Ачуу чындык

“Өнүгүү-Прогресс”  фракциясындагы  депутат Тазабек Икрамовдун демилгеси менен “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу  жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.  Анда “чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсеби болгондор, 319-коррупция беренеси менен соттолгондор жана алардын жакын туугандары парламент депутаты боло албайт” деген өзгөртүү сунушталган.

Биздин оюбузча, өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигинин эң башында тургандар мамлекет башчысындай, өкмөттүн жетекчилериндей эле кристаллдай таза болуулары зарыл. Ошондуктан коррупция боюнча гана эмес, өздөрү же жакындары оор кылмыштар боюнча айыпталгандар да парламенттик шайлоолорго катыша албай тургандыгы тууралуу   өзгөртүү да киргизилүүсү зарыл. Анан дагы бир тактоочу маселе, чет элдик банктарда кимдердин каражаттары бар экендигин аныктоо  атайын кызматтардын (биринчи кезекте эл аралык), жардамысыз  мүмкүн эмес, бир да бай чет өлкөлөрдөгү түгүл, ата мекендик банктарда деле канча акчасы бар экендигин ачыкка чыгарбайт. Ал эми аларга салыштырганда кыймылсыз мүлктөрдү тактап-тастыктоо алда канча жеңил, каттоочу  жайларда, алар үчүн алык-салыктарды төлөгөн жерлерде жазылып турат. Ал эми мамчиновниктерге келе турган болсок, чет өлкөлөрдө кыймылсыз баалуу мүлктөрү барлар парламенттин азыркы курамында деле жетишерлик. Эмне үчүн чет өлкөлүк банктарда  долларлары барлар мекенчил эмес, шектүү адам катары каралып, АКШ, Англия, Швейцария, Бириккен Араб  Эмираттары, Россия сыяктуу  ж.б. мамлекеттерден ондогон  миллион долларлык  жерлерди,  замокторду, коттедждерди,  пентхаустарды сатып алып жаткандар алардын катарына киргизилбеши  керек? Азыр айрым байлар кирешелерине, майлуу-сүттүү  мекемелерди  жетектеген мамлекеттик  кызматкерлер коррупциялык  жолдор менен тапкандарына чет өлкөлөрдөн жерлерди, кымбат баалуу  үйлөрдү, квартираларды сатып алып жатышканы эч кимге деле жашыруун эмес. Алардын айрымдары  чет өлкөлөрдөгү кыймылсыз мүлктөрү жөнүндө мурдагы бийликтердин тушунда  ачык айтып, мактанып да  жүрүшсө,  эмнегедир азыркы бийликтин  тушунда  гана тилдерин тиштерине басып унчукпай калышты.

Чындыгында Кыргызстандын элинин  жана бийлигинин  түздөн түз жардамы, көпчүлүк учурда жарандарыбызды кулдардай же  душмандардай аёосуз эксплуатациялоо аркылуу табылган каражаттардын жаңы жумушчу орундарын түзүү, жеңилдетилген кредиттөөнү уюштуруу, же айлыктарды көбөйтүү, социалдык колдоолор ж.б. аркылуу   элге, мамлекетке пайдасын тийгизбестен сыртка чыгарып кетүү -  чыккынчылыктын, кыянаттыктын эң жеткен чеги болуп саналат. Тилекке каршы, андай кыянатчылдар Кыргызстанда толтура. Маселен, жарандарды элементардык шарттары жок базар атпайларга, көмүскөдөгү   самопал тигүү цехтерине, чакан жана орто ишканаларга шыкап таштап, аларды күнүгө 12-16 сааттан иштеткен менен жарытылуу айлык төлөбөгөндөрдү  кимдерге салыштырса болот?  Ал эми кафе, ресторандарда, сауна, эс алуу түйүндөрүндөгүлөрдүн   ж.б. түндөп-күндөп тыным албай иштешери жалганбы?

Азыркы олигархтардын арасында жөнөкөй мекендештерин башка чапса кыңк, бутка чапса мыңк этпес бечаралар катары карагандар аз эмес. Жер жайнаган укук коргоочу атпайлар саясат менен алектенгенден көрө, энелерибиздин, эжелерибиздин, карындаштарыбыздын, курулуш фирмаларында иштеп жатышкан ага-инилерибиздин укуктарын коргошсо, эл алдында да жүздөрү жарык болмок. Бирок, алар ичтен, сырттан гонорар төлөнгөн, көтөрүлүш, төңкөрүш уюштурганга жулкунган саясатчылардын гана укуктарын коргошот.

Бул ыгы келгенде  аргасыз айтылып кетти. Мыйзам чыгаруу бийлигине социалдык жактан коркунучтуулардын келишине кошумча бөгөт коюу демилгесине келсек;  менин  оюмча,  ал ишти тийиштүү укук-ченемдик актылардагы “соттолгонду  жоюу” деген балээни кыскартуудан же биротоло алып таштоодон баштоо  керек. Ансыз Т.Икрамовдун демилгесинде көтөрүлгөндөй терс көрүнүштөр азайбайт. Эгерде  тигил же бул жарандын саясый иш аракеттери  убагындагы бийликке  жакпай калып, жалган  жалаалардын негизинде  камалганы толук далилденсе, аны боштондукка гана чыгарбастан соттолгонун да алып таштаган эң адилеттүү чара болот.  Жалган айыптоолор менен камалгандар  сөзсүз акталуусу зарыл. Мындай чараларды  кокустуктан кылмышка туш болгондор, өзүн же үй мүлкүн, жакындарын  коргоодо байкабай мыйзам чегинен чыгып кеткендер же бирөөлөрдүн мажбурлоосу аркылуу  кылмышка баргандар, майда бейбаштык жасагандар  үчүн да колдонсо болот. Бирок, атайылап пландаштырып, андан да жаманы көп убакыттар  бою мамлекетке ири өлчөмдөгү зыяндарды келтирүү менен  кылмыш жасап жүргөндөрдөн, мекенге, элге чыккынчылык кылгандардан, адамдардын өмүрлөрүнө жана ден соолуктарына оор залал келтиргендерден    эч качан  соттолгондугу  алынбашы керек.  Мурдагы Союзда ашынган коррупционерлер элге, мекенге  чыккынчылык  кылгандар катары каралышса, азыр деле көпчүлүк өлкөлөрдө  аларга диверсанттардай, террористтердей, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн иштеген шпиондордой жазалар колдонулат. Чындыгында коррупция дегенибиз, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин отурумунда туура айткандай,  элдин  душманы, коомду  иритип-чириткен сары чырмоок. Алардан соттолгондугун алып салуу - дагы мурдагы көнгөн ишиңди жасай бергин дегендей эле чара болуп калат.

Депутат Тазабек Икрамовдун мыйзам долбоорун мына ушул жогоруда айтылгандай өңүттөрдө  күчөтүү,  дагы конкреттештирүү талап кылынат. Ал мыйзам долбооруна кошо  “соттолгондукту  жоюу тууралуу” мыйзам долбоору  да каралып,  ага жогорудагыдай өзгөртүүлөр киргизилсе, депутаттын бир жолу коррупционердиги ашкереленгендерди экинчи жолу мамлекеттик жооптуу кызматтарга келтирбөө боюнча аракети максатына жетмек.

Булак: “Майдан.kg” гезити