Кадимки тумоологон адамдан вирус бир бөлмөдөгү 10 адамдын үчөө же төртөөнө жукса, COVID-19 жуктуруп алган адамдан вирус ошол эле 10 адамдын жетөө же сегизине жугаарын эксперттер айтып чыгышты.

Тагыраак айтканда, анын жугуу жөндөмдүүлүгү тумоодон эки эсе жогору экен. Мындай кооптуу вирустун жайылышын алдын алуу боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралардын туура болгонун Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчылар, Сабырбек Жумабеков баштаган абройлуу дарыгерлер дагы чечмелеп беришти.

Башкача айтканда, өлкө аймагына вирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында бийликке карантин маалында ыйгарым укуктарын кеңейтип берүү туура чечим болгон. Болбосо, Европанын карантинди каникулга айланткан айрым өлкөлөрү канчалаган кыйынчылыктарды тартып, канчалары өлүмгө дуушар болгонун угуп, көрүп жатабыз.

Ушундай кыйын кырдаалда жарандардын укуктары чектелип жатат таризинде Чолпон Жакупованын «Адилет» укуктук клиникасы аттуу баш айланткан аты бар кадимки эле НПО кабыл алынган өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал шарттарында жарандардын кызыкчылыктарын укуктук жактан коргойбуз, юридикалык комментарийлерди беребиз деп чыкты.

Кайсы бир мекемелик деңгээлде укуктар корголбой, бузулуп жатса мейли эле. Эми бүтүндөй бир өлкө «Өзгөчө кырдаал» жөнүндө мыйзамдын негизинде чектөөлөрдү киргизип жатканын да сындап чыгаары белгилүү.

Аты жаман, тез тараган вирус андан ары жайылып кетпесин деген максатта кабыл алынып жатканын чараларды «бул туура эмес, бул баланчанчы беренеге туура келбейт ж.б.» дешет эми булар.

Башкача айтканда, элдин саламаттыгын алдын алуу максатында, башка илдет жайылып жаткан мамлекеттердин тажрыйбаларын эске алуу менен кабыл алынып жаткан чараларды четке кагуунун аракетин көрмөкчү буларың.

Эмне үчүн мындай деп айтып жатабыз? Анткени, буга чейин да дал ушундай тескери иштер менен алектенип келе жатканын эксперттер ачык да, жабык да айтып келе жатышат.

Жай турмушта, ар ким өзүнүн оокаты менен алек болгон кезде мындай «Адилет укуктук клиникасы» өңдүү НПОлордун аракетине, эптеп олчойгон грант алып жүргүзгүп жаткан иштерине көп деле маани берилбейт эле.

Бирок бүгүнкүдөй бүтүндөй өлкө башына күн түшүп, жалпы эл карантинде отуруп, ыңгайсыздык жаралып жатканда кантип эле Өкмөт өз элинин укуктарын атайылап чектеп, нааразычылыктарды жаратууну кааласын.

Өкмөт азыр элин эптеп илдеттен аман-эсен алып чыгып кетсек деп турат. Ушундайда анча мынча кеткен кемчиликтерди тоодой кылып көрсөтүп, ортого чагым салып, резонанс жаратууга аракеттери бышык. Себеби, алган гранттарына отчет берүүдө ушундай ызы-чуунун баарын мыйзамсыздыкка алпарып такап, шурудай тизип беришери көрүнүп-билинип эле турат.

Мунун баары эмне үчүн экени элдин баарына белгилүү болуп калгандай, НПОлор, кандайдыр жалган цифралар, жалган статистикалар менен, же жергиликтүү менталитет жана башкалар эске алынбаган долбоорлорду жазып, батыштан же АКШдан грант алып келишкени белгилүү.

Ушул эле «Адилет» укуктук клиникасы «Сорос-Кыргызстан» эл аралык уюмунан 50 миң доллар грант алгандыгы ачыкталган эле жакында.

Демек, бул аракети менен дагы бир грантка жазылган долбоорду ишке ашыра башташты. Болбосо, НПОлор каржылык булагын ачыкка чыгарсын деген мыйзам долбооруна шиш басып алгандай чочуп, каршы болбойт эле да.

Маселенин маңызы чыныгы маалыматтан кабары жок, батышта же АКШда туура делген, бирок, чыгыш элдерине мүнөздүү болбогон жагдайлардын негизинде ошондой долбоорлорго грант бөлүнүп жаткандыгында чоң күмөн бар.

Же чындап эле өздөрүнүкүн туура деген саясатты таңуулоо. Же туура эмес маалыматтар жазылган долбоорго ишенүү менен адам укугу сактоого жардам көрсөтүү.

Грант берүүчүлөр НПОлорго жергиликтүү элдин дээрлик көпчүлүк бөлүгү каршы болуп келатканын анализ кылбаганы өзү шек жаратат… Бул маселелер акыры көпчүлүктүн көңүлүндө. Эл, тилекке жараша, кимдин ким экенин түшүнө баштады.

Бул айтылгандарды эске алсак, алган гранттарын акташ үчүн эптеп бир иш-чараларды жүргүзүп, бирин-экин бечаранын укугун коргогон болуп жыйынтыктап, алган акчасына мына ушуларды кыйраттык деп отчетун беришет.

Тилекке каршы, бул көп тармактарда болуп жатат. Бирок укуктук маселе боюнча мындай диверсиялар улана турган болсо, мамлекеттүүлүккө бара-бара доо кетет.

Мындай аракеттер менен бирибизди экинчибизге каршы коюп, ар дайым туруксуздук жаратып, өнүгүү багытыбыздан адаштырып аңга түртүп, эгемен өлкө катары өнүгө албайт дегенге алып барат. Кеч боло электе ойгонолу, Мекенин сүйгөн атуулдар.

Булак: "Тезкабар"