Криминалдык саясий детектив

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча жүрүп жаткан чуулуу кылмыш ишине байланышкан сот иштери аягына чыгып калды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда тергөө менен кызматташууга барган фигуранттарды  суракка алуу иштери аягына чыгарылып, алар ачык көрсөтмөлөрдү беришти.

Алдыда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин (ал тергөөдө сөз сүйлөөдөн баш тарткан), Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Индира Жолдубаеванын, ЖАМКнын мурдагы башчысы Калыбек Качкыналиевдин кеңешчисинин жана Гематология борборунун мурдагы  башчысы Абдухалим Раимжановдун суралышы күтүлүүдө.

Соттук процесстер жабык өтүп, анда болуп жаткандар тууралуу коомчулук адвокаттардан билүүдө. Ал эми жактоочулар кызыктуу эч нерсе жоктугун, күбөлөр соттун жүрүшүн өзгөртүүчү  маалыматтарды беришпегенин айтышууда.

Бирок, редакцияга кызыктуу документ келип түштү (башка редакцияларда да бар).  Тагыраагы, соттук процесстин  башталышында угузулган айыптоо акты. Анда бул авантюранын катышуучуларынын көрсөтмөлөрү да жазылган. Көрсөтмөлөр кызыктуу да, сенсациялуу да экенин белгилей кетели. Ал  көрсөтмөлөрдү фигуранттар сотто  тастыктап беришкени белгилүү болду.

Сырдуу ортомчунун сапары

Баары Шамиль Атахановдон башталган, агезде, 2012-жылы Атаханов Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы кызматын аркалап турган.

Анын тергөөдө берген көрсөтмөлөрү толугу менен жашырылган. Бирок өткөн жылдын аягында интернетте эки күбөнүн, Атамбаев менен Атахановдун жолугушуусунун протоколунун фотокөчүрмөсү жарыяланган. Ал иштеги боштуктардын ордун толтуруп, окуя боюнча жаңы маалыматтарды  алууга мүмкүндүк берет.

Ошол жолугушууда Атаханов бир ирет анын кабыл алуусунда  Москвадагы «Огонек» журналынын кабарчысы Алимжан Мирзаев деген болгонун, ал өзү менен кошо Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев менен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров тууралуу  сүрөттүү китеп ала келгенин,  ага китепти көрсөткөндөн кийин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тууралуу да ушундай эле китепти даярдап берерин билдиргенин айткан.  Бирок китеп тууралуу сөз кылуу жөн гана шылтоо болгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мирзаев Атаханов менен Рамзан Кадыровдун жакын санаалаштарынын бири, Россиянын МамДумасынын  депутаты Адам Делимханов жолугушкусу келип атканын айткан. Атаханов кандай маселе боюнча жолугушууну каалап жатканын сураганда, журналист: «Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин оорусу боюнча» деп жооп берген.

Азырынча кылмышкер Азиз Батукаевдин иши боюнча эмнеге  Алимжан Мирзаев ортомчу болгондугу белгисиз бойдон калууда. Ал чындап эле «Огонек» журналынын мурдагы кызматкери, тажрыйбалуу PR адиси, ошол эле Минтимер Шаймиев сыяктуу аймактык жетекчилер менен маектерди  уюштуруп жүргөн журналист. Алимжан Мирзаев деген кезинде Чыңгыз Айтматовдун кеңешчиси да болуп иштеген. Нюрнберг шаарындагы жазуучунун өмүрүнүн акыркы күндөрүнөн көзү өткөнгө чейинки абалы тууралуу (2008-жылдын июну) комментарийлерди дал ушул Алимжан Мирзаев берип турган. 

Башка бир табышмак – эмне үчүн чечен лидерлери Шамиль Атахановго дал ушул сырдуу ортомчу аркылуу чыгууну туура көрүшкөн? Ал эмнеси менен белгилүү эле? Аларды кандай иштер байланыштырган?

Атаханов көрсөтмөдө айткандай, бул сүйлөшүүлөр тууралуу Атамбаевге жеткирген, ал жолугушууга уруксат берген. Делимханов менчик учагы менен Бишкекке учуп келген. Ал келгенден кийин учактан чыккан эмес, сүйлөшүүлөр учактын бортунда өткөн. Таасирдүү чечен саясатчысы Кыргызстандын УКМК төрагасына Батукаевдин айыккыс оору менен ооруй турганын, демек, аны бошотуп Чеченстанга жиберүүгө негиз бардыгын билдирген. Ошол жерден Атаханов эмне кыларын билбей калган…

2011-жылдын аягында Атамбаев жаңыдан президент болуп шайланары менен ошол кездеги УКМК башчысы Атахановго мыйзамсыз жол менен болсо да Жаныш Бакиевди  алып келүү маселесин кабыргасынан койгон. Бирок мындай тапшырма чындап эле Атамбаев тарабынан болгонбу, жокпу, так белгисиз. Арийне, белгилей кетчү нерсе, Атамбаев президенттик шайлоого чейин да, андан кийин да элге  Жаныш Бакиевдин колуна кишен салып, Кыргызстанга алып келүүгө убада берип келген.

Ушуларды эске алган Атаханов Делимхановго кайрылып, «башка-баш алмашабыз» деген талапты койгон. «Биз силерге Батукаевди, силер бизге Жаныш Бакиевди бересиңер» деген. Чечен Делимханов бул вариантты кимдир бирөө менен макулдашууга убада берип, кайра учуп кеткен. Бир канча күндөн кийин байланышка чыгып, «Жаныш Бакиевди аласыңар» деген жообун берген.

Андан кийин иштин жүрүшүнөн күмөн санаган Чечен лидери Рамзан Кадыров өзү Атамбаев менен  байланышкан. Муну Атаханов көрсөтмө бергенде айткан. Бул сүйлөшүүдөн кийин Атахановго  Атамбаев  башма баш алмаштырууга (анын катышуучулары кийин белгилешкендей, Атайын операцияга)  уруксат берген. Тактап айтсак, биз 2013-жылы Азиз Батукаевдин чуулуу бошотулуусу тууралуу «Батукаевди эвакуациялоо» деп жазып, эң таамай белгилеген экенбиз.

Эми «атайын операциянын» башка катышуучуларынын айткандарына келели, алар да Атаханов сыяктуу тергөө менен келишимге барышып, болгонун болгондой  айтып беришкен.

Батукаев  -  «кара», а биз -  «кызылдарбыз»

Улгайып калган  адовкат Али Османович Касымов ЖМКлардын жазгандарына карабай Батукаевдин расмий жактоочусу болгон эмес. Бирок анын үй-бүлөсү менен тааныштыгы болуп, Батукаевдин эжеси Аха Батукаевага  консультацияларды  берип турган. Ал өз көрсөтмөсүндө  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы болуп турганда Шамиль Атахановдун арты менен бул ишке аралашып калганын билдирген.

Касымов анын ата-энеси менен достук мамиледе болгон, ал эми Шамиль Атаханов  Али Османовичтин  көз алдында чоңойгон. Атаханов УКМКнын төрагасы болуп дайындалганда, ал эски тааныш катары келип куттуктаган. Ошондо Атаханов юристке КРнын УКМК кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу курстарында сабак өтүүнү сунуштаган. Бир ирет Али Османович Атахановго окутуучулук иштери боюнча маалымат берүү үчүн келгенде, Атаханов ага акырын кайрылып, «мамлекеттик маанилүү ишке жардам берүүсүн өтүнгөн. Кандай маанилүү иш экендиги тууралуу эч нерсе айткан эмес. Болгону Касымовго «бир адам» барып жолугарын кошумчалаган.

Бир күнү адвокаттын кеңсесине азиат улутундагы, орто жаштардагы келбетүү эркек адам келген. Ал жогоруда аты жөнү аталган, «Огонек» журналынын кабарчысы, чечен тараптан ортомчулук милдетти аткарган   Алимжан Мирзаев болчу. Ал эч нерсе айтпастан, дебестен Али Османовичтин алдына   скотч менен тыкыр оролгон пакеттин ичинде акча таштап кеткен. Көп өтпөй бул пакетти алып кетүү үчүн Атахановдун жакындарынын бири Бекенов келген.

Марат Бекенов – «атайын операциядагы» баарынан кабардар болгон башкы катышуучулардын бири, ага «операцияны» ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөн. Ошондуктан анын тергөө менен келишимге баруунун алкагында берген көрсөмөлөрү өзгөчө кызыктуу.

2010-жылдагы апрель революциясынын кийин кадрдык чекист Бекенов көп эмес убакыт УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеп калат. Андан соң Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда, Бекенов Өкмөттүн аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин камсыз кылуу жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин Бекенов убактылуу жумушсуз калат, бирок көпкө эмес, Атаханов УКМК башчылыгына келери менен өзүнө кеңешчи кылып дайындаган.

Эми Бекеновдун айткандарына келе турган болсок, анын айтымында, 2012-жылдын башында Атаханов аны иш бөлмөсүнө чакырып алып, Жаныш Бакиевди алып келип, сотко өткөрүп берүү боюнча мамлекеттик программа бар экендигин, аны ишке ашыруу УКМКга тапшырылганын айткан. Ал үчүн ооруп жаткан бир кылмышкерди бошотуу боюнча жашыруун атайын операцияны ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.

Атаханов ал зэктин аты жөнүн кеңешчисине ачык айткан эмес, бирок бул нөл бирдин (күч органындагылар президентти ушундай аташат)  түздөн түз тапшырмасы экендигин билдирген. Атаханов Батукаев жөнүндө эч нерсе айтпаса да, айрым карталарды ачыкка чыгарган. Тагыраагы, Делимханов менен Кадыровдун ысымдарын атап, алар Жаныш Бакиевди алып келип бериши мүмкүндүгүн, зарылчылыгы болсо Максим Бакиевди да алып келип беришерин билдирген. Ток этерин айтканда, Бекеновго төмөндөгүдөй тапшырма берилген. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарды бошотууга негиз болчу оорулардын тизмесин түзүү, диагноз койчу  дарыгерди табуу жана оорулуу зэекти бошотуу кайсы ведмостводон көз каранды экендигин аныктоо.

Бекеновдун айтымында, Атаханов ошондо эле Батукаевге рак диагнозу коюлары жөнүндөгү чечимди  аныктап койгон экен. Ошон үчүн кайсы бир дарыгерди эмес, онколог врачты табууну талап кылган.

Керектүү врачты бат эле таап, ал жөнүндө  Атахановго маалымат бергенден кийин Бекенов шефине кайрылып, «кайсыл зэкти бошотуу тууралуу сөз болуп жатат? - деп кызыгып сурайт.

«Батукаев» деген жоопту укканда Бекенов бир азга оңтойсуздана түшөт да, атайын операцияга УКМКнын оперативдик түзүмүн кошуу сунушун айтат, же 2-3 опер кызматкерди кошуп берүүнү суранат. Атаханов «жок» деп жооп берет, «операция жашыруун, аны экөөбүз гана ишке ашырабыз». Атаханов операция ийгиликтүү ишке ашырылса, анын катышуучуларынын баары кылган иштери үчүн мамлекет тарабынан акчалай сыйланышарын убада кылат.

Кийинки жолугушууда этияттанган Бекенов шефинен «операция президенттин Жарлыгы мененби, же Өкмөттүн токтому мененби, кандайдыр бир документтин негизинде мыйзамдаштырылабы?» деп сурайт. «Мыйзамдаштырылат» деп жооп берген Атаханов Бекеновду тынчтандырат.

Атахановдун айтымында, ал өзү да президент Атамбаевден “атайын операцияны” ишке ашыруу үчүн  кандайдыр кагаз түрүндөгү чечимди чыгарып берүүнү суранган. Атамбаев убада бергени менен операция боюнча  эч кандай документке кол койгон эмес.

«Шамиль Эсенжановичтин күмөн саноосу улана берди» - дейт Бекенов өзүнүн берген  көрсөтмөсүндө. – Батукаев «кара», а биз «кызылдарбыз». Эгерде «каралар» убаданы «караларга» берген болсо, алар сөзсүз аткарышы керек. Убада «каралар» тарабынан «кызылдарга» берилип, ал аткарылбаса, бул  алар үчүн уят болуп эсептелбейт. Ошондуктан Батукаев бизди алдап коюшу мүмкүн. Андыктан алардын адамдары биринчи Жаныш Бакиевди алып келишсин, анан биз Батукаевди бошотобуз».

«Ал кантип алдамак эле, бул иштин артында Делимханов, Кадыров сыяктуу адамдар турбайбы?! – деп Атаханов таң калуусун жашырган эмес. – Делимханов мени менен өзү байланышты. Экөөсү тең президент Атамбаев менен сүйлөшүштү. Баргыла, иштегиле.

«Операцияны бузсаң, башың менен жооп бересиң!»

Өтө купуя  миссияны аткаруу үчүн тандалып алынган врач,  Бекеновдун таанышы, белгилүү балдар онколог-гематологу Эмилбек Макимбетов эле. Ал дагы тергөө менен иштешүү боюнча макулдашууга кол койгон. Бирок ал кандай көрсөтмөлөрдү берип, эмнелерди айтканын Атахановдуку сыяктуу  тергөө  жашыруун бойдон калтырды.

Бекенов тергөөгө врач Макимбетов дагы бир онколог врач менен сүйлөшүп, бирок ал «атайын операцияга» катышуудан баш тартканын айткан. Андан кийин Макимбетов Батукаевге өзүнүн адистиги, гематология (гематология – кан ооруларын изилдөөчү медицинанын бир бөлүгү)  боюнча диагноз коюуга макул болуп, бирок үч шарт коет. Биринчи, материалдык сый акынын төлөнүп берилиши.  Экинчи – карьералык өсүш (Макимбетов директорлук кызматка ыраазы болмок). Үчүнчү, Бекенов Макимбетовдун жетекчиси, гематология борборунун директору Абдухалил Раимжанов менен сүйлөшүп, анын «операцияны» ишке ашырууга макулдугун алышы керек.

Бекенов Макимбетовдун шарттарын Атахановго жеткиргенде, «бул шарттар Батукаев бошотулгандан кийин ишке ашырылчу эле шарттар» деп жооп берет иштин шыр жүрүп жатканына ыраазы боло.  Шарттардын аткарылуусуна убадасын да берет.

2012-жылдын августунда Атаханов Бекеновду чакырып, сый акы берүү маселеси чечилгенин билдирет. «Азырынча мамлекеттин акчасы жок, бирок Россия тарап акча берип ийиптир, аны Али Османовичтен барып  алып алгыла» - деп жогоруда аты аталган адвокат Камсымовго жөнөтөт.

Бекеновдун айткандарына ишенсек, ал акчаны алгысы кебей бир топко кыйылып туруп алат. Анткени, каржылоо булагы анда бир топ шектерди  жаратат. «Бул акчаны менден алдым деп эсептегиле» дейт Атаханов. Бекенов ага карабай дагы 2-3 күн акчаны алууга батына албай, кыйылып  жүрө берет. Качан гана Атаханов ачуусу менен катуу тийип, «эгерде операция бузула турган болсо, керт башың менен жооп бересиң!» дегенден кийин гана айтылган акчаны барып алат.

Адвокат Касымовдун кеңсесине Бекенов эмнеге келгендиги эми түшүнүктүү болду. Бекем оролгон баштыктын ичиндеги 150 миң доллар өлчөмүндөгү «сый акы» акча операцияны аткаруучуларга, жогорку жана төмөнкү звенодогу медиктерге берилчү акча болчу.

Бекеновдун айтымында, ал Али Османовичтин кеңсесинде буга чейин да болгон. Бир ирет Атахановдун тапшырмасы менен Бекенов адвокаттын кеңсесинде Яха Батукаева менен жолугуп, операцияны ийгиликтүү ишке ашыруу маалында ал өзүн кантип алып жүрүшү керектиги боюнча кеп-кеңештерин айтып, инструкция берген.

Адвокат Касымов болсо «атайын операциянын» жүрүшүнө жакындан кызыгып турган. Тергөөнүн жүрүшүндө аны жогоруда аты аталган өң келбеттүү,  пакеттеги акчаны алып келип берген ортомчу журналист Алимжан   Мирзаев ар кандай суроолору менен тынчын алып туруп алган. Ошондуктан Касымов Атахановдун жардамчысы Бекеновго кайрылып, эмне болуп жатканы боюнча айтып турууну суранган.

Бекенов тергөөдө берген көрсөтмөсүндө улгайып калган адвокат Касымов «атайын операциянын» маңызы боюнча жакшы кабардар болгонун айткан. Али Османович чекистке кенен маалымат берип, Азиз Батукаевди башка мыйзамдагы ууру Дед Хасандын ордуна койгону жатканын, постсоветтик мейкиндикте «туура мыйзамдагы ууру» калбай калганын, ошон үчүн бошотулуп жатканын  айтып берет. Айтымда бул  маалыматтарды ал Атахановдун өзүнөн уккан.

Али Османович көрсөтмөлөрүндө Атаханов менен (балким, досторунун баласын жаман абалга калтыргысы келбесе керек) башка байланышпаганын баса белгилеген. Мында «атайын операция» тууралуу  маалыматтарды ким кимдерден  алганы мааниге ээ эмес. Анткени, окуя өнүгүп жаткан кез болчу.

«Жолдубаевага баргыла, ал баарынан  кабардар»

Бекеновдун айтымында, 2012-жылдын сентябрь айынын бир күнүндө Атаханов Атамбаевден ачуулуу абалда келип, «мамлекеттик программа» - Батукаевди бошотуу боюнча эч кандай иш кылынбай жатканын айтат. Бекенов Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов менен кандай болбосун байланышып сүйлөшүшү керек болчу (Эрматовдун «атайын операциядагы» ролу чоң болмок, анткени, Батукаев Нарын шаарындагы №4 СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан). Бекенов Жапар Эрматовго «чыга албай» жатканын айтанда, Атаханов «Жолдубаевага барып жолук, ал баарынан кабардар» деп айтат.

Индира Жолдубаева агезде президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектеп турган. Башкача айтканда, өлкөдөгү бардык сотторду тизгиндеп, көзөмөлдөө Индира айымдын колунда эле. Ал Бекеновго сот Эрматовго өзү жолун таап жолугушуусун айтып, ага жолуккан маалда телефонду ага берип сүйлөштүрүп коюусун айтат. Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар  Эрматов менен жолугуу үчүн Бекеновго  Нарынга барууга туура келет…

Эрматов күткөндөй эле кыйылып, Бекеновдун айткандарын жоопсуз калтырат. Ошондо Бекенов анын иш телефонунан Бишкекке чалып: Индира Ырысбаевна, мен Нарындамын, сот Эрматовдун иш бөлмөсүндө отурам, аны менен сүйлөшүп койсоңуз» деп телефонду Эрматовго берет.

Индира Жолдубаева телефон аркылуу Эрматовго атайын операция ишке ашырылып жатканын тастыктаганын Эрматов тергөөнүн жүрүшүндө айтат. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жолдубаева өзүнүн уюлдук телефонунун номерин Бекеновдон алып, бул иш боюнча маселе жаралса, түз чала берсе болорун билдирген.

Андан 2-3 күндөн кийин Эрматов Жолдубаеванын өзүнө  чалып, эмне болуп атканы боюнча түшүндүрмө берүүсүн суранат. Жолдубаева: «Бишкекке келиңиз» деп, жолугушчу күндү белгилеп, Президенттин аппаратына кирүүгө жолдомого буюртма берип коерун айтат.

Эрматов тергөөгө берген көрсөтмөсүндө: «Жолдубаева өзүнүн иш бөлмөсүндө Батукаевдин оорусун тастыктоо үчүн медициналык кароолор жүргүзүлүп жатат. Эгерде анын оорусу далилденсе, сиз аны тезирээк бошотуу үчүн чечим чыгардырып берүүгө көмөктөшүңүз» - деди. - Мен Жогорку Сот менен макулдашпай туруп өзүм андай чечим чыгара албайм деп айттым. Ал бул маселени менин жетекчилигим менен өзү макулдашып коерун, мен эч жакка кайрылбашым керектигин, операция жашыруун экенин, аны тар чөйрө гана билерин айтты. Анан ал эгерде мен Батукаевди бошотуу чечимин чыгарсам, бул менин карьерама оң таасир этерин эскертти. «Биз аны эч качан унутпайбыз!» деди.

Атаханов ачуусун үстөлүнөн чыгарып...

Кайрадан Марат Бекеновдун айткандарына келсек. Анын айтымында, 2012-жылдын октябрында Атаханов УКМК төрагасынан бошотулуп, ИИМ башчылыгына дайындалганда анын шефи менен байланышы токтогон. Ал эми декабрда Атаханов Бекеновду өзүнө (ал убакта Бекенов ага баш ийчү эмес) чакырат, кызыктын баары ушул жерден башталат… Бекеновдон «мамлекеттик программага» катышуудан баш тартарын укканда Атахановдун  жүзүнө кызыл жүгүрүп, ачуусу мурдунун учуна келип, Бекеновду катуу урушуп кирет. Бекенов айтканынан кайтпай Батукаевди бошотуу операциясына катышпай турганын билдирет.  «Анда акчаны Али Османовичке кайтарып бергиле» деп  буйрук берет Атаханов.

Бекенов медиктердин кызматы үчүн төлөнчү 150 миң доллардын баарын коротпой сактап жүргөн эле. Шефинин буйругун аткаруу үчүн акчаны Касымовдун колуна берүүгө шашыла жөнөйт.

Акчаны берип аткан учур да кызыктуу. Али Османовичтин тергөөдө айтканы: Бекенов акчаны кайтарып жатып санабай эле койсом болорун айтты. Мен санабайм, буга чейин деле санаган эмесмин дедим. Андан 1 саат өтпөй мага Алимжан Мирзаев келип, акчаны алып кетти.

Ошентип, 2012-жылдын аягында чечендердин долларлары эч ким тарабынан коротулбай Кадыров менен Делимхановдун ортомчусу – журналист Алимжан Мирзаевге кайра кайтарылат. Кылмыш ишинин фигуранттары өздөрүнүн берген көрсөтмөлөрүндө «атайын операцияга» катышкандыктары үчүн эч кандай акча алышпаганын бир ооздон белгилешкен.

2012-жылдын аягында «атайын операция» ишке ашпай ара жолдо калуу коркунучуна кептелет. Бирок андан үч айдан кийин Батукаевди абактан бошотуп, Чеченстанга аман эсен  жөнөтүп ийгенге жетишишет.

Вадим Ночевкин, “Дело №”

Булак: “Майдан.kg” гезити