Кеп-өңүт

Кадамжай районунун Чечме, Өзбекстандын Сох  районунун  Чашма айылынын тургундарынын булакты биргеликте тазалап жатышып, анан “бул кимики? сеники эмес,  биздики” деген  талкууга өтүшүп, анын таш бараңга алышуулар менен аяктагандыгы - бир жагынан, тышкы саясатта чек аралар маселелерин артыкчылыкта карап, тезирээк чечүүнүн зарылдыгын дагы бир ирет  ырастаса, экинчи жагынан, чек ара маселерин  ЖМКларда, эл арасында талкуулоодо өтө этият болууну, эгерде анда эмоциялар үстөмдүк кылып кетсе, бир каргаша чыга тургандыгын көрсөттү. 

Буга чейин Тажикстан менен Кыргызстандын Баткен облусунун айрым айылдарында жашаган тургундарынын ортосунда бир нече жылдан бери тынчыбай келаткан жаңжалдар элдин, бийликтегилердин баш оорууларына айланса, ага Өзбекстандын Кыргызстандагы анклавдарынын көйгөйлөрү кошулуп, абал азыркыдан да оорлоп кетиши мүмкүн экендиги даана көрүндү. Бирок, кызуулукка алдырбай сандарга кайрылсак, Тажикстан менен болгон талаштарга салыштырганда Өзбекстан менен чек араларды делимитациялап, демаркациялоо маселесинде жылыштар чоң.  Кошуна республиканын башына Ш.Мирзеёв келгенден бери ал процесс аршиндеп илгерилегенге өттү. Эгерде Кыргызстандын  Өзбекстан менен  чектешкен жерлеринин жалпы узундугу 1378 километр болсо, эки мамлекеттин жетекчилери алардын 95 пайызы боюнча бир пикирге келишкен. Алдыда алардын 5 пайызы боюнча бир пикирге келип, аны протоколдоштуруу милдети турат. Чек ара маселесинин кийинкиге жылдырылган ар бир күнү жогоруда аталган өлкөлөр менен чектеш айылдардын тургундары үчүн ашыкча кыйынчылыктарга, кээде жоготууларга да туруп жаткандыгын көрүп жатабыз.

Тилекке каршы, чек ара маселесин чечүү үчүн бир өлкөнүн каалоосу, эрки аздык кылат. Ал үчүн сүйлөшүүлөргө келишкендердин  да конструктивдүү каалоолору, ак ниет эрктери болушу зарыл. Анан кайсыл өлкө кошунасынан  чек ара маселесин тезирээк чечүүнү талап кыла берсе, ал  өз позициясын начарлатат, ошончолук көбүрөөк өлчөмдөрдө компромисстерге, атүгүл “уступкага” барууга даяр болушу  талап кылынат. Мына ушулардын бардыгы коңшулаш Тажикстан, Өзбекстан менен болгон чек ара маселелерин биротоло чечүүнү кечеңдетүүдө. Билишибизче, кошуна өлкөлөр айрым анклавдары үчүн Кыргызстандан коридор берүүнү да суранышууда. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына түп тамырынан каршы келген ишке ашкыс нерсе. Анда республикабыздын айрым айылдарынын анклав болуп калуу коркунучтары жаралат. Бирок, кошуна өлкөлөрдүн сүйлөшүүчүлөрүнүн арасында чек ара маселелерин чечүүнү  улам татаалдаштырып, кийинкиге калтырып, чыр-чатактарды көбөйтө берсек, акырында  демократчыл элдин кысымынан, нааразылыгынан коркуп, биз талап кылгандардын бардыгына болбосо да негизгилерине көнгөнгө аргасыз болушат. Биздин эл кыңк этпей жогортодон айтылгандарга көнүшөт, ал эми булардыкы маселелерди  апыртып, жапыртып, көбүртүп жабыртып, ызы-чууларды көбөйтүп,  бийликтегилерин алдастатып жибергенге көнүп калышкан. Ошондуктан  анча-мынча  чатактар, чыгашалар болуп турар, андан кемип кетпейбиз, маселе создуктурулгандын пайдасы эле болбосо, бизге зыяны тийбейт,-деген маанидеги тактиканы кармангандары болушу да мүмкүн.  Чындыгында  эле биздин тургундарыбыз ызы-чууларды көбөйтүп, бийликтегилерди  өмгөктөй  беришсе, ал  атаандаштарыбыздын кызыкчылыктары үчүн кызмат кыларын да бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Тилекке каршы, бизде сырттан келип жаткан жардамдарга да каршы болуп, аларды өздөрүнүн жекече кызыкчылыктарына байланыштырып чечүүнү талап кылган жарандык активисттер да бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Чек аралардан жаңжал чыккан сайын алардын чүкөлөрү  айкүрүнөн туруп, ашыкча ызы-чууларды күчөтүшүүдө.

Менин оюмча, чек ара маселелерин чечүүнүн   бир гана оптималдуу жолу бар. Эки мамлекеттин  биринчи жетекчилери сүйлөшүп,  чек аранын аркы-берки беттерине чатыр тиктирип, ага ар өлкө тийиштүү  жетекчилерди, адистерди жайгаштырып, бир жумада бүтөсүңөрбү, бир айга созосуңарбы же бир жыл кыштайсыңарбы, айтор, чек аралардын баарын делимитациялап, кол коюуга даярдамайынча кетпейсиңер. Силердин иш ордуңар ушер. Бир принцип  менен чече албасаңар башкасын издегиле. Эки жактын тургундарын нааразы кылсаңар, биринчи таш бараңга силер туш болосуңар. Анда өзүңөрдөк көргүлө - деген мааниде талап коюп, наказ берсе, чек ара маселелери тез эле чечилмек. Акылман элибиз айткандай, өлүмдөн башканын бардыгынын бир аргасы табылат. Ал арганы күнү-түнү тынбай издөө гана керек.  Эгерде сүйлөшүүлөр азыркыдай формада улантылып, тийиштүү жетекчилери анда-санда кошуналардагы коллегалары менен жолугушуп, кичине  проблема келип чыкса, аны кийинкиге калтырып таштап,  анан түбөлүк достуктун урматына чай-пай ичишип, келерки жаңжалга чейин кучакташып таркап кетип жүрө беришсе, ал дагы чейрек кылымга созулушу ыктымал. Ага эл күтпөйт.

Биздин баш жеткенге бийликтегилердики деле жетет, ошондой кылышат. Ага чейин биз, өзгөчө саясатчылар  кошуна өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын тегирмендерине суу куйбай турсак.

Мирлан Дүйшөнбаев,

Жогорку Кеңештин эксперти

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: