Ажого акыйкат издеген кайрылуу

“Адилеттүү, көз карандысыз сот системасын орнотпой туруп, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес. Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет.

Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок!

Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек.

Пайгамбарыбыз “Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште” деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот”.

Сооронбай Жээнбеков, КР Президенти

Урматтуу ажобуз Сооронбай Шарипович!

Акыркы кездерде соттордун, прокуратура органдарынын зомбулугу жөнүндө ооз ачпаган киши калган жок. Сиз дагы элибиздин колдоосу менен президент болуп келгенден баштап соттордун айынан карапайым адамдардын тагдыры талкаланып жатканын көп жолу айттыңыз. Былтыр да, соттордун ХI курултайында жүрөккө жете турган жакшы сөздөрдү айтып, мындан улам, эл ичинде бүлбүлдөп өчө баштаган үмүт оту кайра жанданды десем жаңылышпастырмын. Бирок, сиз канчалык чындыкка күйүп айтып, тапшырма бербеңиз, айрым “бөрк ал десе баш алган” судьялардын айынан эл күнү бүгүн да азап чегип келе жатат. Мунун таасын далили мына менин баштан өткөзүп келе жаткан окуям. Эгерде бул адилетсиздик жеринде чечилген болсо, убактыңызды алып, сизге кайрылып олтурбайт элем. Чынын айтканда,  буга чейинки сизге жазган каттарым, өтүнүчтөрүм такыр жетпей койгонунан, аргам кеткенден, акыркы үмүтүм деп ачык, массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык кайрылдым, айып этпеңиз! Бир чети, Аллага үнүбүз жетсе - жонокой пенделер эсине келип, угаар бекен деген үмүт. Анда окуяны башынан баяндап берейин...

Мен өзүм жеке ишкермин. Россиядагы өнөктөшүбүзгө Бишкектеги кийим тигүүчү ишканалардан кийим тиктиребиз, андан тышкары “Дордой” базарынан даяр кийимдерди алып жөнөтөбүз. Жалпысынан алганда биздин ишканаларда 150-200 кишиге чейин жумушчулар эмгектенип, өз үй-бүлөлөрүн ондогон жылдар бою багып келе жатышат. 2014-жылдын 29-сентябрында ишкананы кеңейтүү максатында Кант шаарынан “аянты чоң тигүү ишканага ылайык экен”- деп эски имаратты 4 360 000 сомго Асанов Мурат Аланович деген Бишкек шаарынын тургунунан сатып алдым. Ошол эле жылы имараттын ичин тазалап, сырдап, сыртын иретке келтирип, чатырынын тешиктерин бүтөп, 30га жакын жумушчу иштей тургандай кылып кийим тигүү ишканасын ачтым. Кантта жана шаарга жакын жайланышкан айылдарда жумуш жок болгондугуна байланыштуу кошумча орундарды түзүү максатында 2015-жылдын башында имараттын башка бөлмөлөрүн дагы оңдоп түзөөнү баштадым.

Күндөрдүн биринде, тагыраагы, февраль айынын орто ченинде Ысык-Ата райондук прокуратурасына мени атайын кат менен чакырбастан, ишканамдын кароолчусу аркылуу прокурордун орун басары айттырып жибериптир, “жолугуп кетсин” деп. Мен барууга аргасыз мажбур болдум, бир чети өзүмө дагы кызык болду, прокуратура жаныбызда жайгашкандыктан, заматта эле келдим. Мен келип жолукканымда ал: “сиздин маалыматыңыз барбы, сиздин ишканаңыз мурун бала бакча болгон, ошого байланыштуу биз сотко доо арыз жазганы жатабыз”- деп калды. Андан сырткары, мага дагы сунуш киргизди, эгерде мен ага пара берсем бул ишти убактылуу доо арыз жаздырбай көз жумат экен. Мен эч кандай бала бакчаны билбестигимди, бул имаратты жеке кишиден накталай акчага сатып алганымды айтып, анын сунушун четке кактым даг,ы чыгып кеттим. Бирок, бул маселе менин оюмду удургутуп тынч койбогондуктан, мурда имаратты сатып алган Асанов Муратты таап, иштин чоо жайын түшүндүрдүм. Ал мага бүт документтерин көрсөтүп, 2011-жылдын 1-мартында Чүй-Бишкек-Талас аймактык мамлекеттик мүлк фонду ачык аукцион уюштуруп, ал аукционго “Алиби”, “Эркин Тоо” гезиттеринин, “ОТРК”, “5-канал”, “Пирамида” телеканалдарынын кабарчылары жана  НПО “Интербилим”, “Граждане против коррупции” укук коргоо борбору ж.б.у.с  коомдук уюмдардынын катышкандыгын, анын жыйынтыгында 1 055 370 сомго  ушул имаратты утуп алганын айтып далилдеди. Далилдөө менен бирге ал жерде эч кандай бала бакча эмес, Кант шаарынын жылуулук берүү борборунун эски кеңсесин Мамлекеттик мүлк фонду 18.03.2011-жылкы сатып алуу - сатуу келишиминин негизинде өзүнө өткөрүп бергендигин мага маалымдады. Мындай так маалыматтан кийин мени тынч койбогон оюм ордуна түшүп, өз ишимди уланта бердим, бирок баары бир көңүлүм бузулуп, бул имаратка эч кандай салым салып, чыгым кылып иш жүргүзгүм келбей калды. Ошондой кылганым туура эле болгон экен, себеби мага 2016-жылдын август айында Чүй райондор аралык сотунан сотко катышып берүүм тууралуу кат келди. Балээнин баары ушул каттан кийин башталды. Соттордун жогорку бийлик менен прокуратуранын астындагы көз карандылыгы, адилетсиздиктин жоктугу, прокуратуранын жарандардын укугун коргомок турсун кайра тебелеп тепсегенин өз башымдан өткөздүм.

Ысык-Ата районунун прокуратурасынын доо арызы 2015-жылдын март айынын башында Чүй райондор аралык сотуна жазылып, жабырлануучу тараптар А.Б.Жолдошев менен М.А.Асановдун жарандык укуктары бузулуп, алардын катышуусусуз бир жылдан ашык сот иштери жүргөн. Андан соң Чүй райондор аралык сотунун 27.05.2015-ж аныктамасы менен прокуратуранын өкүлү келбей койгондугуна байланыштуу кароосуз калтырылган. Бул соттун аныктамасын прокуратура негизсиз деп таап, кайрадан Чүй облустук сотуна кайрылган, ал арызжы 15.10.2015-ж. Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы карап, Чүй райондор аралык сотунун 27.05.2015-ж аныктамасын күчүндө калтырып токтом чыгарган. Мындан ары мыйзам боюнча Ысык-Ата районунун прокуратурасы Жогорку сотко кайрылышы керек эле. Бирок, райондук прокуратуранын жетекчилиги өздөрүнүн шалаакылыгынын айынан утулуп калганына ызаланып, Жогорку соттун жыйынтыктоочу чечиминен качып, өздөрүнөн жогору турган Башкы прокуратуранын басымынан коркуп, андай кылбастан, мыйзамды аттап өтүп, тебелеп-тепсеп, жүйөөлүү себептерсиз эле Чүй райондор аралык сотуна кайрылып, кайрадан дагы карап берүүсүн суранып, зордук-зомбулукка салып, коркутуп үркүтүү менен ишин улантты. Прокуратуранын бул жолку мыйзамсыз кайрылуусу Чүй райондор аралык сотунда 15.08.2016-ж. сот отурумунда каралып, сот А.К.Ахметова өзүнүн аныктамасында прокуратуранын сотко кайрылуусунун убактысын өткөрүп жиберүүсүнүн жүйөөлүү, негиздүү себептерин документ менен тактап, аныктап келүүнү, ошону менен бирге Асанов М.А. менен Жолдошев А.Б.ны дагы 01.09.2016-ж жылдырылган сот отурумуна катышууга чакырууну аныктады.

Чүй райондор аралык сотто 14.10.2016-ж. сот Ахметова А.К биздин сот отурумуна келтирген негиздүү, кагаз жүзүндөгү тактоолорубузга карабастан, прокуратуранын кайрылуусун мыйзамсыз канааттандырып берди. Биз бул адилеттиксиздике жол бербөө максатында, чындык издеп Чүй облустук сотуна аппеляциялык жеке арыз менен кайрылдык.

Биздин апеляциялык жеке арызыбыз Чүй облустук сотунда 09.03.2017-ж Ж.А.Курманбаеванын жетекчилиги менен соттор Кадыркулова А.К., Сейталиева Б.М. коллегиялык сот курамы карап, 14.10.2016-ж. сот Ахметованын аныктамасын жокко чыгарып, жаңы аныктамасында прокуратуранын сотко кайрылуудагы мөөнөтүн кайрып берүү отунучун канааттандырбады. Биз бул сот отурумунда мыйзам иштеп, туура жыйынтык чыкканына сүйүнүп, сотторго ыраазы болуп калдык.

Ысык-Ата районунун прокурорунун жардамчысы Н.Молдокеева өзүнүн шалаакылык кылып сот отурумуна келбей калганынын айынан Ысык-Ата районунун прокуратурасынын өтүнүчү сотто аткарылбай калып, ошого байланыштуу өзүң күнөөлүү сезип, жетекчилигинин басымы астында мурдакы кетирген катачылыгын оңдоо максатында 27.06.2017-ж. Жогорку соттун  жарандык иштер боюнча соттук коллегиясына прокуратуранын же прокурордун атынан эмес, өзүнүн атынан сунуштоо катын жазды. Ушуну менен эле мыйзам бузууну токтотпостон, өзүнүн сунуштоо катын тараптарга таркатпастан, аны менен бирдикте тараптарга атайын кат аркылуу билдирбестен, ишин улантты. Маалымат үчүн тараптарды билип коюнуздар:

1). Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы;

2). Ысык-Ата райондук элге билим берүү башкармалыгы;

3). Кант жылуулук берүү ишканасы мамлекеттик ишканасы;

4). Кант шаарынын мэриясы;

5). Мамлекттик мүлк фонду;

6). Ысык-Ата райондук мамлекттик нотариалдык контора;

7). Ысык-Ата райондук кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу жана кайра каттоо мамлекеттик башкармалыгы;

8). Асанов М. А.;

9). Жолдошев А. Б.

Прокуратура менен сот бийлиги жогорку бийликтин тапшырмасын аткаруу максатында ар кандай мыйзам бузууларга барып, жең ичинен сүйлөшүп алып, 21.09.2017-ж. Жогорку сотто тараптардан эч кимди катыштырбастан сот отурумун өткөрүштү. КР Жогорку сотунун 21.09.2017-ж. сот отурумуна судья А.Аманалиеванын жетекчилик кылган, ага: соттор Джумашева К.О., Боронбаева Д.С., КР Башкы прокуратурасынын өкүлү Мурзагазиева Д., Ысык-Ата райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Молдокеева Н., КР Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Калмамат уулу А. катышкан. Жабырлануучу тараптан эч ким жок!

Бул сот отурумунун курамын көрүп туруп, эмне деген жыйынтык чыгарса болот? Соттор менен прокурорлор эл менен президент берген бийликти туура пайдаланбай, мыйзамды тебелеп тепсеп, каалагандай өлчөп, өз билгендерин кылып атышканын түшүндүрөт. КР Жогорку соту ак менен караны, жаман менен жакшыны талдап тактап алуучу адилеттүүлүктүн туу чокусу болуш керек. Ал эми бул сот отурумунда мамлекеттин кызыкчылыгын коргомуш болуп прокуратура доо арыз жазса, калган катышуучулар дагы мамлекет тараптан болуп, жыйынтыгында өздөрүнө абдан ылайыктуу кылып токтом чыгарып алышты, анда элдин эмне кереги бар?! Бул сот отурумундагы курам рейдерлик менен алектенген рэкетчи топтон айырмасы жок. Себеби 21.09.2017-ж Жогорку сот отурумундагы токтомду чыгарууда прокуратурага каршы турган бир да тараптардын укугу корголбостон, мыйзамды карап да койбостон бир тараптуу  прокуратуранын пайдасына, чегинен чыккан чечимди чыгарышкан.

Ысык-Ата районунун прокурорунун жардамчысы Н.Ж.Молдокеева тараптан мыйзамды тебелеп тепсөө ушуну менен эле токтоп калбастан, дагы эле баягындай ишин улантып, кайрадан ушул эле доо арызды негизинен кароону өтүнүч кылып Чүй райондор аралык сотуна кайрылып, прокуратуранын өтүнүчүн тараптарга таркатпастан, судья А.К.Ахметова менен сүйлөшүп алып 2017-жылдын 7-декабрында отурумун уюштурушту, сот отурумуна атайын кат менен  чакырылбагандыгына байланыштуу 9 тарап сотко катышышпады. Ага сот Ахметова А.К менен прокурор Молдокеева Н.Ж. экөө эле катышып, дагы мыйзамсыз сот отурумун өткөрүшүп, прокуратуранын пайдасына, так айтканда мамлекет өзү үчүн өзүнө пайдалуу чечимди чыгарды. Ысык-ата районунун прокуратурасы мыйзамсыз доо арыз жазганы аз келгенсип, бизге жок дегенде сот отурумуна катышууга 2 жолу мүмкүнчүлүк бербеди.

Мындан ачыктан-ачык адилетсиздиктен кийин мен жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылдым. 2018-жылдын 15-январында кайрадан сот олтуруму болуп, ал сот олтурумунун аныктамасында Жогорку сот өзүнүн буга чейин чыгарган чечимин өзү кайрадан карай албастыгын айтып, биринчи инстанцияга кайрылууну сунуштады. Ошонун негизинде, Чүй райондор аралык сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрылдым. Ишти сот Султаналиев Н. карап, менин арызымды негизсиз деп тыянак чыгарып, мыйзам бузуулар менен кароосуз калтырды. Андан кийин Чүй облустук коллегиялык сотуна бул чечимдин үстүнөн жеке аппеляциялык арыз жаздык. Булар да ылдыйкы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Мыйзам биз тарапта экендигине карабастан, көз көрүнөө өз билемдикке барышты. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча мыйзам жолунда тыянак чыкпасына көзүм жетип, Жогорку сотко бул иш барып келгендигине байланыштуу, ал жакка кайрылган жокмун дагы, ишти негизинен карай берүүсүн туура көрдүм. Иш негизи боюнча ошол эле Чүй райондор аралык сотунда сот Султаналиевдин кароосунда эле. Ал сот олтурумун 2019-жылдын 25-февралына, саат 10.00гө дайындады. Бул сот олтурумунда дагы башталганда эле соттук процедуралар сакталбай, аябай шашып, биз жабырлануучу тарап айлап-жылдап даярданганыбызга карабастан, 10-15 мин ичинде бүтүргөнгө аракет жасады. Биздин суранган өтүнүчтөрүбүздү дагы толук канаттандырбастан, киийнки сот олтурумун 1 айга жылдырып, 25-мартка белгиледи.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, айтыңызчы, анда элдин эмне кереги бар өздөрү эле - өздөрүнүн пайдасына чечип жүрө берсе, а эл болбосо булардын кимге кереги бар? Мына Сиз, президент катары какшап кайра-кайра айтып атпайсызбы “мыйзамдуулук сакталсын, эл менен болгула, жеке менчикти коргойлу, бизнеске тоскоолдук кылбагыла!”- деп. А бирок бизде мамлекеттик мекемелерде, кызматтарда жана кызматкерлерде андай болбой атпайбы, “бөрк ал десе баш алып”. Ушул азыркы мезгилде жүрүп жаткан, мыйзамсыз кеткен бала бакчаларды кайтаруу боюнча саясаттын залакасы түз келип ишкерлерге тийип атпайбы. Бийликтин койгон талабында так айтылып жатат “мыйзамсыз кеткендерин кайтаргыла”- деп, ал жерде баарын четинен чалгы менен чаап кеткендей кайтаруу туурадуу ныпым да кеп жок. Тапшырманы түшүнбөгөндөн кийин бул чиновниктер армиясын эмнеге багып олтурабыз, биз эл?! Бул мурдунун учунан алысты көрө албаган чиновниктердин айынан жеке ишкерлер, карапайым элдин арасында бийликтин кадыр-баркы түшүп жатат. Анан айласы кеткенден бир топ чоң ишкерлер бизнесин коргош үчүн Жогорку Кенешке депутат болуп барып алып, эч кимиси жумуш ордунда отурбай, өз тиричилигин кылып жүрүшөт.

Мамлекет “кайтарып алабыз” деп жаткан бала бакчалардын баарын өз убагында ошол мезгилде иштеген кыргыздын шалаакы, жеп ичкич, алдым-жуттум чондору өздөрүнө болбогон тыйынга менчиктештирип алып, кайрадан эле жакшы пайдасына карапайым элге, ишкерлерге сатышкан. Бир дагы ишкер, карапайым эл барып, бала бакчаларды бийликтен зордук менен басып алган жок, баарын ошол мезгилдеги колу таза эмес чиновниктер аркылуу бийлик өзү сатты. Бул иштерди жасаган ошол мегилдеги атка минерлердин кээ бирлери аркы дүйнөгө кетип өлүп кеткени менен залакасы жөнөкөй карапайым элге тийип атат. Эми 20-30 жылдан кийин “кайтарып алабыз” деп элдин баарын кыйнап, дүрбөлөңгө салып, бийликтин тапшырмасын аткарам деп укук коргоо органдары менен соттор мыйзам бузууларга барып, мен сыяктуу ишкерлер, карапайым эл өзүнүн иши, тиричилиги калып, бардыгы соттошуп жүрүшөт. Себеби узак жылдар бою бул имараттар колдон колго өтүп, бир нече жолу сатып алынып-сатылып кеткен. Эми ошолордун баары бири-бири менен соттошуп, бири-бирине душман болуп, тапшырма эл арыздана турган жактан болгон үчүн, кимге барып арызданаарын билбей баштары айланып калды. Анткени ошол мезгилдеги массалык түрдө приватташтыруудагы катышкан жеп-ичкич шылуундар бириси дагы жоопко тартылбастан, мен сыяктуу акыркы ээси ким болсо ошолордун башына тушкон мүшкүл иш болду. Негизинен КР Конституциясы боюнча мыйзамдын алдында баары бирдей болуш керек. Бирок  Кыргызстандагы башка бардык тармактарда мыйзамдын аткарылышы баардыгы үчүн бирдей болбогондой эле, бул саясаттын аткарылышында дагы мыйзам баарына бирдей иштебей жатат. Себеби ушул күндө баарыбызга маалым, көп мамлекеттик мекемелер, анын ичинде сот менен прокуратуранын кеңселери мурдакы бала бакчанын имараттарында жайгашып иштеп, элге кызмат көрсөтүп келе жатышат. Андан сырткары кээ бир жеке ишкерлерге деле бийликтин программасы иштебей, тиши өтүп, күчү жетпегендиктен, өздөрүн жакшы сезип, бейкапар иштеп жатышат. Бир эле мисал - Бишкек шаарынын так ортосундагы “Чыгыш 5” кичи районунда жайгашкан эң чон мурдакы бала бакча ушул мезгилде түнкү клуб, ресторан, кафе, сауна, сууда сүзгөндү үйрөтүүчү машыгуучу жай, фитнес клуб, машыгып дене чыңдоочу жай болуп иштеп жатат. Элдин айтуусуна караганда бул имарат “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовтуку, эмнеге бийликтин тиши өтпөй жатканын түшүнгөн чыгарсыздар.

Ал эми Кант шаарын алып карасак, бизге доо арыз жазган Ысык-Ата районунун прокуратурасы өзү мурдакы бала бакчанын имаратында турушу мүмкүн, себеби  мени менен талашып жаткан имараттын дареги “Маликова көчөсү-6” болсо, Ысык-Ата районунун прокуратурасынын дареги дагы “Маликова көчөсү-6”. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, Ысык-Ата райондук Социалдык фонду, Кант шаарынын мэриясы жана башка дагы мамлекеттик мекемелер мурунку бала бакчалардын имараттарында жайгашып иш жүргүзүп келишет. Мындай көрүнүш Кыргызстандын бардык облус, шаар, район, аймак, айылдарында бар. Бул мамлекеттик мекемелер союз мезгилинде, бала бакчалар иштеп турганда, каякта жайгашчу эле? Кызыгы ушул жерде - бул мамлекеттик мекемелер жайгашып турган имараттарды дагы ошол эле жеп-ичкич чоңдор өздөрү менчиктештирип, оңго-солго сатып, жыргап-куунап, аябай акча кылып манчыркашкан. Болуптур ишкерлерди, жөнөкөй элди кыйнап, соттор менен прокурорлорду мыйзам буздуруп, ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлерди моралдык жактан бузуп, баарын элден тартып алды дейли. Анан мамлекеттин каражаты  барбы, имараттарын тарттырган элге базар баасында компенсациялап акчасын төлөп берип, жаңы бала бакча салып, бала бакчанын бюджетин бекитип бергенге. Албетте жок, мамлекет бала бакча салам десе жер түгөнүп калыппы, илгертен аары, алы жок бийлик элдин жон терисин сыйрып келгендей, бир дагы  имаратын тарттырып жиберген ишкер, карапайым жаран компенсация алган жок, эч качан албайт дагы. Андан көрө бардык менчик ээлерин бала бакчаларды мурдакы акыбалына алып келип,  имаратты багыты менен пайдаланууну сунуштап,  жеке менчик бала бакчаларды ачууну милдеттендирип, белгилүү бир убакытты белгилеп мөөнөт берип, убадаларын алса. Эгерде менчик ээлери айткан убадаларын мөөнөтүндө аткарбаса, андан кийин бийлик прокуратуранын кылычын колуна карматып талаша берсе болот эле. Ушундай болгон шартта бийлик өзүнүн кыла турган иштерин эч каражат коротпой ишкерлер менен карапайым элдин эсебинен чечилбей жаткан бала бакча маселесинин бир чекесин чечип алмак.

2016-жылдын 1-сентябрынан берки узак соттошуу убагында көп маалыматтар кагаз жүзүндө такталып, ошол такталган маалыматтар аркылуу мыйзам биз тарапта болгонуна карабастан Чуй облустук райондор аралык сотунун соту Султаналиев Нурлан бир жыл баардыгыбызды сүйрөп жүрүп, 2019-жылдын 24-майында иш негизинен каралган сот отурумунда бардык мыйзамды тебелеп-тепсеп, прокуратуранын пайдасына чечим чыгарып берди. Ал сот отурумуна чейин кагаз жүзүндө такталган жүйөөлү себептерди тизмелеп айтсак, мисалы:

1). Ысык-Ата райондук кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу жана кайра каттоо мамлекеттик башкармалыгы 17.01.2019  № 01-10/15 Чуй облустук прокуратурасына берген жооп катында өздөрүнүн архивинде бул талаш болгон имаратка тийешелүү көрсөтүлгөн дарек боюнча бала бакча тууралуу эч кандай документ жок деп маалымат беришти.

2). Мамлекттик мулк фондунун башкармалыгы 30.01.2019 № 08-398 Асанов М.А берген катынын жообунда талаш болгон имарат17.09.2008-ж № 518 КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 2008-2012 жылдардагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына киргизилип, 03.03.2011 №14 Мамлекеттик мүлк фондунун башкармалыгынын буйругу менен аукцион аркылуу сатылган. Сатылганга чейин мамлекттик мүлк фондунун башкармалыгынын балансында Кант жылуулук берүү мамлекеттик ишканасынын эски имараты катары катталып келгенин маалымдайт.

3). Чуй областык архивинен алынган маалыматтар боюнча: Мамлекттик мүлк фондунун башкармалыгы 22.02.2011 №132 прокуратурага жазган катында учурда талаш болгон имарат аукцион аркылуу сатыла турганын баяндап, дарегин Маликова көчөсү-6 деп көрсөтүп, ачык аукцион 01.03.2011 күнү боло турганын белгилеп, прокуратуранын бир өкүлүнүн катышып берүүсүн суранып жазышкан.

КР Мамлекттик мүлк фондунун башкармалыгына жооп кылып, 16.02.2011 № 818 Ысык-Ата районунун прокуратурасы: мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүдө мыйзам боюнча прокуратуранын катышканга укугу жок экендигин белгилеп, “биз өзүбүздүн өкүлүбүздү аукционго жиберишибиздин зарылчылыгы жок, андан сырткары силер сатып жаткан Маликова-6 дарегинде Ысык-Ата райондук прокуратурасы жайгашкандыгына байланыштуу” Мамлекетти мүлк фондунун башкармалыгынан түшүндүрмө берүүсүн суранган.

Мамлекеттик мүлк фондунун башкармалыгы 22.02.2011 № 155 Ысык-Ата райондук прокуратурага берген жооп катында мындай деп түшүндүрмө берет: Ысык-Ата райондук кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу жана кайра каттоо мамлекеттик башкармалыгы берген маалымат боюнча 18.02.2011 № 20113050 каттосу менен имарат жана жер участогу “Кант шаары, Маликова көчөсү №6” дареги боюнча Кант жылуулук берүү мамлекеттик ишканасына катталгандыгын билдирет.

4). Чүй облустук прокуратурасы 12.12.2018 № 10/164-18 мага берген жооп катында Чүй областык прокуратурасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөгү мыйзамдуулук боюнча 01.01.2012-ж баштап 01.08.2012-ж  чейин пландык текшерүүсүндө айтылган Кант шаары, Маликова көчөсү-6 дарегиндеги талаш имарат боюнча текшерүү учурунда эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун белгилеп, 30.09.2012 Чүй облусунун прокурору 2-класстагы юстициянын кенешчиси Н.Сулайманкуловдун кол коюсу менен бекитилген корутунду справка бар экендигин жазып, справканын көчүрмөсүн мага кат менен бирге беришти.

Чүй облустук райондор аралык сотунун соту Султаналиев Нурландын чечимине макул болбой, биз Чүй областык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылдык. Чүй олустук сотунун отурумунда дагы бир акыйкат маалымат такталды: Ысык-Ата райондук элге билим берүү башкармалыгынан сот Мырзалиева Ж.Н тарабынан 11.09.2019 № 2280 кат аркылуу талаш имарат боюнча бала бакчага тиешелүү документтерди алып келүүнү талап кылды. Бул талапка Ысык-Ата райондук элге билим берүү башкармалыгы 12.09.2019-ж. №318 номерлүү катында бала бакча тууралуу эч кандай документ жок экендигин маалымдап жооп кылды. Ушул жана жогорудагы маалыматтарга таянып Чүй облустук соту Чүй облустук райондор аралык сотунун соту Султаналиев Нурлан чыгарган чечимди жокко чыгарып, жаңы чечимди биз тарапка чыгарып берди.

“Балык башынан сасыйт” дегендей, жогорку бийлик менен прокуратуранын койгон тапшырмасын аткаруу үчүн КР Жогорку соттун соттук коллегиясы Чүй облустук сотунун чечимин Жогорку сотто 20.02.2020 болгон сот отурумунда түп-тамырынан жокко чыгарып, прокуратуранын пайдасына эч негизсиз эле оодарып берди.

Мындан ары Ысык-Ата райондук прокуратурасы Ысык-Ата райондук сотуна 08.12.2017 № 10-12/1358 жазган доо арызын карап берүүсүн суранып Мамлекеттик мүлк фондунун башкармалыгы менен Асанов М.А ортосундагы 18.03.2011 сатып алып-сатуу келишимдерин жана Асанов М.А менен Жолдошев А.Б ортосундагы 29.09.2014 сатып алып-сатуу келишимдерин жокко чыгарып, мамлекетке имаратты кайтарып берүүсүн талап кылып, зордук-зомбулук менен ишин улантууда.

Эң негизгиси – учурда биздин иш боюнча талашта турган имарат эч качан бала бакча болгон эмес. Образдуу айтканда, алма экенин көрүп турса да, “жок, бул банан экен, меники” деп талашып жүрүшөт. Факты катары - Мамкаттоо кызматынын Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы 2019-жылдын 17-январында Чүй облпрокуратурасынын катына берген жообунда: “Кант шаарынын Маликов к. №6 дареги боюнча мурда жайгашкан №1 “Солнышко” бала бакчасынын яселдик тобуна тийешелүү маалыматтар архивде жоктугун” баса белгилеп, ошого байланыштуу, эч кандай маалымат бере албай тургандыгын жазган. Төл сөз менен айтканда, талаштагы имарат түбүнөн бала бакча катары болгон эмес.  Экинчиден, КР Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик менчиктин ээси, ал эми прокуратура мамлекеттик мыйзамды көзөмөлдөгөн орган. Демек, эки органдын тең ишмердүүлүгү бири-бирин толуктап туруусу керек. А бул жерде тескерисинче болуп жатат, мыйзамдуу түрдө бир органдын саткан мүлкүн экинчи мамлекеттик орган мыйзамдуу жеке менчик ээсинен тартып алуу аракетин көрүп жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Сизден мыйзамды одоно түрдө тебелеп-тепсеген Жогорку соттун судьлары: Джумашев К.О., Боронбаева Д.С., Аманалиева Б.К., Чүй облустук райондор аралык сотунун судьялары Н.Султаналиев, А.К.Ахметова, ошондой эле Ысык-Ата районунун прокуроратурасынын жетекчилигине, анын ичинде персоналдуу түрдө прокурордун жардамчысы Н.Ж.Молдокеевага карата чечкиндүү түрдө чара көрөт деп ишенебиз, анткени, бу багытта ар дайым адилеттүү ойлоруңузду коомчулукка айтып келе жатасыз. Биздин иштин адилеттүү чечилишине жардам бериңиз, урматтуу ажо, мындан башка үмүтүбүз калган жок.

 

Сизди терең урматтоо менен,

Автандил Жолдошев,

жеке ишкер

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.

 

Тема: