Же “Ой Ордодогу” талкуу неге максатына жетпеди?
“Какаганга муштаган” дегендей, элди коронавирус жүдөтүп жаткан мезгилде “Чоң Казатчылардын” чектен чыккан чакырыктары дагы дүрбөттү. Сыймык Жапыкеев деген мурдагы прокурор эч кандай тамашасы жок алдуу-күчтүү жигиттерди чогулуп алып, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Тайырбек Сарпашов сыяктуу байлардын мүлктөрүн, байлыктарын күч менен тартып алууга чакырууда. Мүмкүн, аны бир жерине доо кеткендир, болбосо нормалдуу адам андай сөздөрдү айтпайт. Бирок, ага тийиштүү укук коргоо органдарынын оперативдүү реакция жасашпагандыгы андан бетер таң калтырды.
Ал ачык эле “жигиттерди чогулуп келгиле да тигил байлардын үйлөрүн, батирлерин, ишканаларын тартып алгыла”- деп жатса, ага дароо чара көргөндүн ордуна анын сөздөрүн лингвистикалык экспертизага жөнөтүүнүн кандай зарылчыгы бар эле? “Казат” деген сөз согуш деген сөздүн синоними болуп саналат. Демек, “Чоң казатчылар” ачыктан ачык эле кыргызстандыктарды жарандык согушка чакырышып жатканда, аны катардагы саясый ызы-чуулардын бири катарында кароонун өзү кылмышка тете көрүнүш.
Сыймык Жапыкеевдин андай төңкөрүшчүл чакырыктары жөнүндө саясатчылар Чолпонбек Абыкеев, Табылды Акеров, Клара Сооронкулова, Бекбосун Бөрүбашев “Ой ордо” программасына чогулушуп, өз көз караштарын билдиришти. Биз да Сыймык Жапыкеевдин чектен чыккан жоругу жөнүндө өз ойлорубузду айтууну чечтик.
Жогорудагылардын пикирлерин резюмелегенде, “Сыймык Жапыкеев коомдо күндөн күнгө тереңдеп бараткан көйгөйдү туура козгоду, бирок анын чакырыктары гана туура эмес болуп калды”,- деген жыйынтык келип чыгат. Юридикалык илимдердин доктору Б.Бөрүбашов: “Элдин көпчүлүк катмары колдоду, коомдун көйгөйүн так айтып койду”- десе, Ч.Абыкеев: “30 жылда кимдер эмне менен байыганын баарыбыз эле билебиз. Бирок, ошол билген нерселер бүгүнкүдөй ачык айтыла элек болчу”- деди. Ал эми Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү К.Сооронкулова: “Сыймык абдан туура маселени көтөрүп жатат, кооптуу, бирок бардыгыбызга маанилүү маселе”, Т.Акеров: “Сыймыктын патриоттук сезими туура. Бирок, көтөрүп жаткан маселелерин аткаруу туура эмес”- дешти.
Биз укуктук билимдери барлар С.Жапыкеевдин чакырыктарына категориялуу түрдө каршы чыгат деп ойлогонбуз, анткени, укукту кесип кылып, анын аркасы менен тиричилигин өткөрүп келаткандар үчүн мыйзамдуулуктан бийик да, кол тийгис да эч нерсе болбошу керек. Жеке менчик - ыйык, кол тийгис, ал соттун чечими менен гана ээсинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок, “Ой ордодогу” талкууга катышкандардын да ойлорунда, болжолдорунда шайлоолор турабы, бирден партияны азыртан болжолдой башташканбы, айтор, укукчу катары эмес, саясатчы катары сүйлөштү. Ал эми таза укуктук жактан алганда С.Жапыкеевдин сөздөрү башынан аягына чейин мыйзамдуулукту гана эмес, өлкөдөгү саясый туруктуулукту да бузууга багытталган чакырыктар экендиги талашсыз. Талкууга катышкандардай, анын айткандарынын бул жагы туура, тигил жагы туура эмес деп бөлгөнгө болбойт. Жунглинин соту менен бирөөлөрдүн менчигиндегилерди тартып алууга чакыруу - цивилдүү, демократиялуу дүйнө категориялуу түрдө кабыл алгыс нерсе. Кыргызстанда мыйзамдуу байыган эч ким жок. Талкууга катышкандар биринчи кезекте мына ушул жагына басым жасап, аны мактагандын ордуна айыптоолору керек эле.
Казат деген сөз согуш деген сөздүн синоними болуп саналат. “Чоң казатчылар” ачыктан ачык эле кыргызстандыктарды жарандык согушка чакырышууда. Биринчи президенттин убагында бийликте тургандар Кыргызстандын 70 жылдан бери жыйнаган байлыктарын, мүлктөрүн “приватташтыруу” дегендин шылтоосу менен талап-тоноп менчиктештирип, заматта олигархтарга айланып чыга келишти. Бирок, алар элдин мүлкүн ит бекерге алышканы менен алгандарын элдин кызыкчылыгы үчүн иштетишкен жок. Заводдордун, фабрикалардын жабдууларын, техникаларын, темир-тезектерин Кытайга металл сыныктары катары сатышты, жайларын дүкөндөргө, базарларга, кафе-ресторандарга айландырышты. Алар өздөрүнүн менчиктештирүүдөгү милдеттенмелерин аткарышпагандан кийин убагында алардын баарын мамлекетке кайра алып койсо деле болмок, ага мыйзам жол бермек. Бирок, “жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап” дегендей, 20-25 жылдан кийин андай демилге көтөргөн реалдуу эмес, анын практикалык пайдасы жок. Азыр байлардын мүлктөрүн революциялык жол менен тартып алуу жөнүндө эмес, биринчи кезекте, алардын милдеттүү алык-салыктарынын бардыгын бюджетке түшүрүү, экинчи кезекте, таза кирешелерин цивилдүү жол менен кантип бөлүштүрүү тууралуу сөз кылуу керек. Азыр олигархтардын, байлардын ишканаларынын, базарларынын, тейлөө түйүндөрүнүн бардыгында бири ачык, бири жабык параллелдүү эки бухгалтерия жүргүзүлөт. Алар таза кирешелеринин ашып кетсе 30-40 пайызы үчүн гана милдеттүү алык-салыктарды, чегеримдерди төлөшпөсө, калганын жашырып, чет өлкөлөрдөн жерлерди, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга жумшашууда. Ичтеги, сырттагы көз карандысыз адистердин, эксперттердин Кыргызстандын экономикасынын 40-50 пайызы көмүскөдө дегендеринин себептери ошондон. Ал эми мамлекеттин биринчи милдети, милдеттүү алык-салыктарды өндүрүү. Ансыз бюджет кайдан куралат, кайдан өсөт? Алык-салыктарды чогулта албаган түзүмдү толук кандуу мамлекет деп атоо проблемалуу.
Конституциябызда өлкөбүздүн социалдык мамлекет экендиги жазылган. Ал эми чыныгы социалдык мамлекеттерде алык-салыктар 50-72 пайызды түзөт. Норвегия, Швеция, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдү атайын адабияттарды таппасаңар интернеттен эле карагыла, аларда салыктардын көлөмдөрү ошондой. Же байлардын кирешелери алык-салыктар аркылуу бюджетке алынып, анан кайра бөлүштүрүлөт. Норвегиянын, Исландиянын же Финляндиянын салыктык саясатына бир олигарх каршы чыгыптыр дегенди эч жерден кезиктире элекпиз. Аны кедейлер да, байлар да мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептешет. Скандинавия өлкөлөрүндө алык-салыктарды азайтуу дегенди билишпейт, көбөйтүү жөнүндө гана сөз болот, азыр ал маселе Норвегияда талкууланууда. Ал эми бизде социалдык камсыздандырууну кошкондо алык-салыктар 30 пайыздан ашпайт, олигархтар парламентти ээлеп алышып, алык-салыктарды азайтуу, ишкердик субьектилер үчүн жеңилдиктерди көбөйтүү жөнүндө гана маселе көтөрүшүүдө. Акыркы эки жылдын ичинде ишкерлерге аябагандай көп жеңилдиктер киргизилди. Мындай көрүнүш улантыла берсе, бюджет кайдан көбөйөт? Жакырчылык, кедейчилик кайдан азаят?
Мамлекет өзүн социалдык деп жарыялап салгандан кийин чыныгы социалдык саясатты ишке ашыруу үчүн байлыктарды бөлүштүрүүнүн цивилдүү мыйзамдуу механизмдерин, рычагдарын колдонуусу зарыл. Антпей, социалдык ажырымдуулук тереңдеп, байлыктардын баары олигархтардын колдоруна топтолгон менен алар Скандинавия өлкөлөрүндөгүдөй, мыйзамдуу жолдор менен бөлүшкүсү келбесе, С.Жапыкеевге окшоп мыйзамсыз жолдор менен бөлүштүрүүнү эңсегендердин катарлары арта берери шексиз. Анын үстүнө элибиздин менталитетинде терс көрүнүштөр чегине жеткенде, же адилетсиздик күчөдү деп эсептегенде динамиттей жарылып кетчү сапат бар. Кудай сактасын, бирок андай абалга жеткенде дүйнөлүк коомчулук да кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жибериши мүмкүн.
“Ой ордонун” талкуусунда ушул маселелердин тегерегинде сөз болуп, конкреттүү пикирлер, сунуштар айтылат го деп күттүк эле, бирок тилекке каршы, жогоруда аталгандар С.Жапыкеевдин примитивдүү жолуна түшүп кетип, талкуу өз максатына жетпей калды. Акырында С.Жапыкеевге жана анын чоролоруна айтарыбыз, “эсиң барда, этегиңди жап” дегендей, кеч боло электе элди дүрбөткөн мыйзамсыз чакырыктарды, риторикаларды токтотуулары зарыл. “Экспроприация экспропрированных” деген принцип большевиктердин заманы менен кошо кеткен, аны азыр цивилдүү дүйнө кабылдабайт.
Автандил Белеков
Булак: “МАЙДАН.KG” гезити