Маданият
12-13-декабрда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы тарабынан кеңири масштабда белгиленди.
Ушул жылдын 1-ноябрынан 10-декабрга чейин мектеп окуучуларынын жана студенттердин арасында: - 1). улуу жазуучунун чыгармалары же өмүр жолу боюнча эсселерди жазуу; 2). анын чыгармаларынын негизинде сүрөттөрдү тартуу; 3). чыгармаларынан көркөм окуу жана монологдорду айтуу боюнча сынак жарыяланса, ага келген материалдар, катышкандардын саны күткөндөн да ашып түштү. Ага республикабыздын бардык аймактарынан окуучулар, студенттер жазуучунун чыгармаларындагы негизги каармандарын чагылдырышкан кийизге, синтетикалык материалдарга түшүрүлгөн сүрөттөрдү, гипстен жасалгандарды да жиберишти. Республикалык сынакка 400дөй мектептердин, лицейлердин,100гө жакын жогорку жана атайын орто окуу жайларынын, кесиптик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Сынакка жюри мүчөлөрүнүн айтуусунда, кагазга жазылган 486 эссе, кагаздарга жана картондорго тартылган 720дан ашык, кийизге жана синтетикалык материалдарга түшүрүлгөн 8 сүрөт, гипстен жасалган 5 материал келип түшүптүр. Алардын авторлору өздөрүнүн жетекчилери менен келишип, кызыккандарга өз колдорунан жаралгандардын маани-максаттары, негизги идеялары жөнүндө түшүндүрмөлөрдү да беришти. Алардын ичинен мыктыларын тандоодо Академиянын вице-президенти, улуу жазуучунун баласы Элдар Айтматов, Чыңгыз Айтматов бөлүмүнүн башчысы Султан Турсуналиев жетектеген топ 3 күн тынбай күнү-түнү иштешти.
Натыйжада эссе жазуу боюнча Ош шаарындагы Пушкин атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Шавкат кызы Фатима, Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы № 71-орто мектептин 11-классынын окуучусу Эланис Бекбергенов, сүрөт тартууда Талас районундагы Р.Айдаралиев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Бермет Табылдиева, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Эмир Сооронбаев, көркөм окууда жана монолог айтууда Ак-Талаа райондук балдардын билим берүү борборунун 9-классынын окуучусу Алина Акунова, борбор калаадагы № 49-мектептин окуучусу Ильхам Умурзаков, №81 мектептин 6-классынын окуучусу Уркуя Чынарбекова байгелүү орундарды ээлешти. Мында өзү өзбек улутунда болгон менен кыргызча таптак монолог айткан Лейлек районундагы Хамза атындагы орто мектептин окуучусу Дильноза Тажиеваны белгилей кетүүбүз зарыл. Студенттер арасында монолог айтууда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз маданият жана искусство институтунун Жансая Бакаева, Алина Фурсова, Эдуард Порягин кесипкөйлөрдөн калышпаган чеберчиликтерин көрсөтө алышты. Улуу жазуучунун келини Сабира Айтматованын кийизден жасаган кайын атасынын портрети көрүүчүлөрдүн аябагандай чоң кызыгуусун жаратты.
Ал эми бизге Бишкектеги №78-мектеп-гимназиянын 7-классынын окуучусу Нариман Жумашбаеванын тарткан сүрөтүнүн оригиналдуулугу, образга карата жаңыча мамиле жасагандыгы аркылуу чоң таасир калтырды. Алсак, ал сүрөткө чоң көз, анын ичинде айды карап улуп жаткан Акбаранын сүрөтү батырылган. Бир караганга ай адамдын көзүнүн карегиндей да көрүнөт. Ал эми алыстан караганда жалпысынан кадимки эле адамдын көзү.
Токмок шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин 6-классында окуган Актилек Ишенбеков Мүйүздүү Бугу эненин, Гүлсарат менен Акбаранын, “Ак кеменин” элестерин гипстен жасаптыр. Ал эми Бишкек шаарындагы №7-мектептин 9-классында окуган Кубанычбек уулу Жуманазардын “Жамийла” повестинин кейипкерлери боюнча тарткан сүрөттөрү техникалык жактан иштелиши, элестүүлүгү жагынан дасыккан сүрөтчүлөрдүкүнөн калышпайт десек болот. Борбор калаадагы № 75-мектеп-лицейдин 5-классында окуган Айдай Куламжанова, №7-мектептин 8-классында окуган Камила Ашырбекова тарткан сүрөттөр да көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды. Булардын айрымдары да байгелүү орундарды ээлешти.
Студенттер жана окуучулар жазган айрым эсселер ойлорунун тереңдиги, оригиналдуулугу, көркөмдүүлүгү жагынан окугандардын кызыгууларын жаратты. Алардын айрымдарын мезгилдик басылмалар аркылуу окурмандарга сунуш кылса да болчудай.
Жалпысынан алганда сүрөттөрдө жазуучунун “Ак кеме”, “Жамийла” повесттериндеги, “Кыямат” романындагы жан-жаныбарлардын бейнелери үстөмдүк кылса, эсселерде, көркөм окууларда жана монологдордо “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим” повесттерине көбүрөөк орун берилиптир. Ал эми жазуучунун майда аңгемелерине, чоң романдарына кайрылгандар аз экен. Бул бизде гана эмес, жалпы дүйнөдө экологиялык көйгөйлөрдүн окуучулар, студенттер да жан дүйнөлөрү менен сезишип, ага карата өз мамилелерин билдиргилери келгенден улам болсо керек деп ойлойбуз.
13-декабрда Кыргызстандын киночулар үйүндө “Чыңгыз Айтматов жана кино” деген темада жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган көркөм кинолорду көрсөтүүнүн жумалыгы башталды. Анын ачылышына жазуучунун чыгармалары боюнча кинолорду тарткан, негизги ролдорду ойногон Бакыт Карагулов, Манасбек Мусаев, Гүлсайра Ажыбекова, Чоробек Думанаев, Нургазы Сыдыгалиев, Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова сыяктуу белгилүү чеберлер катышып, аларга Академиянын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити