Кайдыгер карабайлы

Сүйлөсө элди оозанганды жакшы көрүшкөн айрым саясатчылардын кимиси чындап мекенчил, кимиси куру патриот экендиктери, эл үчүн канчалык күйө тургандыктары  элдин башына мүшкүл иш түшкөндө билинет эмеспи. Өлкөбүзгө кирип келген коронавирус апааты да кимдин ким экендиктерин көрсөтүүдө.

Мамлекетибиздин башчысы Сооронбай Жээнбеков март айындагы маянасын, 53 миң сом которсо, Эл аралык ишкерлер кеңеши 21 миң сом которду. Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутаттарга кайрылып, бир айлык маянаны коронавирус менен күрөшүүгө которуп берүү чакырыгы менен чыкты. Тилекке каршы,  эл өкүлүнүн мындай сунушуна депутаттар “лам” деп ооз ачышкан жок. Бирок ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев 1 млн. сом бөлүп бере турганын билдирип, аталган сумманы атайын ачылган эсепке которуп берди.

Учурда сыртта жүргөн экс премьер Өмүрбек Бабанов 3 млн. сом которуп берсе, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевге тиешелүү “Неман фарм” ЖЧКсы беткаптар үчүн 900 миң сом бөлсө, “Лекар” ЖЧКсы 300 миң сом которуп берди.

Коронавирус инфекциясы алгачкы үч жарандан аныкталары менен алгачкылардан болуп “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев жардам колун сунуп, Сузак районуна 20 миң беткап жеткирип берди. Албетте, тизме ушу менен токтобостугу талашсыз. Өлкөбүздү оор абалга кептеп, элибизге чоң сыноо болуп аткан коронавируска каршы күрөшүүгө кайдыгер эмес капчыктуу жарандарыбыздын катары артып, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардамдарын көрсөтүшөт деген ишеним чоң. “Көп түкүрсө  көл болот” демекчи, коронавирус  сыноосун  бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак, биримдик менен жеңишибиз зарыл. Ансыз да өлкөбүздүн бюджети оор абалда болуп турганда, ири ишкерлердин, колунда бар жарандардын, дегеле ар бир кыргыз жаранынын жардамы өтө зарыл болуп турат.

Бүгүнкү күнгө карата атайын ачылган эсепке түшкөн каражаттар 10 миллион сомдон ашты. Учурда анын бир тыйыны дагы коротула элек. Мамлекеттин бюджетинен коронавирус менен күрөшүүгө 1,6 млрд. сом которулду.

Андыктан элибиздин башына түшкөн кыйынчылыкка кайдыгер карабайлы! Ар бирибиз колубуздан келген жардамыбызды көрсөтөлү!

Тема боюнча...

Матраимовдордун фондусунун коронавирустан жабыр тарткан аймактагыларга 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майын, 200 миң даана медициналык маска алып берип, дагы дартты аныктай турган 20 миң даана экспресс-тест, 10 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат сатып бергени жатканын окудук. Ошондон улам бизде долларлык  миллионерлер гана эмес, мультмиллионерлер деле жетишерлик экени ойго келди. Тилекке каршы, алар акчаларын шайлоолордо, митингдерди, пикеттерди каржылаганга гана чачышат. Элдин ден соолугу, аманчылыгы аларды көп деле кызыктырбайт. Эгерде биз айткандан башкача болсо, алар өздөрүнүн чыныгы адамдык насил-нарктарын, мекенчилдик, журтчулдук сезимдерин көрсөтүүгө мезгил жетти.

Булак: “Майдан.kg” газетасы