Ачыгын айтканда...

АКШнын cаясий кысымы жана басымы

Жакында АКШнын Өкмөтү электрондук паспортторду берүүдөгү жана каттоодогу кемчиликтердин шылтоосу менен Кыргызстандын жарандарына виза берүү боюнча чектөөлөрдү киргизди. Расмий маалыматтарга караганда, дүйнөдө электрондук паспортторду берүүсү жана каттоосу биздикиндей, атүгүл биздегиден кыйла начар абалда болгон 80ден ашык мамлекет бар, бирок эмне үчүн аларды эске албастан КМШнын аймагынан Кыргызстанга гана чектөөлөрдү киргизди? 

АКШнын өкмөтүнүн эмнеси болсо да кошуна гана эмес, андан сырткары аймактардын көбүнө салыштырганда демократиялык жана адам укуктарын сактоо боюнча институттары өнүккөн, бул жаатта аздыр-көптүр имиджи да бар Кыргызстанды тандап алгандыгы таң калтырат. Ал эми биздин өлкөбүздүн Африканын банан өлкөлөрү менен бир катарга коюлганы чындыгында эле намыстандырат. АКШнын өкмөтүнүн бул кадамы Вашингтондогулар демократия, адам укуктарына артыкчылык беришерин жар салышкан менен чындыгында геосаясый кызыкчылыкка келгенде аларды уруп деле коюшпастыгын, чечүүчү учурларда демократия жолунда бараткандарга кол шилтеп таштап авторитардык өлкөлөргө оңой эле ооп кетишерин ырастады. Анын дагы бир мисалы катарында АКШнын мамлекеттик катчысы Помпеонун Казакстанга, Өзбекстанга расмий иш сапары менен келип, биргелешкен долбоорлор, инвестициялар, кызматташтыктар боюнча көп нерселерди убада кылгандыгын көрсөтүүгө болот.

АКШнын бул кадамын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү, ошол эле мезгилде саясый басым жана кысым, эскертүү катарында карасак жаңылышпайбыз. Эмне үчүн АКШнын Кыргызстанга карата мамилеси кескин өзгөрүп, ачыктан ачык кысым көрсөткөнгө өтө баштады?

“Манастагы” авиабазанын күйүтү

Кыргыз Өкмөтү Россиянын, Кытайдын кысымы менен 2014-жылы АКШнын “Манас” аэропортундагы жүк ташуучу деп аталган менен чындыгында чалгындык, Афганистандагы талибдерди бомбалоочу милдетти аткарган аскердик авиабазасын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Чындыгында биз аны чыгарганга шашпастан, эки эмчекти бирдей ээмп дегендей, Россия менен Кытайга убадаларды берип, АКШдан жардамдарды алып жүрө берсек жакшы болмок. Бирок азыркы шартта биздей майда өлкөлөр түгүл, державалар деле айрым маселелерди өз алдыларынча чече алышпайт, анда биз шериктештерибиздин басымынан андай чарага барганга аргасыз болгонбуз. АКШнын Мамдепартаменти Азимжан Аскаровго өз сыйлыгын бергенде аны Кыргыз өкмөтү ички ишине кийлигишүү катарында баалап, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы 1993-жылы 19-майда түзүлгөн жеңилдетилген шартта кызматташуу жөнүндө келишимди бир тараптуу денонсациялап салган. Биздин оюбузча, ал туура эле болгон. Адам өлтүргөндүгү боюнча шектелип, камакка кесилген адамга сыйлык ыйгаруу эгемендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү гана эмес, анын укуктук, соттук системасын мазактап, алардын легитимдүүлүгүнө шек келтирүү болуп саналат.

Мында өзгөчө көңүл бура турган нерсе, АКШнын кара тизмеге Кыргызстанды генерал Сулеймани өлтүрүлгөндөгүнө байланыштуу Иран менен болгон мамилеси кескин курчуп, ракеталык атышууларга чейин жеткенде киргизгендигинде турат. Иран Американын Ирактагы базасын ракеталар менен аткылады, анда өлгөн-житкендер жөнүндө маалымат болбоду, бирок баары бир ал АКШ үчүн моралдык, психологиялык жактан оор сокку болгондугу шексиз. Анткени, Иран АКШын аскердик базаларын аткыласа да боло тургандыгын бүткүл дүйнөгө демонстрациялады, эң кызыгы, ал ракеталарды, алар мурда дайыма мактанып жүрүшкөндөй, аскердик базага жеткирбей эле атып түшүрө алышкан  жок. Мына ошондой маскарачылыкка учурап, жаагына чабылгандай болгондон кийин Американын адистеринин “Манас” аэропортундагы базаны эстеп, күйүттөрү ашып кетти окшойт. Анткени, алар “Манастан” Иранга сокку  урушса, Иран бул жакка жооп кыла алмак эмес. Ал ШКУга, ЖККУга кол салгандай кабылданмак.

Учак толгон долларлар эмне максатта алынып келди?

АКШнын бешинчи колоннасы Кыргызстанда аябагандай тамырлаган. Грант жеген НПОлор, андан үмүт кылган уюмдардын бардыгы АКШнын кызыкчылыктары үчүн гана кызмат кылышарын “Райым-миллион” жөнүндөгү жаңжалдын эл аралык деңгээлге чыгарылгандыгы, гей-параддар, мурда чоң кызматтарда жүргөн айымдардын “каралар” жөнүндө билдирүүлөрү, жылаңач аялдардын демонстрациялары, эң негизгиси, азыркы Россия жана Кытай менен тыгыз интеграциялануу жолун тандап алган бийликти жаманатты кылып, каралоо кампаниясынын күчөгөндүгү ырастап атат. Бир мисал. Өткөн жылга салыштырганда быйыл “Азаттыкты” каржылоонун көлөмү эки эсе көбөйтүлүп, журналисттик изилдөөлөргө дагы ошончо акча бөлүнүптүр. Акыркы убактарда Кыргызстанда өткөрүлгөн пикеттерге, митингдерге ЮСАИДдин, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун, АКШдан түздөн түз гранттарды алган НПОлордун өкүлдөрүнүн активдүү катышып жатышкандары ошондон. Бул аксиома, эгерде Кыргызстанда акысы төлөнбөсө, азыр күчүк деле үрмөк түгүл күпкөсүнөн да чыкпайт. Мына ошол чаралардын бардыгы АКШнын атайын кызматтарынын акчаларынын эсебинен каржыланып жаткандыгын, мындан аркы иш чараларга да жетишерлик акча келгендигин “Дело №” гезити ынамдуу фактылары, сүрөттөрү  менен ачыкка чыгарды.

Гезиттеги материалга ылайык, жакында атайын авиакаттам менен АКШдан жалпы салмагы 880 килограммдык 26 жашик толо акча келип, анын АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери 5 машинеге жүктөп кетишиптир. Аларды реалдуу сандарга айлантканда, 60 миллион доллар болот экен. Гезиттин маалыматтарына ылайык, алар бешинчи колонналык милдеттерди аткарып жатышкан уюмдарды, бардык күч аракеттерин бийликти жана улуттук салт-санааларыбызды жаманатты кылууга жумшап жатышкан ЖМКларды, пикеттерди, митингдерди ж.б. саясый иш чараларды каржылоого жумшалат экен. ЦРУнун негиздөөчүлөрүнүн бири Алан Делос “элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи анын моралдык, этикалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат, салт-санааларынан ажырат, сексти, зомбулукту, анархияны культка айландыр. Анан алар  курсагынан, инстинкттеринен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка кете бере турган макулуктарга айланышат”- деп ачык эле жазган. Ал 70-80 жылдан кийин Кыргызстанда ишке ашырылганы жатат. Ал процесстин аткаруучулары Отунбаевачылар  баштагандар болушууда.

Долларлар башка деструктивдүү иш чараларды каржылоого жумшалышы да мүмкүн. Анткени, АКШнын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси Стивенг Янгдын” 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүш Американын уюштуруусу жана кийлигишүүсү менен ишке ашырылды”- деп мактанганы убагында ЖМКларга чыккан. Демек, АКШнын айрым институттары жергиликтүү бешинчи колоннадагылар менен биргеликте андай нерселерди пландаштыруусу да толук мүмкүн. Бирок, андай нерселерди ишке ашыруу азыркы шартта  Кыргызстанда практикалык жактан мүмкүн эместигин ачык айтуубуз керек. Эмне үчүн?

Владимир Путиндин айтканы

Россиянын президенти В.Путин өткөн жылы берген интервьюларынын биринде, эл аралык  маселелердин айрымдарын бийликке келгенден бир нече жылдан кийин араң  түшүнгөндүгүн мойнуна алды. 2005-жылы В.Путин жаш, Россиянын экономикалык жана аскердик абалы азыркыдан кыйла начар, амбициясы да төмөн  болчу. Мындан ары Россия өзүнүн чындап геосаясый кызыкчылыгы бар жерлерге АКШ түгүл, чычкандын мурдун да жакындатпайт. Украинадагы, Сириядагы, Венесуэладагы окуялар аны ырастоодо. Бул жагынан аны Кытай, Индия, Пакистан сыяктуу  державалар да толугу менен колдошот, алардын геосаясый кызыкчылыктары да буга дал келет. Демек, Россиянын жактыруусуз Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиянын бир өлкөсүндө да саясый экстремалдык көрүнүш жаралбайт. Анткен күндө деле 2-3 күндө ал Кытай менен биргеликте кандай радикалдарды, АКШчыларды болбосун бу эмес аркы  дүйнөдө да унута алгыс кылып эстерине келтирип коёт. Бир сөз менен айтканда, азыркы геосаясый жагдай таптакыр башкача, ал азыркы бийликтин пайдасында.

АКШ чечкиндүү  жоопторду гана тааныйт, жумшактарды өмгөктөй берет. АША авиабазасын чыгарып, келишимди денонсациялап, сырттан каржыланган уюмдардын ишмердиктерин көзөмөлдөө боюнча атайын мыйзам кабыл алдырганда  жооп кайтарганга да жараган эмес. Мындан ары АКШдан Кыргызстанга НПОчуларды тойгузгандан, саясый акыл-накылдарды үйрөткөндөн башка эч кандай жардам да, колдоо да келбейт, аскердик жактан эч кандай кысым көрсөтө албайт. Демек, Кыргызстан Россиянын, Кытайдын саясый колдоосунда, атайын кызматтарынын жардамында АКШчыл  бешинчи колоннадагылардын ишмердүүлүктөрүн, таасирлерин чектөөгө активдүү киришүүсү зарыл. Эң жакшы коргонуу, сактануу бул – превентивдүү чаралар. Азыр дүйнөнүн цивилдүү бардык өлкөлөрүндө бар, бирок Кыргызстанда гана жок, сырттан каржыланган уюмдардын өлкөнүн саясый  иштерине аралашуусуна тыюу салуу  жөнүндөгү мыйзам тезирээк кабыл алынышы, бул багытта көзөмөл иштери күчөтүлүшү керек. Бешинчи колоннадагыларды мыйзам чектеринде тартипке чакырмайынча  Кыргызстанда тынчтык, саясый туруктуулук  болбойт.

Айжанат Сарыбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.

Тема: