Чектен чыгып баратышат...

Мурдагы президент А.Атамбаев  жана анын жакындары 2019-жылдын 7-8-августундагы кандуу окуяларга байланыштуу кармалганда ал эл арасында кадыр-баркы, таасири күчтүү, инсандык жана кесиптик имиджи таза адвокаттарды жалдоого аябагандай аракет кылышкан, бирок өзүнүн карьерасында колго алган иштеринин 90-95 пайызында жакшы натыйжаларга жетишип келаткан абройлуу адвокаттардын бардыгы аны жактоодон баш тартышкан.

Анткени, биринчиден, онго жакын оор беренелер менен айыпталып жатканга карата оң чечимди чыгарууга мүмкүн эместигин алар алдын ала билишип, өздөрүнүн минустарын жөндөн жөн эле көбөйткүлөрү келишпесе, экинчи жагынан АША инсан катары аларда симпатиялуу жакшы сезимдерди жарата алган эмес. Кол тийгис абалынан пайдаланып өйдүк-сөздөрдү сүйлөп, саясый атаандаштарын оозго алгыс сөздөр менен мазактап, шылдыңдай  берип, өзүнө кошо Кыргызстанды да шерменде кылган адам Фемиданын чыныгы кызматчыларында түгүл жөнөкөй адамдарда деле жакшы сезимдерди жараткан эмес. Аны өзүндөй суу куйдулар, шектүү иштерге жакындар жана анын акырынан керегинче ашагандар гана жактап, адам өлтүргөн деп айыпталып келатса да жактап  келаткандыгын жакшы билебиз. Нормалдуу жан да адам канына колу булгангандын жанына жакындачу беле. Бул жагынан аларды “эшегине жараша тушагы” десе болот.

Мына ошондой жагдайдан улам  АША Нурбек Токтакунов, Замир Жоошев деген адвокаттарды өзүнө жактоочу кылып алганга мажбур болгон. Мыктылары, жакшылары андан качышса, барына, колуна тийгенге көнгөндөн башка кандай аргасы калат? Андан улам коомчулукта Нурбек Токтакунов, Замир Жоошев дегендер кандай адамдар?  Алар буга чейин кандай иштерди аткарып, кай жактарынан өзгөчөлөнүшкөн?-деген суроолор жаралып, айрымдар алардын өмүр баяндарына, кылган иштерине үңүлө баштаган. Чындыгында “балыкчы балыкчыны алыстан көрөт” дегендей, айыпталуучусу менен анын жактоочулары моралдык, инсандык жактан бири-бирине бап, кудум издешпей табышкандар деп айткыдай жарандардан экендигин иликтеп, талдап тастыктоолор көрсөтүп жатат.

Сөздү Замир Жоошевден баштасак, бул адамдын актап-жактоо майданында, Фемиданын жолунда сезилерлик бир ийгиликке жетишкендигин таба албадык. Ал бир топ эле резонанстуу иштерди алып барган менен бардыгынан утулуптур. Анын негизги иш ыкмасы – белгилүү кардарларды бетке кармоо менен өзүн өзү пиар кылуу экен. Социалдык тармактарга ашынган блогерлерден бетер өзүнө байланышкан фото, видео материалдарды чыгарып, сотторго, бийликтегилерге мыйзамдуулукка сыйышпаган билдирүүлөрдү жасап, максималдуу талаптарды койгондугу менен гана айырмаланып келатыптыр. Же адвокат эмес эле көчө айдыңындагы көп саясатчылардын бири десе болчудай. Ал эми саясатчынын билдирүүлөрдү, опузалоолорду таркаткандан башка айыпталуучусуна кандай реалдуу жардамы тиймек эле. Колунан башка иш келбесе, “жүн болбосо да, ызы-чуу көбүрөөк болсо болду” дегенден башка кандай аргасы калат?

Ал эми Нурбек Токтакунов деген адамдын өмүр жолунда шектүү жагдайлар көп. Психикалык дарттан жабыр тартып, ага ачкыл-кычкылдар кошулуп, бир нече жолу тийиштүү жерлерде дарыланып чыккан, ал жөнүндө тийиштүү жерлерде анын инсандык облигине көлөкө түшүрө турган тийиштүү маалыматтар ашыгы менен дешет. Ал жагына үңүлбөйлү, тообо дейли, ар адамдын ар кандай дарттары, ага жараша кыялдары болот. Бирок, эмнеси болсо да мурда мамлекетти башкарган инсанды криссталдай таза, чыныгы кесипкөйлөр коргошсо жакшы болмок. Андай кесипкөйлөр өз иштеринде көчө саясатчыларынын ыкмаларына түшүп кетишпестен чыныгы укуктук айдыңда, жогорку чеберчиликте айыпталуучулардын абалдарын жеңилдетүүгө аракеттенишмек. Мында аталган эргулдар  айыпталуучуларды бийликтегилер, алардын иштерин караган судьялар менен кайраштырып, айыпталуучулардын абалдарын оорлотуу жаатында гана иштешүүдө. Мүмкүн, антип жатышкандарын кесиптик деңгээлдерине байланыштуу өздөрү да түшүнбөй жатышкандыр, же “болсо болду, болбосо биздин эмнебиз кетмек эле...”- деген авантюристтик тобокелчиликке өтүп  алышкандыр, бирок  судьяларга, бийликтегилерге ыгы келсе келбесе деле асыла берүү – эч качан айыпталуучулардын абалдарын жеңилдеткенге жардам бербей тургандыгы укуктук мамлекеттердин укуктук тарыхтарында алда качан эле ырасталган.

Судьялар да - адамдар. Аларга ашкере агрессивдүүлүк кыла берген адвокаттарга гана эмес, алар жактагандарга ашыгы менен зыян келтирип коюу кандай судьянын болбосун колунан келет. Ошон үчүн  Өмүрбек Текебаев  убагында “А.Бекназаров адвокат болсо, прокурордун деле кереги жок” деп бекеринен айткан эмес. Эмне дебейли, Өмүкебиз укуктук маселелерди жакшы билген, соттошуу  жагынан бай тажрыйбасы бар адам. Биз да анын логикасы менен Замир Жоошев менен Нурбек Токтакуновдой адвокаттары барларга прокурорлордун деле кереги жоктугун кошумчалай кеткибиз келет.

Ж.Байчечеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.