Какаганга муштаган...

Үй камагынан толук чыкпаган, сот тарабынан актала элек, Өмүрбек Текебаев Өкмөттүн ишин, Кыргызстандын экономикалык абалын сындаганды адатка айландырып алды. Чындыгында Текебаев өзү экономиканы билбейт, ага чындап кызыккан адам эмес. Ал отуз жылдан бери учурдун коньюнктурасына, өзүнүн кызыкчылыгына жараша Башмыйзамды ары-бери кайчылоо менен гана алектенип келаткан саясатчы.

Эгерде экономиканы билсе, түшүнсө, “абал чатак, Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан кургуйга кулап баратат” дегендей сөздөрдү айтмак эмес. Анткени, акыркы эки жылда жетишкендерге Кыргызстан көз карандысыздыктан бери ээ боло алган эмес. Бир мисал. Республикабыз 1992-жылдан 2017-жылга чейин же чейрек кылымдын ичинде жалпы көлөмү 20 миллиарддын тегерегинде инвестиция алса, өткөн жылдын ичинде жалпы суммасы 16 миллиард долларга барабар инвестициялык келишимдерге кол коюлду. 2019-жылы өлкөнүн ички дүң жыйымынын көлөмү 590 миллиард сомго жетип, өсүш 4,5 пайызды түздү. Акыркы эки жылдан бери экспорт көбөйүп, импорт азаюуда. Алсак, 2019-жылы импорт 6,6 пайызга азайды, экспорт 9,4 пайызга өстү. Соода балансынын терс сальдосу 465 миллион долларга кыскарды.

Өлкөнүн алтын-валюталык кору 2019-жылдын акырына карата 2 миллиард 424,1 миллион долларга жетип, мурдагы жылга салыштырганда 268,6 миллион долларга көбөйдү. Өмүрбек Чиркешович айтып жаткандай, түз инвестициялар азайып, капиталдын сыртка агымы көбөйгон жок. Тескерисинче, өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга 576,8 миллион долларлык түз инвестиция келип, мурдагы жылга салыштырганда 67 пайызга өстү. Алар негизинен геологиялык чалгындоого, кайра иштетүү өнөр жайына, энергетикага,  айыл чарбасына жумшалды.

Ал эми мыйзамсыз берилген лицензияларга келе турган болсок, алардын эң көбү Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, парламенттеги коалициянын “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп турганда берилгендиги тергеп-тескөө иштеринде эбак аныкталган. Эмне үчүн ал убакта оңду-солду таркатылган лицензиялар жөнүндө эстебей, эми өз күнөөсүн башкаларга төңкөп жатат?

Текебаев жетектеген партиянын жетекчилеринин  “мародерщинага” катыштыгы бар болуп, бир нечеси соттолгондугу, өзү коррупциянын, криминалдык кландык башкаруунун анабашчысы АШАнын союлуна айланып, өкмөттөрдү талкалап кетиргич болуп, ал үчүн өз тарапташтарын эң жогорку кызматтарга дайындатып келгени жалганбы? Алардын баары соттолушту же сурактарда жүрүшөт.

Парттизмелик шайлоону саясый сойкулукка, коррупциялык баюу жолуна айландыргандардын арасында Текебаевдин да бар экендиги жашыруун сыр дейсизби? Партиясында бир күн болбогондорду парттизмесинин эң алдыңкы орундарына  киргизип, депутат кылып, акчасы аз болгондугу үчүн өзүнө тоодой жакшылык кылган А.Шыкмаматовду айдаганычы? Азыр коомубузда кандай саясый кемчиликтер болсо, алардын көбү Текебаевчилерден мураска калгандар. Эл аны жакшы билет. Ошондуктан алдыдагы парламенттик шайлоодо абалы эң чатак болуп турат. Адамдык, каржылык ресурстары жетишпегенден улам “Ата Мекен” шайлоого катыша албай калышы да, катышса да 3 пайыздык чектен өйдө чыга  албай калышы да  ыктымал. Ал үчүн Өмүрбек Чиркешович бет тырмарлык кылып башкаларды эмес, өзүн гана айыпташы керек.  Отуз жылдык саясый оргу-баргылык акырында аны ушундай абалга  алып келди.

Булак: “Майдан.kg” гезити