Адатта адамдар ашууга чыкканда бир токтоп, аркага кылчайып, кандай жолдорду басып өткөндүгүнө,  эмнелер калгандыгына саресеп ташташат.

Жылдар тогошуп жатканда биз да бул салтты бузбай, акыркы кундөрү өтүп бараткан кара кийик жылына кылчайып, бул жылдагы саясый, экономикалык жана социалдык негизги урунттуу окуяларды, фактыларды окурмандардын эстерине салгыбыз келет.

 

                     ҮЧ ДЕРЖАВАНЫН БАШЧЫЛАРЫ КЕЛИШТИ

2019-жыл-Кыргызстан үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн бурулуш мезгили болду. Өлкөбүзгө дүйнөдөгү 3 державанын же Кытай Эл Республикасынын, Индиянын, Россиянын, алардан сырткары жакынкы кошунабыз Казакстандын  биринчи жетекчилери расмий иш сапарлары менен келишип, эки тараптуу саясый, экономикалык  кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 40тан ашык документтерге кол коюлду.  Дүйнөлүк саясаттагы, экономикадагы таасирлери күчтүү мындай үч мамлекеттин жетекчисинин бир жылда биздикиндей чакан өлкө түгүл, чоң мамлекеттерге иш сапарлар менен келүүсү  деле сейрек кездешет. Июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун, ноябрь айында Евразиялык Экономикалык шериктештик уюмунун  саммиттери өткөрүлдү. Өлкөбүздүн президенти онго жакын мамлекеттерге расмий жана жумушчу иш сапарлары менен барып келди. Жыл ичинде мамлекет башчыбыз Орусиянын президенти В.Путин менен 4 ирет жолукту. Биздин саясый жана экономикалык мамилелерибиз Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы, Казакстан менен өзгөчө динамикалуу темпте өнүгүп жатат. Бул жагынан өтүп бараткан жыл өзгөчө жемиштүү болуп калды.

 

ИНВЕСТИЦИЯЛАР КЕСКИН КӨБӨЙДҮ

В.Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында 6,2 миллиард  долларлык, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин  мамлекеттик иш сапарынын алкагында 7,6 миллиард долларлык, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин мамлекеттик иш сапарынын алкагында 500 миллион долларлык, С.Жээнбековдун Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапарында  жалпы суммасы 1 миллиард евролук макулдашууларга кол коюлду. Республикабыздын эски жана жаңы тарыхында бир жылдын ичинде мынча суммадагы каражаттарды тартууга жетишүү факты болгон эмес. Алардын түздөн түз жыйынтыктары катарында өтүп бараткан жылда өлкөбүздүн экономикасына түз инвестицияларды тартуу  тогуз айда 70 пайызга жакын көбөйүп, 600 миллион долларга жакынды түздү. Жыл аягына чейин 1 миллиард долларды чапчуусу реалдуу болуп турат. Инвестициялар негизинен геологиялык чалгындоо иштерине, кайра иштетүү өнөр жайына, пайдалуу кендерди казып алууга жана байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жумшалууда.

Аймактар боюнча алсак, тогуз айдын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусуна инвестицияларды тартуу 55,4 эсеге, Ош шаарыныкы- 7,1 эсеге, Жалал-Абад облусунуку 2,3 эсеге, Чүй  облусунуку - 12,1 пайызга, Баткен облусунуку - 3,3 пайызга көбөйгөн.

 

             КЫРГЫЗСТАНДЫН  МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК  АБАЛЫ  ЖАКШЫРДЫ

Өлкөбүздүн экономикасы жыл башынан бери 6-6,5 пайыздан өнүгүп келсе, жыл аягында ал пастап, жылдын 4,5-5 пайыздык өсүш менен жыйынтыкталуусу реалдуу болуп турат. Мында өнөр жайында, курулушта, тейлөө тармактарында гана эмес, мурдатан артта калып келген айыл чарбасында да сезилерлик өсүш болгондугу  кубандырат. Өлкөбүздүн ички дүң жыйымын өнөр жайы, айыл чарбасы, курулуш жана тейлөө тармактары берет. Айыл чарбасынын өсүшү 1,5-2 пайызды түзсө, калган тармактардыкы орто эсеп менен  4-6 пайыз болгудай. Ал эми өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмүнүн өсүшү 10 пайыздан ашат.

Мына ушундай позитивдүү көрүнүштөрдүн негизинде өлкөбүздүн сырткы карызынын ички дүң жыйымга карата көлөмү быйыл 5 пайызга азайып, 43,5 пайызга түшкөнү калды. Же мурда өлкөнүн бюджетинин таңсыктыгы 21-22 миллиард сом болуп келсе, быйыл ал 9 миллиарддын тегерегинде болду. Келерки жылы дагы азаят.

 

СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ  ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Экономикадагы позитивдүү көрүнүштөр аркылуу өлкөдөгү орточо айлыктын көлөмү жогорулап атат. Алсак, быйыл республикадагы орточо айлыктын көлөмү 16,5 миң сомдон ашты же өткөн жылга салыштырганда 7 пайызга көбөйдү. Айлыктардын өсүшү  дээрлик бардык  товар өндүрүүчү ишканаларда болду. Мугалимдердин айлык акылары 1-октябрдан орто эсеп менен 30 пайызга,  пенсиялар 300 сомго, спортук тренерлердин маяналары 50 пайызга, Улуттук илимдер Академиясынын кызматкерлеринин эмгек акылары 30 пайызга көбөйтүлдү.  Мамлекеттик кадр кызматында иштегендердин эмгек акылары да жогорулатылды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акылары 20-40 пайызданга көбөйтүлгөнү турат.

Эң негизгиси, өлкөдө аймактарды өнүктүрүү саясаты кеңири кулач жайып, ал өзүнүн оң натыйжаларын берип жатат. Алсак, быйыл 250гө жакын орто жана чакан ишканалар ишке киргизилип, жаңыдан 40 миңге жакын жумушчу орун түзүлдү. Жалал-Абад облусунда баалуу металлдарды өндүрүүчү “Куру-Тегерек, “Кичи- Чаарат”, Талас облусунда “Жерүй” алтын кени  ишке киргизилип, Кадамжайдагы сымап өндүрүүчү ишкананын иши кескин жанданды. Токтогул ГЭСин модернизациялоо аяктап,  Макмал алтын кенин модернизациялоо башталды. Жыл ичинде 50гө жакын типтүү мектептердин имараттары курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

                  МАМЛЕКЕТТИК МАШИНА ЭЛ ҮЧҮН ИШТЕТИЛИП ЖАТАТ

Аракеттеги мамлекет башчысы кызматка келгенден тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды элдин кызыкчылыктары  үчүн иштетүүгө бурууга, элдин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалануудагы түйшүктөрүн азайтууга айрыкча маани берип, арыз-даттануулар менен иштөөнү кескин жакшыртты. Калкты заманбап технологиялардын негизинде тейлөөчү жаңы борборлор, мекемелер ишке киргизилүүдө.  “Бирдиктүү терезе” принциби иштеп, ал кеңири кулач жайып баратат.Бул багытта өтүп бараткан жылда да көп иштер аткарылды. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу башталып, негизги көчөлөргө видеожабдуулар орнотулууда. “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктиүү реестри”, “Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри” долбоорлору тездик менен ишке ашырылууда. Негизги көчөлөргө адамдарды өңдөрүнөн таанып, билүүчү жабдууларды орнотуу да башталды. Өлкөнүн бардык булуң-бүрчтары санариптештирилип, мектептерди интернетке кошуу программасы аяктоодо. “Түндүк” долбооруна 50гө жакын мамлекеттик органдар кошулду. Соттук залдарга  видео жабдууларды орнотуу кызуу жүргүзүлүүдө.

Булардын бардыгы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалануучулардын түйшүктөрүн жеңилдетип, кылмыштуулуктун, тартип бузуулардын азаюусуна оң таасирин тийгизүүдө. Алсак, видеожабдуулар орнотулган көчөлөрдө айдоочулардын жол эрежелерин бузуулары, автокырсыктар 40-50 пайызга азайды.

                           НЕГИЗГИ КӨҢҮЛ АЙМАКТАРГА БУРУЛУУДА

Аймактардын  пилоттук генераторлору катарында 20 шаар тандалып алынып, ал жерлерди экономикалык, социалдык жактардан өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Азыр мамлекеттик кредиттик, гранттык ресурстарынын 70 пайыздан ашыгы  аймактарга жумшалууда. Дыйкандарга, фермерлерге, орто жана чакан ишканалардын ээлерине жеңилдетилген кредиттик, гранттык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу боюнча аябагандай көп иштер аткарылууда. Алсак, Кыргыз-Орус өнүктүрүү  фонду, “Айыл банк”, РСК банк сыяктуу каржылык мекемелердин ресрустарынын басымдуу бөлүгү аймактарга, айыл-кыштактарга багытталууда. Өтүп бараткан жылда дыйкандарга, фермерлерге, кайра иштетүүчү ишканалардын ээлерине жеңилдетилген шарттарда 30 миллиард  сомго  жакын кредиттер берилди. Кепилдик фонддун капиталы кескин көбөйтүлдү. Алардын үстөктөрү жылдан жылга төмөндөтүлүп, бюрократтык тосмолору азайтылууда.

Жергиликтүү бюджеттерди  киреше булактарын арттырып, чыңдоо боюнча  да натыйжалуу чаралар көрүлүүдө. Жандык киреше салыктардын 2 миллиард сомдон ашыгы жергиликтүү бюджетке калтырылып, жер-жерлердеги кайра иштетүүчү, чакан бизнестик ишканаларды курууга республикалык бюджеттен 2,1 миллиард сом жумшалды. Быйыл бюджеттин эсебинен  550  чакырымдан ашык жол асфальтталды. Бул акыркы беш жылда бул багытта аткарылгандардан да көп экен. Азыр ар район, чакан шаар үчүн жылына 3 чакырымдан кем эмес жолду асфальттоо нормалык милдетке айландырылган.

Мамлекеттик ипотека үчүн 1 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү.  Азыр көмүскө экономикадагыларды ачыкка чыгаруу максатында аларга бир жылдык амнистия жарыяланганы жатат. Ал деген, буга чейин ишкана, цехтерин жашырып, алык-салыктарын төлөбөй келгендер ачыкка чыгып, мыйзамдуу жолго түшүшсө, алардын буга чейинкилери унутулат, эске алынбайт, фискалдык органдар тарабынан куугунтукталбайт дегенди билдирет. Андай чаралар өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө колдонулган.

Р.S. Ошентип Кыргызстан кара кийик жылын бардык параметрлер боюнча ийгиликтүү жыйынтыктоодо. Келерки мээнеткечтиги жагынан айырмаланган Чычкан жылына оптимисттик маанайда карап, жаңы жылдын босогосун канааттануу  менен  ишенимдүү аттаганга бардык негиздер бар.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити