, бирок өздөрүнүн милдеттерин аткарышат. Батукаевдин «өлүп калат» деген диагнозу боюнча бардык документацияларды ЖАМКнын медбашкармалыгынын башчысы Асанов Нарындагы №4 СИЗОго жөнөтүү үчүн  ЖАМКнын жалпы бөлүмүнө тапшырат.

Асанов бул боюнча төраганын кеңешчиси Качкыналиевге телефон аркылуу билдиргенде, ал: «Почта аркылуу документтерди жөнөтпө, менин атыман сага адам барат, ал документтерди өз колума алып келип берет», - дейт. Ал убакта Качкыналиев Нарында болчу, «атайын операциянын» кийинки этабына кыртыш даярдап аткан.

ЖАМК төрагасынын кеңешчисинен келген курьер кадимки… Яха Батукаева эле. Асанов аны жалпы бөлүмгө ээрчитип келип, ал жерден кримлөктүн карындашы документтер салынып мөөр басылган пакетти алып, чыккан каттардын журналына колун да коюп берет.

Кыргызстандын абактар ведомствосунун  тарыхында кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнө ЖАМК ишенип артып, аларга маанилүү кызматтык документтерди тапшырышкан учурлар болду бекен?!

Айтканынан кайтпаган түрмөчү

2013-жылдын 3-апрели.

Яха Батукаева ЖАМКдан алып кеткен документтер бул күнү Нарындагы №4 СИЗОнун башчысы Рысбек Касымалиевдин үстөлүнүн үстүндө жаткан эле. Аны ага ЖАМК төрагасынын кеңешчиси Качкыналиев алып келип берет. Эки офицерин ортосунда катуу талаш жүрүп жатты.

- Сен тезинен Нарын шаардык сотуна Батукаевди бошотуу арызы менен кайрылышың керек. Бул ЖАМК төрагасынын көрсөтмөсү, - деп талап кылып атты Качкыналиев.

- Эмне шашып атасыз? – дейт нааразы болгон Касымалиев. – Мен документтерди облустун прокуратурасына,  мыйзамдуулугун кароо үчүн атайын прокуратурага жөнөтүшүм керек.

- Сен эмне деп атасың?!, - дейт жаалданган Качкыналиев. – Эмне, врачтарын колдорун көрбөй атасыңбы? Документ мыйзамдуу!

- ЖАМКнын мөөрлөрү кана? – деп өзүнүкүн бербей, сөзүн  улантат Касымалиев.

- Сен өзүң коюп коесуң, - дейт Качкыналиев кебелбей.

№4 СИЗОнун башчысы буйрукту  аткаруудан баш тартат. Ачуусу мурдунун учуна келген ЖАМК төрагасынын башчысынын кеңешчиси документтерди алат да Бишкекке кайтат.

Бул жолугушууну тергөөдө күбө катары өткөн  Рысбек Касымалиев ушундай айтып берет. Анын айтымында, Качкыналиев кетери менен ал ар кайсы инстанцияларга медициналык бүтүмдүн мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчү менен каттарды жазып жөнөтөт. Бирок бирөөсүнөн да оң жооп алган эмес.

«Эртеси күнү эле Качкыналиев кайрадан иш бөлмөмө келди, - дейт Касымалиев тергөөдө берген көрсөтмөсүндө. – Бул жолу мөөрлөр басылган бүтүм менен келиптир. Документтерди таштап, менин сотко кайрылуумду айтты. Түштөн кийин кайрадан иш бөлмөмө келди: «Эмне болду, сотко кайрылдыңбы?». Мен анын оозеки көрсөтмөсүн аткара албай турганымды, ЖАМКнын жетекчилиги жазуу түрүндө көрсөтмө беришин талап кылдым. Качкыналиев урушуп кирди да, кызматтан кетүүм боюнча рапорт  жазуумду, анын 14 күндүк мөөнөттүн ичинде каралуусун   күтө албай турганымды кошуумду талап кылды. Мен ошондой кылдым – рапорт жазып, аны факс аркылуу ЖАМКга жөнөтүп, жумуштан кетип калдым.

Белгилей кетели, бул кылмыш жыттанган «атайын операцияга» катышуудан  баш тартып, ал үчүн кызматын садага чапкан  жападан жалгыз чиновник дал ушул Касымалиев  болду. Ага да себептер болсо керек: Батукаев жөнүндө  Нарындагы № СИЗОнун башчысы көптү билчү. Кримавторитет бир жылдан ашык убакыт анын кол алдында болуп атпайбы.

Ошол маалда мындай абал жогору жактагы кимдир бирөөлөрдүн кыжырын катуу келтирип, жанын жай алдырбай жатты. Ушундай сонун ишке ашып келаткан «операция» финалга жетейин деп калганда кайдагы аймактагы бир СИЗОнун башчысынын тежиктигинен ураганы жатса, кантип кыжырданбай кое алат!

Бирок мындай абал көпкө созулган жок, бат эле жолу табылат.

Баары булганган жок

2013-жылдын апрелинин башы.

Кылмышкер Батукаевди бошотуу боюнча “атайын операция” айрым мүчүлүштүктөрдү эске албаганда, аягына жакындап бараткан. Капыстан айтканын бербеген Нарындагы №4 СИЗОнун башчысы Рысбек Касымалиевден улам иштин жүрүшү солгундай түшөт. 

Эскерте кетсек, ал “оорулуу” Батукаевди түрмөдө мыйзамсыз бошотуу боюнча сотко кайрылуудан баш тарткан. Жумушунан өз каалоосу менен кетишин айтканда, кызматына тырмышкан жок. Ал “же колуңду коесуң, же медицинадан жоголосуң” деген тандоо койгондо кызматтын кулу болгон саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевадан айырмаланып, кызматына жанталашкан эмес.

Эми чынжырдан чыгып кеткен алсыз, жок, тагыраагы, күчтүү “звенонун” ордун ким менен алмаштыруу керек эле? №4 СИЗОнун башчылыгына кимди алып келүү керек деген маселе турду.

Кадырбек Калмуратов, Нарындагы №4 СИЗОнун режим иштери боюнча орун басары, агезде эмгек өргүүсүндө жүргөн эле. Ага ЖАМК төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев телефон чалып: “Сени чакыртып атабыз, тезинен Нарынга келип кал”- дейт.

Бишкектен Нарынга түндөп барган подполковник Калмуратовду таң атпай СИЗОнун алдынан Качкыналиев чыдамсыздык менен күтүп турган. Ал полковник Касымалиев өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин айтып, анын ордун Калмуратовго сунуш кылат, кичинекей “кызматы” керектигин, тагыраагы, Батукаевди бошотуу боюнча сотко кайрылса, полковник чини ыйгарыларын кошумчалайт.

Калмуратов сунуш боюнча жакшылап ойлонгондон кийин бул нерсеге азгырылгысы келбейт. “Силер мени эмнеге түртүп жатасыңар? СИЗОнун башчысынын көзү тирүү турбайбы, анын үстүнө мен эмгек өргүүдөмүн”,- дейт Качкыналиевге.  Албетте, минтип айтканы ЖАМК төрагасынын кеңешчисине жага бербейт, СИЗОнун башчысынын орун басары үйүнө кетип калат.

Бул Нарындагы түрмөчүлөрдү эмне кылыш керек өзү! Сөзгө да, эпке да келишпейт экен го!

Калмуратов эмгек өргүүсүндө жүргөндө анын милдетин №4 СИЗОнун улук опер кызматкери  Тилек Абылгазиев аткарып жаткан. ЖАМКнын жетекчилиги начальниктери аткаруудан баш тарткан  ыплас ишти дал ушул опер кызматкерге тапшырууну чечишет.

Улук опер кызматкер Абылгазиев ишеничти актады – Калмуратов Нарындан кете элегинде керектүү бланкаларды алып, Нарын шаардык сотуна Батукаевди бошотууга сунуштама берет. Ал өзүнүн кызмат абалына байланыштуу мындай сунуштама бергенге таптакыр укугу жок болчу. Батукаевдин бошотуу ишиндеги солгундай түшкөн механизм кайрадан ишке кирет.

Андан кийин Абылгазиевди Нарындан Бишкектин четиндеги Алга айылында жайгашкан №50 СИЗОго которушат, бул жерде ал абактын сырткы кайтаруусуна жооптуу кызматты аткарат. Бирок бул жер анын өмүрүн алган жай болду – 2015-жылдын октябрында өзгөчө кайтаруудагы абактан өмүр бою эрктеринен ажыратылышкан террористтердин тобу абактын 3 кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүп качып кетишет. Алардын арасында подполковник Абылгазиев да бар эле.

Баш бербеген Касымалиев Батукаев мыйзамсыз бошотулгандан кийин ызы-чуу орун алганда, №4 СИЗОнун башчысы милдетин кайрадан аткарууга аргасыз болот. ЖАМК анын кызматтан кетирүү боюнча буйрукка кол коюуга жетише элек болчу. Запаска ал  бир  жылдан кийин гана кетет. Кылмыш иши боюнча ал дагы, анын орун басары Калмуратов дагы күбөлөр катары өтүшүүдө.

Прокурордук интригалар

Кылмышкер Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинде дагы бир барьер бар эле – мыйзамдуулукту караган прокуратура.

Майрамбек Акматалиев, Кыргызстандын атайын прокурору Нарындагы СИЗОдон Батукаевдин бошотулушу боюнча факс аркылуу маалымат алары менен тынчсыздана баштайт.

2012-жылдын аягында кримавторитет катуу оорулуу экени, дарыланууга муктаждыгы боюнча маалыматтар чыга баштаганда, ал өзү ынануу үчүн Нарындагы СИЗОго барып, Батукаев менен жолугуп сүйлөшкөндөн кийин Батукаевдин калп эле оорулуу түр көрсөтүп атканынан шек санай баштайт. Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Саляновага келип маалымат берген. Бул маалыматтардын баарын Акматалиев тергөөнүн жүрүшүндө айтат.

Нарындагы СИЗОдон маалыматты алары менен ал өзүнүн түздөн-түз куратору, Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова менен байланышат. Ага медициналык бүтүмдөрдү текшерип чыгуу зарылдыгын айтат. Усманова бул маселе боюнча Салянованын өзүнө кайрылуусун айтат. “Бул маселе боюнча Салянова өзү иш алып барууда”,- дейт.

Башкы прокурордун иш бөлмөсүндө атайын прокурор 15 мүнөттөй болот. Акматалиев алып келген кагаздарды барактап чыккандан кийин Салянова: “Бул маселе боюнча жоопту кечирээк берем”,- дейт.

Салянова аны башка күнү өзүнө чакырат. “Мен зарыл адамдар менен сүйлөштүм”,- дейт Башкы прокурор (Акматалиев зарыл адамдар деп өлкө жетекчилигин айтып атканын түшүнөт). – Атайын прокуратуранын кызматкерлери соттук жыйынга катышып, Батукаевди бошотуу боюнча сунуштаманы колдошу керек”.

Тергөө менен кызматташууга барган шектелүүчү Майрамбек Акматалиевдин тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн:

“Мен Батукаевди бошотпошубуз керек экендигин, ал “мыйзамдагы ууру” экенин айттым. Ал бошотулса, биз элге эмне деп айтабыз?,- дедим. Салянова: “Эгерде сиз бул маселени чечпесеңиз, мен сизге байланыштуу маселени чечем”,- деди. Мен кызматымды жоготуп алуудан, башка көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүндүгүнөн чочулап, аргасыз макул болдум”.

Атайын прокуратурада интрига башталат. “Батукаевди бошотууга жардамын берүүгө” макулдугун бергенден кийин “больничный” алып, ооруканага жатып алат. Анын орун басары, атайын прокурордун милдетин аткаруучу Шайлообек Аймамбетов башка линия менен жүрө баштайт: атайын прокуратура Батукаевди бошотууга каршы турушу керек. Ал прокурордун абактардагы мыйзамдуулукту караган жардамчысы Кубатбек Жуматаевге дал ушундай нускама берип, Нарындагы сот  процессине катышууга жөнөтүшөт. Ал жакка ооруп жаткан атайын прокурор Акматалиев да барат.

Тергөө менен кызматташууга барган шектелүүчү Жуматаевдин көрсөтмөсүнөн:

“Мен Нарынга 2013-жылдын 9-апрелинде эртең менен эрте Бишкектеги Батыш автовокзалынан такси аркылуу чыгып кеттим. Болжол менен саат 12лерде Нарында болдум. Нарын ШИИБнин алдынан мени прокурор Акматалиев тосуп алды, ал өзүнүн көк түстөгү “БМВ-745” автоунаасында экен. Мен анын авто унаасына олтурдум. Ал мага буйрук иретиндеги тон менен оозеки көрсөтмөлөрдү бере баштады: Мен кынтыксыз түрдө ЖАМКнын №24 мекемесинин (расмий аталышы Нарындагы №4 СИЗО) Батукаевди бошотуу боюнча сунуштамасын колдоого алышым керек. Анан мен сот процессинде өзүмдү кандай алып жүрүүм керектиги боюнча нускамаларды берди. Мен таң калып, анын айткандарын аткаруудан баш тарттым: Аймамбетов мага Батукаевди абактан бошотуу боюнча сунуштаманы колдоого албашымды айткан. Анын жардамчысы да мага чалып, колдоого алба деди, бул өкмөт эртең кетет, анан мага жооп берүүгө туура келет. Акматалиев мени уккандан кийин: “Биз кимди угабыз? Аймамбетовдубу же… башкалардыбы? Биз бул сунуштаманы колдобой кое албайбыз”. Мен муну түздөн түз жетекчинин буйругу катары кабыл алып, макул болууга аргасыз болдум. Акматалиев №4 СИЗОнун имаратына алып барды”.

Атайын прокурор “башкаларды” деп айтканда албетте, биринчи кезекте  Башкы прокурор Салянованы айткан.

Бардык жолдор Нарынга алып барат

2013-жылдын апрелинин күндөрү Нарын Бишкектен барган чиновниктердин ордосуна  айланды. Жогорку даражалуу чиновниктер да, төмөнкү даражадагылары да бар. Болгону жергиликтүү абакта кылмышкер Батукаев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан үчүн гана ушундай болуп жатты.

Ал жерде бизге белгилүү Марат Бекенов, УКМК төрагасы Атахановдун (андан кийин Атаханов ИИМдин башчысы, агезде күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр болуп турган) мурдагы кеңешчиси да болуп кайткан. Эскерте кетсек, тергөөдө Бекенов 2012-жылдын аягында Атаханов менен урушуп кетип, Батукаевди бошотуу боюнча “атайын операцияны” ишке ашыруу менен алектенбей калганын айткан. Бирок ошол кездеги Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов тергөөдө башкача айткан: “Бекенов келди, мага чалып, шаардын четинде жолугушуу белгиледи. Анда ал Батукаевди бошотуу боюнча сунуштама жакынкы күндөрү берилерин, анын оорусунун диагнозу далилденгенин айтты. Жолдубаеванын атынан (президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы) Бекенов сунуштаманы бир күндө карап, Батукаевдин колуна соттун чечимин карматып, сот залынан бошотуумду суранды. Мен мындай тездетилген процессти жүргүзүү үчүн соттук жыйынга бардык медициналык эксперттердин катышуусу зарыл экендигин айттым. Бекенов баары айтылгандай болорун билдирди”.

Андан бир канча күндөн кийин Батукаев мыйзамсыз бошотулуп, өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткенден соң өлкөдө саясий ызы-чуу орун алат. Шектүүлөрдүн тизмесине сот Эрматов да илинет. Ошондо ал аны ушул авантюрага түрткөн - президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаевадан колдоо тапканга аракет көрөт.

Тергөөдөгү Жапар Эрматовдун көрсөтмөсүнөн: “Депутаттык текшерүү башталды, мени Жогорку Кеңешке чакырышты, ал жакта мага депутаттар кысым көрсөтүштү. Мен Жолдубаевага кирип, эмне үчүн Батукаевдин диагнозу жасалма экендиги боюнча, Батукаев ошол эле күнү өлкөдөн сыртка чыгып кетери тууралуу  кабардар кылбаганын сурадым. “Диагноз мыйзамдуу», - деп жооп берди Жолдубаева. – Ал эми өлкөдөн чыгып кетүүсү атайын операциянын бир бөлүгү”. Ал менден атайын операциянын жагдайлары боюнча эч жерде айтпашымды өтүнүп, жумушум боюнча мага мындан ары жардам көрсөтөрүн айтты”.

А Жолдубаева өзүчү?

Ал өзүнүн күнөөсүн үч соттолуучулардай эле мойнуна албай келет: “Батукаевди бошотуу операциясы боюнча мен жетектеген бөлүм иш алып барган эмес, анын функциясына кирбеген. Нарын шаардык сотунун төрагасы Эрматов менен тааныш эмесмин. Бекенов менен бир кезде Өкөттүн аппаратында чогуу ишткешкенбиз. Батукаевди бошотуу маалында ал мага бул маселе боюнча кайрылган эмес”.

Эгерде Жолдубаеванын айткандарына ишенсек, анда баары алдап аткан болуп чыгат. Бекеновдун Атахановдун тапшырмасы менен Жолдубаевага барып, Нарындагы сот Эрматов менен сүйлөштүргөнү да калп болуп калабы? Жолдубаева тааныбайм деген сот Эрматов Жолдубаеванын иш бөлмөсүндө бир канча жолу болгонун айтпадыбы.

Салянова эмнени моюндады?

2013-жылдын 9-апрелинде Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйыны өткөн Нарындагы №4 СИЗОнун имаратына келсек. Кыргызстандын ченемдери  менен алып айта турган болсок, ал эң жогорку деңгээлде уюштурулган. Баары катышат - ЖАМКнын медициналык комиссияларынын мүчөлөрү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, атүгүл Акыйкатчынын өкүлү да бар.

“Жыйындын бардык катышуучулары, - деп эскерет тергөөдө атайын прокурордун жардамчысы Жуматаев. - Батукаевге коюлган диагноздун тууралыгын тастыктап жатышты, баары бир ооздон Батукаев өлүм алдында жатканын белгилешти. Мен каршы чыкканга шылтоо издеп жаттым, бирок материалдар, катышуучулардын көрсөтмөлөрү мени башкача сүйлөөгө аргасыз кылып жатты. Айла жок мен атайын прокурор Акматалиевдин буйругун аткарып, Батукаевди бошотуу боюнча сунушту колдоого алдым. Мен процесстен чыксам, эшикте прокурор Акматалиев жок экен. Мен анын уюлдук телефонуна чалып, соттук процесстин аяктаганы боюнча маалымат бердим. Ал Нарындагы бир кафеге келүүмдү айтты. Ал жерден соттун чечиминин көчүрмөсүн бердим да, такси менен Бишкекке келе бердим”.

Бул маселе боюнча жаңжал чыкканда, атайын прокурордун жардамчысы Жуматаевди да парламентке бир канча жолу чакырышат. Төмөндө ушул окуяларга  байланыштуу кызыктуу эпизод:

“Мени Башкы прокурордун орун басары Усманова өзүнө чакырды,- деп айтат Жуматаев тергөөдө көрсөтмө берген учурунда. – Мен анын иш бөлмөсүнө киргенде, ал: “Депутаттык комиссияга эмне деп айтасыз?”,- деп сурады. “Билбейм”,- деп жооп бердим. “Ашыкча эч нерсе айтпаңыз”,- деди Усманова. - Сунуштаманын материалдарына гана таяныңыз, процесстин башка катышуучуларынын позициясын колдогонуңузду айтыңыз”,- деди. Депутаттык комиссиянын жыйынында дал ушул көрсөтмөдөй жоопторду бердим, атайын прокурор Акматалиевдин буйругу боюнча эч нерсе айткан жокмун”.

Бирок бири бирин коргоп, ооз жапты кылуу айлампасына прокурорлордун баары эле катышкысы келбейт. Жогоруда аты аталган прокурор Шайлообек Аймамбетовдун жаны жай албай, Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечимди жокко чыгаруу аракет көрөт.

“Мен Башкы прокурордун орун басары Усманованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Сотко кайрылып, Нарын шаардык сотунун Батукаевди бошотуу чечимин жокко чыгарып берүү сунушун киргизеримди айттым”,- дейт тергөөдө Аймамбетов. Ага Усманова жооп кылып, сунуш киргизүүнүн зарылчылыгы жоктугун билдирип, “Батукаевдин маселесин сенин прокуроруң Акматалиев менен Башкы прокурор Салянова чече беришсин”,- деп кошумчалайт.

Башкы прокуратура прокурор Аймамбетовго (Батукаев авантюрасы боюнча жоопкерчилик тарткысы келбеген) мыйзам чегинде расмий жооп бере турганын билдирет. Бир жумадан кийин Аймамбетов андай жоопту алат.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы М.Кулжабаев Аймамбетовго жолдогон катында “Нарын шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу сунушун киргизүү КРнын Кылмыш Жаза Кодексинин талаптарына каршы келерин” айткан.

Бул “атайын операцияны” ишке ашыруу үчүн чыгарылган соттук чечимди жокко чыгарууга албетте, эч ким аракет көрбөстүгү өзүнөн өзү түшүнүктүү эле.

Ал эми Аида Салянова боюнча эмнени айтууга болот? Анын эрки менен прокуратура да бул кылмыштуу авантюрага аралашып калдыбы? Кандай жол менен ал соттолгондордун арасында эмес, тергөө менен кызматташкан  шектүүлөрдүн арасында болуп калды? Ал эмнелерди моюндаган?

Төмөнкүлөрдү айтып берген.

2013-жылдын жазында, парламентте Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу маселе талкуулангандан кийин Салянова кайсы бир иш боюнча президент Атамбаевге кирип калат. Жолугушууда “батукаевдик” кырдаал тууралуу да сөз болот.

“Мен жетиштүү негиздер болсо, кылмыш иши козголо турганын айтсам, Атамбаевдин катуу ачуусу келди,- дейт тергөөдө А. Салянова. – Буга чейин мен аны мындай абалда көргөн эмес элем. Атамбаевдин каары келип, кыйкырып кирди: “Эмне, прокуратуранын башка иши жокпу?! Криминалдык абал Батукаевди бошотууну талап кылды, анын үстүнө ал өзүнүн мөөнөтүнүн жарымынан көбүн отуруп койду. Мен жеке өзүм мамлекеттик органдардын жетекчилерине аны бошотууга тапшырма бергем!”. Андан соң Атамбаев бир аз өзүнө келип, төмөнкүнү айтты:“Эмне кылсаң өзүң бил, кийин өкүнбөсөң болду”. Ал учурда мен Батукаевдин бошотулуусу мыйзамдуу болгонуна ишенгендиктен, Атамбаевдин коркутуусун мыйзамсыз кылмыш ишин козгоодогу жоопкерчиликти эскерткендик катары кабыл алдым. Бирок, кийинки окуялар алыскы кесепеттерин эске салган коркутуу болгон экен”.

Атайын бөлүк менен узатуу

“Атайын операциянын” жыйынтыктоочу фазасы ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин катышы жок өтмөк эмес. Соттук жыйындан бир күн мурда ал Нарынга кеңешчиси Калыбек Качкыналиев менен ЖАМКнын “Омега” бөлүгүнүн 4 жоокерин жөнөтөт. Рысалиевдин айтымында, атайын жоокерлер  Батукаевди кандайдыр кол салуулардан коргоо (эгерде сот аны бошотуудан баш тарткан чечим чыгарса) үчүн керек болчу. Же бошотулган Батукаевди башка кылмыштуу топтор тарабынан болчу кол салуулардан коргоого керек эле.

“Мага Качкыналиев Батукаевди сот залынан бошотуу чечимин кабыл алганын, чечими 10 күндүн ичинде кайрадан даттанууга жатпай турганын айтканда, мен Нарын ШИИБнин кызматкерлери менен байланышып, Батукаевдин кыймылын көзөмөлгө алдыруусу боюнча тапшырма бердим”,- дейт Рысалиев тергөөдө берген көрөтмөсүндө. – Андан соң Качкыналиевге Батукаевге оперативдик байкоо жүргүзүп, Батукаевдин артынан жүрүү тапшырмасын бердим. Бул Батукаев жолдо келатып башка колонияларга кирип кетпеши үчүн керек болчу. Жазылбаган мыйзам боюнча, “мыйзамдагы ууру” боштондукка чыкса, жолдогу бардык колонияларга кирип, андагы көйгөйлөрдү чечиши керек. Ал эми Нарындан Бишкекке келаткан жолдо күчөтүлгөн режимде миңдеген адамдар жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан бир канча колониялар бар”.

Ал эми төмөндө бүгүн соттолуп жаткан Качкыналиевдин берген көрсөтмөсү: “Оперативдик абал курч болгондуктан, кол салууга жол бербөө максатында Батукаевге келген автоунааларды СИЗОнун короосуна киргиздик, анын кайсы автоунаага отурганын эч ким көрбөшү керек эле. Үч автоунаа кирди, менин Субару Форестерим жана Батукаевдин эки автоунаасы. Ак түстөгү жолтандабас жана күңүрт түстөгү Ауди-100. Батукаев карындашы Яха менен жолтандабаска олтурушту, “Омега” бөлүгүнүн толугу менен куралданган кызматкерлери Ауди-100 автоунаасында болушту. Болжол менен саат 15:00 чамасында чыгып кеттик, саатына 110-120 км. ылдамдыкта жүрдүк”.

Иштин баарын Кочкор айылында кортежди токтоткон Нарын ОИБдин кызматкерлери бузуп кое жаздашат. Кийин белгилүү болгондой, айрым милиция кызматкерлери Батукаевдин республиканын аймагынан чыгып кетүүгө тоскоолдук кылууга аракет көрүшкөн экен. Бирок ЖАМК төрагасы Рысалиевге кеңешчиси Качкыналиев телефон чалганда, Рысалиев ыкчам түрдө Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевге телефон чалат. Ал ИИМ башчысы  Абдылда Суранчиевге президенттин атынан телефон чалып, Батукаевдин чыгып кетүүсүнө тоскоолдук кылбоо керектиги боюнча буйрук берет. Ошентип, андан ары кортеж жолун улайт.

Кантта кортеж токтойт (Батукаевге дүкөнгө кирүү керек эле). Качкыналиев ЖАМК төрагасынын көрсөтмөсү менен Батукаевден каякка бара турганын сурайт. Батукаевдин “Аэропорт “Манаска”- деген жообу генерал Рысалиевди тынчтандырбайт. Ал өзүнүн кеңешчисине кримавторитетти аэропортко чейин коштоп барууга буйрук берет.

“Аэропорттун жанындагы автоунаа токтотуучу жайда 1 сааттай турдук”,- дейт тергөөдө Качкыналиев. - Анан автоунаалар кайдадыр кетип калышты, Батукаев өзүн тосуп алгандар менен бирге VIP-залдан каттоодон өттү. Кийинчерээк  залдын кызматкерлеринен Батукаевдин каякта экенин сурасам, алар анын учакта отурганын, Грозный шаарына учуп кетерин айтышты. Мен Рысалиевге чалып, абалды билдирдим, ал: “Эгерде Батукаев учуп кетсе, үйүңө барып эс ала бер”, - деди”.

“Атайын операция” соңуна чыкты. Анан дароо эле талаш, териштирүүлөр башталды. Генерал Рысалиевдин айткандарындагы кызыктуу жагдайга токтолуп кетели. Депутаттык комиссиянын жыйынында ал Феликс Куловдон, башка депутаттардан “сен кызматыңдан бошойсуң” деген сыяктуу сөздөрдү угат.

“Маанайым жок абалда жумушума келдим, - дейт тергөөдө Рысалиев. – Иш бөлмөмдөгү жеке буюмдарымды жыйнай баштадым. Бир аз ойлонуп, уюлдук телефондон Атамбаевдин өзүнө түз чалууну чечтим. Мен президенттин бүт тапшырмасын аткарып, мамлекеттин кызыкчылыгында иш алып барганыма карабай мага жакшы эмес мамиле кылышканы көңүлдү оорутту. Мен “эмне, чын эле кызматынан кетирилдимби?”– деп сурадым президент телефон чалуума жооп бергенде. “– Мындан ары эмне кылышым керек?”. “– Сен азыр каяктасың?”- деп сурады президент Атамбаев. Мен иш бөлмөмдө олтурганымды айттым. “Азыр сага кабарчылар барат, сен ЖАМКнын ишин жакшыртуу боюнча мындан аркы пландарың тууралуу айтып бересиң. Бул сенин кызматыңда кала турганыңа далил болот, а Кулов менен өзүм сүйлөшүп коем”, - деди. Ошондон кийин мага эч ким тийишкен жок, мен өзүмдүн ишимди уланта бердим”.

Алмазбек Атамбаев болсо тергөөдө дагы, сотто дагы көрсөтмө берүүдөн  баш тартып, бир ооз сөз айткан жок. Бирок ага каршы көрсөтмөлөр жетишерлик эле болду.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иштин айыптоо корутундусунун актынан:

“А.Атамбаев, мамлекеттин башчысы, т.а. Кыргыз Республикасындагы эң жогорку кызмат адамы болуп туруп, Кыргызстандын элинин алдында берген антын бузуп, материалдык ж.б. кызыкчылыктарды көздөп, мамлекеттик жана сот органдарынын жетекчилери менен мыйзамга каршы байланыштарды түзүп алып, уюшкан кылмыштуу топтун лидерин, “мыйзамдагы ууру” А.Батукаевди жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жеринен мыйзамсыз бошотууну уюштурган жана ишке ашырган.

Муну менен ал мамлекеттик бийликтин кадырына доо кетирди, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы корголушу, кылмышкер сөзсүз жазаланышы керектиги боюнча принциптерди жокко чыгарып салды. Бул кылмыш чоң коомдук резонанска ээ болду жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон тескери мамилесин жаратты”.

P.S.  Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында шерменде эле кылбастан, элдин акыйкаттыкка болгон ишенимин жокко чыгарган кылмыштуу авантюра эмне себептен ишке ашырылган?!

Эгерде ушунун баарын баштаган Шамиль Атахановдун айткандарына ишенсек, анда чечен “өнөктөштөр” Кыргызстанга Жаныш Бакиевди кармап, алып келип берүүсү үчүн жасалган болот. Баса, бул дагы мыйзамсыз. Анан эмне болду, бериштиби? Албетте жок, форс-мажордук абал аларга тоскоолдук кылды. Бандиттер менен мамиле кылсаң ушундай болот!

Атамбаев бул “жеңиши” менен кыргыз элинин алдында мактана алган жок. Мактанган күндө да анын баасы кандай болмок?

Медиктер менен күч түзүмүндө иштегендердин ар намыс, абийирлери тепселенди…

Бүтүндөй мамлекет уят болду, кайдагы бир кылмышкер оңой эле жол менен мамлекетти “алдап” чыгып кетти…

Эң эле коркунучтуу баасы – принциптин жоктугу, мыйзамдын иштебегендиги боюнча Кыргызстандын жаштары алган сабак. Бул окуядан кийин бийликке болгон ишеним болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Эгерде мамлекет жаштарынын калыстыкка, акыйкаттыкка болгон ишенимдерин жаштайынан өлтүрсө, ал мамлекетти кандай келечек күтөт?

Бир нерсени билүү кызык: Алмазбек Шаршенович, сизди абийириңиз кыйнап атабы?

Вадим Ночевкин, “Дело №”

Булак: “Майдан.kg” гезити