Саресеп

Ушул жылдын 20-февралында Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып, алдыдагы милдеттерди белгиледи. Өткөн жылдын башка жылдардан өзгөчөлүгү эмнеде болду?  Эмнелер аткарылды, алдыда кандай милдеттер турат? Мына ушул маселелер боюнча биз президенттин сөзүнүн негизинде ой жүгүртмөкчүбүз.

Кыргызстан социалдык өлкө экендигин ырастоодо

Кыргызстандын социалдык мамлекет экендиги Баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Дүйнөдө социалдык мамлекеттердин үлгүсү катарында Скандинавия өлкөлөрү эсептелет. Алардын бюджеттеринин басымдуу бөлүгү социалдык муктаждыктарга жумшалат. Ошондуктан климаттык шарттарынын оордугуна, ресурстарынын жардылыгына карабастан алардын эли өздөрүн бактылуубуз деп эсептешет, эртеңкилерине ишенимдүү карашат.  Бул жагынан алар Жининин ж.б.индекстери боюнча дүйнөдө дайыма эң алдыңкы орундарды ээлеп келатышат. Бирок, аларда алык-салыктар абдан жогору, кирешелердин 50-70 пайызын түзөт. Аны  ишкерлер да, жөнөкөй адамдар да мыйзам ченемдүү көрүнүш катарында эсептешет. Ал эми Кыргызстандын азыркы бийлиги  алык-салыктардын айрым түрлөрүн  жылдан жылга азайтып, эл чарбасындагыларга дагы бир катар  жеңилдиктерди берүү аркылуу өндүрүштү кеңейтип,  ички дүң жыйымды көбөйтүп, ошонун эсебинен элдин  социалдык  абалын жакшыртууга аракеттенүүдө. Мындай шартта социалдык чөйрөнү өнүктүрүү абдан татаал, бирок  аткарса боло тургандыгын өткөн жылдын жыйынтыктары көрсөттү.

Алсак, үй-бүлөлүк врачтардын эмгек акылары орто эсеп менен 30, мугалимдердики 30, “улуттук” деген макамдары бар маданий мекемелердин кызматкерлеринин маяналары 80, контракттык аскер кызматкерлеринин айлыктары 30,   катардагы милиционерлердин эмгек  акылары 40 пайызга көбөйтүлүп, мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын жөлөк пулдары 4 миң сомго жеткирилди.  Андай балдарды баккан ата-энелерге айлык да төлөнө баштады. “Арзан турак жай” программасынын алкагында 5 миллиард сомдук ипотекалык кредит берилип, 4,5 миңден  ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болушту. Мурда ипотекалык кредиттин жылдык үстөгү 14 пайыз болсо, өткөн жылы ал 6 пайызга түшүрүлдү. Аларга бюджеттен 14 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул Бишкек шаарынын 1 жыл 5 айлык бюджетине барабар акча болуп саналат.

Өткөн жылга чейин бөйрөк оорусу өтүшүп кетип, канын системалуу түрдө тазалатып турганга муктаждардын басымдуу көпчүлүгу ар жумада 7-8 миң сомдон жумшаганга каражат табышпагандан улам жарыкчылыктан өкүттө өтүп кете беришчү. Президенттин түздөн түз кийлигишүүсү менен бул маселе өткөн жылы чечилди. Же бюджеттен 1 миллиард 600 миллион сом жумшалып, муктаждарга жетиштүү өлчөмдө гемодиализ жана аны куйганга тийиштүү аппараттар сатылып алынды. Муктаждарды гемодиализ менен камсыз кылуучу борборлор аймактарда жетишерлик ачылды.

Жол барган жерге кут барат

Кыргызда “бут барган жерге-кут барат” деген жакшы сөз бар. Жол жок жерге бут барбасы белгилүү. Ошондуктан жогорудагы макалды “жол барган жерге-кут барат” десе да болчудай. Кыргызстандагы артыкчылыктуу тармактар: айыл чарбасы, тоо кен өнөр жайы, энергетика жана туризм. Булардын баары жолго байланышкан. Бизде магистралдык жолдорго гана эмес, ички жолдорду өнүктүрүп,  жакшыртууга да чоң көңүл бурулууда. Өткөн жылы республика боюнча 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Былтыртан ар шаарда, райондун борборунда жыл сайын 3 чакырымдан кем эмес жолго асфальт төшөө тапшырмасы берилсе, ал аткарылууда. Же 40 райондун, 8 шаардын борборунда 141 чакырым жолго асфальт жаткырылды. Быйыл 150 чакырымдан кем эмес жолду асфальттоо тапшырмасы жеткирилди.

Токтогул, Ат-Башы, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланууда. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Аталган ГЭСтерди оңдоп, туздөө иштери аяктаганда энергетика тармагына жаңы чакан ГЭСти кургандай электр энергиясы кошулганы турат. Жакында электр энергияларындагы жоготууларды азайта турган CASA-1000 электр чубалгыларын тартуу башталат.

Таза суу – ден соолуктун булагы

Акыркы эки жылда республикабыздагы 107 айыл-кыштак таза суу менен камсыз кылынды. Бул багыттагы программага ылайык, 2024-жылдын аягына чейин дагы 715 айыл-кыштакка таза суу жеткирилип, республикабызда таза суу менен камсыз кылынбаган элдүү пункт калбашы керек.

Учурга карата 588 айыл-кыштакты таза суу менен камсыз кылуунун тизмеси түзүлүп, аны ишке ашыруунун долбоорлору даярдалууда. Эл аралык финансалык  уюмдар менен биргеликте аларды каржылоонун булактары да аныкталган. Ага бюджеттен да каражаттар бөлүнөт. 588 айыл-кыштактын калкын таза суу менен камсыз кылуунун жалпы баасы 33 миллиард сомду түзөт. Бул өлкөбүздүн жалпы орто билим берүү системасына бир жылда жумшаган каражатына барабар акча. Ушундан эле Кыргызстанда “Таза суу” программасын ишке ашырууга кандай чоң көлөмдөгү  каражаттар жумшалып жаткандыгы айкын болот. Кредиттер узак мөөнөттө эң төмөнкү үстөктүк пайыздар жана гранттык элементтер менен алынууда.

Айыл чарба продукцияларын экспорттоо 24,5 пайызга көбөйдү

Биз мурдатан агрардык өлкө катары эсептелип келсек, айыл чарбасы 2-2,2 пайыздан өскөн менен анын ички дүң жыйымдагы үлүшү жылдан жылга азайып,  экспорт көбөйүүдө. Ал өнөр жай тармагынын өсө баштагандыгын айгинелейт. Өткөн жылы алйыл чарба продукцияларын экспорттоо 24,5 пайызга өстү. Мындай темп сакталса, жакынкы 3-4 жылда айыл чарба продукцияларынын экспорту 2 эсеге өскөнү турат.

Айыл чарбасындагы мындай алгылыктуу көрүнүштөргө дыйкандарды жана фермерлерди кредиттөөнү, асылдуулукту арттырууну жана химиялаштырууну,  ветеринардык жана фито-санитардык  кызматтарды кескин жакшыртуу, суу чарба тармагын өнүктүрүү аркылуу жетишилди. Жыл сайын орто эсеп менен 700-1000 гектардан аянттар жаңыдан сугатташтырылып, 3-4 миң гектардан кем эмесин суу менен камсыз кылуу жакшырууда.

Азыр экспорттук айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөө жаатында 19 ветеринардык, 4  фито-санитардык  лаборатория иштеп жатат. Акыркы 2 жылда ЕврАзЭСтин бирдиктүү реестрине ата мекендик 114 ишканабыз киргизилди. Бул 2018-жылга салыштырганда 47ге көп.  Россия эт продукцияларын киргизүүнү чектеген тосмону алып салды. Айыл чарба продукцияларын экспорттоонун  географиясы да кеңейүүдө. Өткөн жылдан тартып ишкерлерибиз Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Аравиясына, Катарга, Японияга да эт, сүт продукцияларын чыгара башташты. Алсак, Кытай Эл Республикасынын бирдиктүү реестрине кыргызстандык сүт өңдүрүүчү 13, бал өндүрүүчү 4 ишкана киргизилди.

Санариптештирүү – коррупцияны, бюрократияны азайтат, калкты тейлөөнү жакшыртат

Санариптештирүү  кеңейтилген сайын калкка кызмат көрсөтүү, тейлөө ошончолук жакшырып, коррупциялык мүмкүнчүлүктөр жана бюрократтык илинчектер азая тургандыгын турмуш көрсөтүүдө. Ал ооруканаларда, банктарда, мектептерде жана бала бакчаларда ж.б. жерлерде кезекке тургандан тартып, алык-салыктарды, төлөмдөрдү төккөнгө чейинкилердин баарын тездетип, жөнөкөйлөштүрүп, жемкордукту, илинчектерди жокко чыгарат экен. Азыр мамлекеттик кызматтын жана сервистин 191 түрү электрондук формада жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынан башталган “Бирдиктүү терезе” принциби калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдардын бардыгына киргизилгени жатат. Азыр укук коргоо органдарынын бардыгы “Бирдиктүү терезе” аркылуу кызмат көрсөтүшүүдө. “Түндүк”, “Коопсуз шаар” долбоорлору эң сонун натыйжасын берүүдө. Видео байкоо аппараттары орнотулган жерлерде жол кырсыктары  50 пайызга азайды. Биздин бул багыттагы иштерибиз эл аралык коомчулук тарабынан да жогору бааланууда. Алсак, өткөн жылы  электрондук башкаруу боюнча 130 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Эстонияда өткөрүлгөн эл аралык конференцияда  “Түндүк” системасы атайын сыйлыкка татыктуу болду.

Бул багыттагы иштер тереңдетилет, кеңейтилет же быйыл республика боюнча 300дөн ашык видео байкоо аппараттары орнотулганы жатат. Жыл  аягына чейин Кайгуул кызматы өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылат.

Мажоритардык системага да орун берилиши керек

Быйылкы жыл саясый, коомдук окуяларга бай болот. Жакында Кыргызстандын – Россиядагы, ал эми Россиянын - Кыргызстандагы маданий күндөрүн өткөрүү башталат. Бул эки өлкөнүн маданий гана эмес, саясый, экономикалык  кызматташтыктарын да кеңейтип, өнүктүрүүнүн этаптык мезгили болуп калат. Мамлекет башчысы Венгрияга ж.б. бир катар өлкөлөргө расмий иш сапар менен барат.

Коомчулукту көптөн бери күттүрүп келген сот реформасы башталды. Бирок, мамлекет башчысы өз сөзүндө туура белгилегендей, ар бир судьянын аң сезиминде абийир соту бекем орномоюнча, система тазаланбайт, иши кескин жакшырбайт. Тилекке каршы, бизде укук коргоо органдарын жемкорлуктун чордону, оңой баюунун ордосу  катары караган көз караш, психология биринчи кезекте  прокурорлордун, судьялардын арасында бекем калыптанып калган. Андай психологияны  талкалап, өзгөртүү оңойго турбайт. Ал үчүн сот, прокуратура органдарын аёосуз тазалоо керек. Бирөөлөрдүн тагдырларын атайылап акча үчүн сындыргандар, коррупция менен кармалгандар экинчи ал тармактарга гана эмес, адвокатура жаатына да жолотулбашы зарыл. Сот системасы тазаланмайынча - коррупция азайбайт.

Быйылкы жылдын эң башкы окуясы - күздөгү парламенттик шайлоолор болгону турат. Парламентке буга чейин болуп келгендей жалаң базаркомдор, ишкерлер, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары барлар келип калбоосу үчүн эмне кылуу керек?

Президент Конституциялык жана жөнөкөй бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын айтты. Алар бир нече айлап, айрымдары жылдап каралбай жатыптыр. Эгерде аларга жогоруда айтылгандарга тосмо, бөгөт боло тургандай өзгөртүүлөр киргизилбесе, парламенттин сапаттык курамы азыркыдан да кыйла артка кетет. Тазалык, адилеттик, калыстык жөнүндө буга чейин айтылып келаткандар жөн эле куру сөздөрдөн болуп калат. Бул босоголук чекти аныктоодон да маанилүү маселе. Парламентке окумуштуулар, адабияттын жана маданияттын өкүлдөрү да барбаса, сапаты жакшырбайт.

Ал эми босоголук чекке келе турган болсок, биздин оюбузча 9 пайыз менен калтырылса, жакшы болмок. Парламентке канчалык көп  партия келсе, анын иши, өкмөт ошончолук туруксуз боло тургандыгы практикада эбак ырасталган. Парламентте партиялардын көбөйгөнү партиялык системанын өнүгүп жаткандыгын эмес, анын “балалык  оорудан” чыга албай чайналып жаткандыгын гана айгинелейт. Дүйнөдө 3-4 эле идеология бар, коомго ошончо партия эле жетишет. Андан ашыкчасы саясый имитация, а түгүл мастурбация десе да болот. Ошондуктан парламенттеги орундардын жарымы парттизмеге берилсе, жармысы мажоритардык шайлоолор аркылуу келишсе, оптималдуу болмок. Акчасы аз болгон менен харизмалуу топ жаргычтардын мажоритардык системада парламентке келгенге мүмкүнчүлүктөрү бар, андайлар  райондун, шаардын элинин көпчүлүгүн  тили менен ынандыра алышат. Ал эми парттизмелик шайлоодо аларга акчасы болмоюнча эч кандай шанс калбайт.

Мыйзамдарды өзгөртүүдө ушулар сөзсүз эске алынуусу зарыл. Биз сөз менен эмес, конкреттүү иш менен алга жылышыбыз керек.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити