Улут сыймыгы! 

Тээ, июль айында болсо керек, Бишкектин мээ кайнаткан аптабынан качып Кочкорду көздөй бараткам. Аңгыча автоунаанын үналгысынан Муратбек Мукашевдин калемине таандык “Кегетинин кечтери” аттуу ырды бир тууган Райымбековалардын бириси кубулжута созуп жатты. Жол ката мукам музаны угуп отуруп, бир ой мээ чөйчөккө “кылт” этти. Көрсө, Муратбек Осмоналиевич эрки күчтүү мамлекеттик саясый ишмер, чыгаан экономист, банкирлердин “баба дыйканы” гана эмес, сөз адамы, сөздүн кадырын, маңызын, сөз таасирин кылдат сезе алган филолог экенине да ынандым. Ошондон уламбы, бул инсан өңчөй кичи-чоң таякелери жашаган Кара Кочкордун касиеттүү кубулуштарын ырга салып (ал чыгармасын ырчы Райхан Абдувалиева созолонтуп ырдап жүрөт) сүрөттөбөсө керек. Айтор, Муратбек аганын көңүлгө дабаа ырларын жол ката угуп отуруп, ушул доордун кайталангыс улуу инсаны тууралуу алымдын жетишинче уюткулуу ой түрмөктөр тизмегин чүргөөгө бел байладым.

 

Адатта кайсы бир инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп, анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. Бирок, тарыхта калыштын ондогон жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот тура. Калем кармаган тагдырымда катардагы жөнөкөй жарандарыбыздан тарта өмүрү легендага айланган улуу инсандарыбыз, өзгөчө коомдук, саясый ишмерлерибиздин, бир канча саясатчыларыбыздын бейнесине журналисттик үн берүү шыбагасы буйруду. Бул сапар көптөн бери көкүрөгүмдөгү “улутка кызмат кылган ушул каарманды жазам” деген көксөөнүн убактысы эми чыкты бейм. Эмесе, Муратбек Мукашев тууралуу алдыда алымдын жетишинче “алышкан” макалама бир көз жүгүртүп коюңуз, окурман (жөн эле үстүрт көз жүгүртпөй, кунт коюп окуп көрүңүз, балким тузу төмөндө жаткандыр).

Муратбек ага, эгемен өлкөбүздүн жаш тарыхында чыгаан банк кызматкери гана эмес, мамлекетибиздин демократиясынын кышын кынаптоодо парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты, алтургай спикери катары көз карашын кандай кырдаал болбосун, ачык айткан күчтүү саясатчы катары калды (ошол кездеги депутаттыгына, спикерлигине чектелген маянасын өзү албай, өңчөй жардамчыларына бергени кандай баага татыйт?). Ошон үчүн бозгундагы эки президент кезегинде аны жактырышкан жок. Акаев доорунда ага каржы министрлигин сунушташканда кара ниеттер тарабынан бутунан айрылса, Бакиев доорунда өлкө экономикасынын күрөө тамырына айланган, эл аралык деңгээлге дейре атагы бар банкынан айрылды. Болгондо да Бакиев жана анын “башкесерлери” өкүмзордук саясаты астында карандай эмгеги менен түптөгөн банкын каратып туруп тартып алышкан. Башынан турмуштун өйдө-ылдый, оош-кыйыштарын көп өткөргөн каарманыбыз жашоонун мындай соккуларынан соң чайпалып, төгүлбөстөн, сабырдуулугун көрсөткөн. Бутуна өз күчү менен туруу фактысын тирүүлөй далилдеген бул инсан бийликтин ыплас саясатына бийиктигин карманып философиялык көз караш менен карады. А бирок, кара ниеттердин бирөөнүн адал эмгек, ак ырыскысын өкүмзордук менен тартып алуусу эч кандай буйруктуу болбосуна көп өтпөстөн мезгилдин агымы менен баарыбыз күбө болдук. Анын саясый көз карашынын туруктуулугун ушундан билиңиз, 2010-жылы 7-апрель окуясынан соң, КСДП баштаган революциячыл партиялар партлидерден кийинки 2-тизмеге турууга чакырышканына карабастан, андай “маанилүү” сунуштан биздин каарман сыпайы баш тартканы бар. Бизде көптөгөн коомдук ишмер, белгилүү саясатчы аксакалдар бийлик ким тарапта болсо, ошол тарапка жандалбастап жапырылып, калыс сөзүн айта албай кайпактап, бир аз мурун айткан пикирлеринен 180 градуска бурулуп, чыныгы “чылапчын” жүзүн көргөзүп чыга келишээри адат эмеспи. Таңкалычтуусу, Муратбек Осмоналиевич кай бийлик болбосун, айрым байлардай же жоон топ экс-чиновниктердей болуп бийликке төшөлүп берген жок. Билгенге бул да болсо (өзгөчө кыргыз саясатчылары үчүн) чанда кездешчү калыстыктын, бийик парасаттуулуктун үлгүсү. Адатта адамдар кыйынчылыкта, катуу чуркап марага жетпей калганда же жөн эле убакыттын өтүшү менен көпчүлүктү, коомду ирээнжиткен пендечилигин көргөзүп алат. Андай болгондо, дээрлик идеал тутуп жүргөн адамыңдан көңүлүң кайт болуп, “бу деле бир көрпенде турбайбы” деген өкүнүч же оор шыпшынуу менен алаканды “шак” коюп, отуруп калабыз. Бирок, убакыт да, бийликтин зөөкүрлүк, зомбулугу да адамдык сапатын “солк” эттирип койбогон инсанды көргөндө - ичиң жылып, ыраазы болооруң турган кеп.

“Атанын баласы болгон Мукашев өзү да жакшы ата боло алды”

Анын депутаттык ишмердүүлүгүндөгү бир кездеги кесиптеши, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Каныбек Иманалиев Муратбек Осмоналиевичтин кесиптик, инсандык бедели тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Биз Муратбек Осмоналиевич менен 2000-2005-жылдары парламенттин 2 чакырылышына чогуу депутат болуп, болгондо да бир комитетте иштешип калдык. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин өлкөбүздүн банк системасын өнүктүрүүдө өзгөчө эмгек сиңирген 2 инсан болсо, ошонун бири Муратбек Мукашев деп билем. Ал жетекчилик кылган “Кыргыз өнөр-жай курулуш” банкы өлкөбүздүн ар бир региондоруна чейин жеткен филиалдары бар, жеке менчик эң ири каржы мекемесинин бири болчу. Экинчиден, Муратбек Осмоналиевич депутат катары Бишкек шаарынан шайланды. Өзүнүн шайлоочуларынын көйгөйлөрү менен таламдарын парламенттин трибунасынан ачык айтып, маселелерди өкмөттүн астына кое билип, аларды мыйзам аркылуу коргой билген татыктуу парламентарий боло алган. Үчүнчүдөн, ал киши чыгармачылыкка жакын, өзү да ыр жазып, адабиятка жакын ырларын жыйнак кылып чыгарып, руханий дүйнөсү бай, китепти көп окуган, дүйнөлүк классика менен кеңири тааныштыгы бар адам катары аны абдан сыйлайм. Төртүнчүдөн, каарманым жакшы ата, балдарына татыктуу тарбия берип, бир уулу учурда Кыргызстандын Женевадагы туруктуу өкүлү, өлкөбүздүн Швейцариядагы элчиси, дасыккан дипломат болуп, мамлекетибиздеги жаңы дипломатиялык муундун көрүнүктүү өсүп келаткан адиси катары үзүрлүү иштеп жатат.

Кыргыз банкирлеринин феномени, тажрыйбалуу экономист катары ал акчаны кантип таап, өлкөбүздүн экономикасын, мамлекеттик казынанын киреше-чыгашаларын ар убак таамай, так кылып, негиздүү аргументтери менен талдаган аналитикалык деңгээлдеги макала-маектерин мезгилдүү басма сөз аркылуу билдирип келет. Кезегиндеги анын айныгыс көз караш, жактоосу менен улуттук валютабызды тез киргизүү зарылдыгын жактаган принципиалдуу позициясы - бүгүнкүдөй экономикалык олку-солку мезгилде өз жемишин берип жаткандыгын адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу кажет. Акча жасоонун миң түрлүү айла-амалын билген, эсеп-чотун жаңылбай каккан Мукашевди Майер Амшель Бауэр, Алан Гринспенд сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги тарыхта аттары калган банкирлердин фельдмаршалдары сымал өлкөбүздүн экономикасы күн сайын кедеринен кетип, сомдун куну качып, доллардын курсу көтөрүлүп жаткан азыркыдай шартта көз караштардын ар түрдүүлүгүнө карабастан акылы тунук кесипкөй адистин кеп-кеңешин, баалуу күчүн алып калышыбыз керек болчу. Бул жагынан каарманым 31 жашында өлкөбүздүн каржы министри болуп, дээрлик 26 жыл үзүрлүү эмгектенген айтылуу устаты Алиаскар Токтоналиевден кем эмес ак эмгегин өтөп бермек.

Бир курдай банк системасы, айрыкча, бир кездери өзү башкарган “Кыргыз өнөр-жай курулуш” банкынын өлкөдөгү эң ишенимдүү, таасирдүү каржы мекемесине кантип айланткандыгы тууралуу собол салып калдым. Муратбек ага баардык майда-чүйдө деталдарын элестүү кыла, таамай, так, анан да мээге куйгандай образда түшүндүрүп берди. Анын баарын бул жерге баяндап, “буйдалгым” келбеди. Болгону, кезинде ал башкарган банктын зоболосу көтөрүлгөндүгүн, (салык, соцфонд, мамлекеттик казынага төккөн миллиондогон төлөмдөрүн тизмектебедим) 15 жылдан ашуун убакыттын ичинде мекемеде үлгүлүү иштеген кызматкерлерден 142 адамды жеке турак жай менен камсыздаганын кыстара кетсем жетиштүүдүр. Керек болсо мамлекет да өз жарандарына мынчалык деңгээлде камкордук кылбаса керек. Бүгүн да бир кездери Мукашевдин мектебинен талпынып, канат күүлөп чыккан анын шакирттеринин алды өлкөбүздүн үлкөн каржы мекемелери менен банктарын жетектешип, ал таптаган кадрлар учурда каржы, экономика министрликтеринде ийгиликтүү иш алып барышууда. Ошол шакирттеринин баарысы устаты менен сыймыктанышат.

“Мукашев жүздөгөн жаш банкирлердин кумирине айланган...”

Алардын бири, мамлекеттик “Айыл Банктын” башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Гульчехра Камчибекова устатынын ишке болгон талаптарын ары сыймык менен айтып берди:

- Мен өз ишинин устасы, кесипкөй адис, мыкты банкир Муратбек Мукашев менен иштешкениме сыймыктанам. Муратбек Осмоналиевич ар дайым ийгиликтүү иштин артында мыкты кадрлар тургандыгын баса белгилечү. Кадр тандоодо өзүнө гана тиешелүү адистин көз карашы менен баа берчү. Улуу устаттын мектебинен көптөгөн жаштар чоң ийгиликтерге аттанышты. Жаштарга банк ишинде улам бир тепкичке көтөрүлүүгө, тажрыйбасын байытууга, билимин тереңдетүүгө ар убак шарт түзүп турган. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ротация программасы ал жетектеген банкта үзгүлтүксүз колдонулчу. Кадрларды тандоодо кесиптик билими менен тажрыйбасына чоң көңүл бурчу. Жумушта кол алдындагы кызматкерлеринен тазалыкты талап кылчу. Банкка кирип баратканда ар бир кызматкер бутунун учундагы чаңына чейин тазаланып киришчү. Керек болсо банктын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты кезинде да таң атпай жумушка келип, кызматкерлердин кимиси ишке кечигип, кимиси канчада келээрин байкап турчу. “Банкта иштеген соң кызматкерлер жумушка убагында келип, сервистик тейлөөнү өз маалында жүргүзүшү керек” - деген талабы бар эле. Мен устатыбыз жетектеген банкта иштеп жүргөн жылдардагы тажрыйбам үчүн Муратбек Осмоналиевичке терең ыраазычылык билдирем. Ал биздин доордун “неординарный”, кызыктуу, күчтүү инсан катары бир кездери мен сыяктуу жүздөгөн жаш банкирлердин кумирине айланган. Биз баарыбыз устатыбыздай татыктуу жетекчи болууга, өрнөктүү өмүр сүрүүгө умтулушубуз керек. Анын эркинин күчтүүлүгүнө, чыдамкайлыгына, кайраттуулугуна баа берем! Жүздөгөн жаштардын устаты боло алган Мукашев жогорку кесипкөйлүктүн эталону катары шакирттерине ар дайым дем берип турат. Уникалдуу Муратбек Осмоналиевичке мендей шакиртинин чын жүрөктөн чыккан ток этээр бир каалоосу бар. Ал каалоо чың ден-соолук, узун өмүр. Бул кишинин башында өтө көп маалыматтар чогулган. Саясат, экономика, банк системасы, дегеле турмуштук чоң тажрыйбага, маалыматтарга бай мындай инсандын алтын башындагы баалуу кеп-кеңештерин, билими менен тажрыйбасын биздей жаштар өзүбүзгө ар убак алып калышыбыз керек. Ал үчүн Муратбек Осмоналиевичтин ден-соолугу, алтын башынын амандыгы гана керек. 

 “Сен аябай “сүзөнөөк” депутат турбайсыңбы...”

Анын канчалык кыялы “кырс” болсо да безге тийгендей, тамашалуу, ирония аралашкан кептерин жакындан билгендер жарыша айтышат. Мукашевдин мындай өзгөчө сапаттарын Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынында чогуу 5 жыл депутат болгон үзөнгүлөшү Шамшыбек Медетбеков жылмайуу менен эскерет:

- Муратбек байкенин чыгаан банкир, күчтүү экономист, өз ишинин анык профессионалы экенинде кеп жок. Ал адам катары оригиналдуу сапаттарга ээ кыргыздын уникалдуу инсаны экенин тартынбай айтам. Мүнөзүндөгү тамашөкөй сапаттары да өзгөчө экенин билебиз. Эсимде, 2000-жылы жаңы депутат болуп келип калдык. Биз бири-бирибизди жакшы тааныбайбыз. Катарыбызга бир жаңы депутат келип калды. Муратбек байке аябай олуттуу карап туруп ага карата “сен жөнүндө уктум, аябай “сүзөнөөк” депутат турбайсыңбы?” – деп тамашаласа тиги кесиптешибиз түшүнбөй, оозу ачылып калган (кимди айтканын Мукашев өзү билет). Парламентте чогуу депутат болуп жүргөндө 5 жыл катары менен биздей кесиптештерин өзүнүн банкына караштуу Ысык-Көлдөгү “Тулпар” деген пансионатына 4-5 күнгө эс алдырып, меймандостугун көрсөтүп, сыйлап турчу. Баарыбыз ал жактан чер жазышып, жакшы эс алып, рахат менен кайтаар элек. Өзү тамашага абдан жакын, чымчып сүйлөп, башкалар аны катуу тамашага салса дагы туура түшүнүп, көтөрө билген, жаштар менен алардын тили аркылуу тамашалаша алган, керек болсо кичүү муун өкүлдөрүн айласын кетирген ушундай улуу инсан менен чогуу депутат болуп калганыма сыймыктанам. Азыркы бийлик Муратбек Осмоналиевичтин билимин, тунук акылын, бийик тажрыйбасын мамлекетибиздин экономикасын көтөргөнгө пайдаланса алды утуш гана болмок.   

Бүтүндөй бийиктикке өз мээнети, карандай эмгеги менен жеткен Муратбек Мукашев 2000-жылы парламенттик жарышка аттанып жатып: “Мен өзүм бутка тургам, силердин да бутка турушуңарга жардам берем!” аттуу шайлоо урааны менен жарышка кадам таштаган. Аныгында, бул инсан шайлоого чейин, кийин чоң саясатка анчейин аралашпай, депутаттыктан кетсе да таланттуу өнөр жылдыздарына, илим-билим, спорт, айтор, көкүрөгүндө көрөңгөсү бар чыгармачыл адамдарга, жазуучу-журналисттерге, жардамга чындап муктаждарга материалдык жагынан чоң жардам бергенин жана азыр да берип келатканын Мукашевдин ашынган душмандары да тана албайт. Пендечиликке алдырып, байлык-бийлик кумарына азгырылбай, сыноодон өткөн инсан катары көп адамдардын тагдырына түндүк көтөрө алды. Убактылуу, күнүмдүк маселелер менен алек болбой, айрыкча, келечектүү искусство таланттарына тирек болушту өзүнүн атуулдук милдети катары сезди. Анын жогорудагыдай жакшылык жасоодогу кадамдары жөн гана барбалаңдаган колу ачык жигитчиликтин жигери эмес, билимдүү, көп тараптуу, маданиятка, искусствого каны-жаны тартылган чыныгы элита кишиси болгондугун айгинелейт.  Өзү да ыр жазып, публицистикалык, философиялык маанайдагы бир катар чыгармаларын китеп кылып, көркөм дүйнө менен жуурулушканы бекеринен эместир. Улуу кишинин улуулугу – анын тутунган кенедей кебинен да кашкайып көрүнөт экен, каарманым жашоодо атасынын: “Бирөөгө жакшылык кылсаң, аны ар кимге айтып доомат кылба”, - дегенин карманган жайы бар. Ошондуктанбы, Муратбек ага жогорудагыдай элге-журтка, колдоого муктаждарга, калктын түрлүү катмары менен өнөр адамдарына кылган жакшылыгын бетке кармап, айрымдарчылап анысын эл алдына төш кагып, жарыя кыла бербейт.

“Музыка, сүрөт, адабиятты Мукашевдей жүрөгүндө оту бар адам түшүнөт”

Биздин каармандын чыгармачылыгы, жалпы эле өнөр дүйнөсүнө болгон камкордугу тууралуу жазуучу, журналист, өлкөбүздүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Мундузбек Тентимишев төмөнкүдөй оюу менен бөлүштү:

- Муратбек байке жүрөгүндө оту бар адам. Музыка, сүрөт, адабиятты жакшы түшүнөт. Сүрөткө жасаган мамилесин эле алсак, Москвада студент болуп жүргөндө кичине убактысы болсо эле Третьяков галереясынан атактуу сүрөтчү А.А.Ивановдун “Христтин элге кайтып келиши” – деген сүрөтүн көрүү үчүн ашыгып жөнөчү экен. Кайсы өлкө, кайсы шаарга барбасын, биринчи кезекте ал жердеги сүрөт жайлары менен музейлерди көрүүгө ашыгат. Үйүндө, иштеген жеринде көңүлү жактырган сүрөтчүлөрдүн пейзаж, натюрморт, турмуштук сюжеттерди чагылдырган картиналары каз-катар илинип турат. Айрым таланттуу сүрөтчүлөргө өзү башкарган банктын имаратынан өнөркана үчүн жай бөлүп берген. Поэзияда Алыкулду пир тутуп, өзү да ыр жазат. Алыкулду урматтаганы ушунчалык, ал тууралуу эң кызык жазылган ой толгоолордун түрмөгүн жаратып, мезгилдүү басма сөзгө, китептерине жарыялаган. Акындын Бишкектеги үйүн ремонттоого чоң акча каражатын берген. 2002-жылы менин “Аны Алыкул деп аташкан” деген китебимди да чыгарууга демөөрчүлүк кылган. Өтө көп окуйт. Үч китептин автору. Алардын ичинен турмуштук окуялардын жана жекече байкоо-ой жүгүртүүлөрдүн негизинде жазылган “Жан сырлар, сан ойлор” (2014), “Сайраган куштар топ болуп учушпайт” деген китептери адабий планда чыныгы чыгармачылык изденүүнүн үлгүлөрү болуп саналат. Азыр Чүй боорундагы өзү туулуп-өскөн Кегети айылы жөнүндө публицистикалык эмгектин үстүндө иштеп жатат. Көптөгөн таланттуу жаштарга жардам-көмөгүн көрсөтүп келүүдө.   

Элим деген эр жигиттин киндик кан тамган жери анын жашоосундагы негизги орунда тураары анык. Өзгөчө эл көзүндөгү мындай “оор калибрдеги” саясатчылардын кичи мекенине кылган мамилеси көпчүлүктө кеп-сөзгө айланып, сыналат. Муратбек Мукашевдин кичи мекенине карата “Элим-жерим, Кегетим” деген мекенчилдик маанайын, андагы жек-жааты менен бир туугандарына, атасы Муктар менен энеси Турдукандын небере-чөбөрөлөрү, укум-тукумдарынан куралган көчкө татыктуу жол баштап, аларга кылган чоң аталык камкордук, таалим-тарбиялык үлгү тутчу улуу жүрүшү өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

“Мукем туулган жердин ташына да ыйык мамиле жасайт”

Анын жердештеринин арасында кадыры бийик экенин айылдашы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун мурдагы ректору, профессор Искендер Исамидинов да танбайт:

- Мукем жөнүндө ой айтыш өтө кыйын, татаал десем болот. Анткени, бул көп кырдуу, ары сырдуу инсан. Ой чабыты кенен, убагында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп, көп балалуу үйдө тарбияланган. Бала кезинен чыйрак, сезимтал, китепке, спортко өтө жакын болуп өстү. Ток этери таланттуу, өнөрлүү, чыгармачыл, “мен” деп төш какпагандыгы менен айырмаланат. Биз көп учурда жаныбызда жүргөн залкарларды баалабайбыз. Кыргызда “карынымдын ачкасына эмес, кадырымды билбегенге капамын” – дегендей кээде Мураттын кадырына жетпей калабызбы (?!) деген ой мээмди көзөп келет. Мукемди түшүнбөгөндөр аны “чорт кыял бир пенде да” деши мүмкүн. Аныгында андай эмес. Муратбек менен жакындан сүйлөшсөң мындан өткөн боорукер, мындан өткөн аё сезими күч жандар аз экенине ынанасың. Мукемдеги дагы бир өзгөчөлүк, ал айылдын, туулган жердин ташына дагы ыйык мамиле жасагандыгы менен айырмаланат. Кээде сүйлөшө калганда биз өскөн Кегети айылындагы тоолор, суулар, булактар, жалпы жаратылыш жөнүндө кеп кылып, табияттын картайып баратканын, бак-дарактар куурап жатканын көрүп капа болгонун көп байкап калам. Баардык нерсе өзүңдүн кичи мекениңден башталат. Мукашевдин элетке болгон сүйүүсү, айылдаштарын уруу-урууга бөлбөй, аларга кол сунган жардамдары, анысын эч кимге айтпаганын айылдагылардын баарысы билет. Ошентип билгендери үчүн Муратбекти жердештери абдан сыйлашат. “Биздин бала, айылыбыздан чыккан чыгаан инсаныбыз” – дешип алкап турушат. Айылдаштарыңдын мындай сыйына татыштын өзү дагы кандай сыймык? Канчалаган төбөсү элге көрүнгөн инсандардын өз айылына, алтургай туугандарына кыпындай кадыры жокторду көрүп жүрбөйбүзбү? Кээ бирлери туулуп өскөн мекениндегилер менен катыша албай, жардам бермек тургай мээрим төгө албагандары канча дейсиң? Айылдан чыккан таланттуу жаштардын бир канчасына жардам берип, булактын көзүн ача билген жөндөмүн бүгүн сөз ыңгайы келгенде айтпасам болбойт. Кыскасы, Мукашевди бир макалага сыйдырып, бейнесин ачып берүү мүмкүн эмес. Ал боюнча көлөмдүү чоң-чоң макалаларды жазуубуз керек.         

Адатта, атактууларыбыздын, өзгөчө эл көзүндөгү мурда-кийинки экс-чиновниктерибиздин мезгилдин сыноосунан кантип өтүшкөнү көпчүлүккө кызык болоору анык. Мукашевге байланыштуу мындай суроого бул макала аркылуу аз да болсо жооп жаралды деп ойлойм. Бир кездери каарманымдын бутун кара ниеттик менен тебелеткендер “алтынды дат баспаган” сыңар, анын эрки бекем экенине эстери оогондур... Меценат, жигитчиликтеги мергенчиликке чыгууну эт-бетинен самаган ышкыбоз, күчтүү мыйзамчы, мамлекетчил ишмер, өнөр адамдарын колдогон, өлкө экономикасына күч берген ар өнөргө бай мындай таланттуу инсанды бүгүн коомчулук кандай деңгээлде баалай алды? Бул собол - аны жашоодо эш тутуп, баалап-барктагандардын жоопсуз суроолоруна айланып келет.

Алдыда жыл жаңырса кыргыз интелегенциясындагы көчтүн көркү болгон каарманым өмүрүнүн жетимишинчи жазын тосмокчу. Мааракелик датага карата кашкөй инсан тууралуу татыктуу деңгээлдеги салтанат уюштурулса, белсемдүү иш-чаралар белгиленсе улуулардын алдында урпактык милдетибизди аркалаган болоор белек? Жашоодо бар кезде адамдын асылдыгын баалаган парз-милдетибизди аркалай албасак, эртеңки өкүттөн не пайда?.. Муратбек Осмоналиевич жөнүндө азыркылар эстей жүрөт. А мындай милдетти келечек муундар да мурас катары эскере жүрөрүнө ишенгим келет.  

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ.

Булак: “Майдан.kg” гезити

P.S. Гезиттен кеткен 1 жылдан бери алгачкы жазган макалам ушул болду. Сөз тизмектери, стилимден кеткен катачылыктар болсо гезит окурмандарынан кечирим сурайм.