Ийгиликке кадам...


“Альянс Алтын” ЖЧКсы алгачкы ийгиликтерин багынтууда, бул компанияны алдыдагы чоң бийиктиктерге жетелейт. Ар бир аракет Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө кошулган салым. 12-декабрда “Альянс Алтындын” 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тегерек столдо талкууланды. Компаниянын башкы директору Михаил Шубин ийгилик сүйлөшүү жыйынтыгына жеткенде гана келээрин белгиледи. Ал аяктап бараткан жылы “Жерүй” долбоорунун көптөн күткөн ишке ашуу жолундагы жасалган иштер тууралуу жарыялады. Тегерек столго тармактык мекемелердин өкүлдөрү, инвестиция жана тоо-кен тармагынын эксперттери катышты.

“Ноябрь айында курулган карьерде кен казып алуу иштери башталган. Алгачкы беш миң тонна кен кампага жөнөтүлдү. Жаңы жылга карата алтын өндүрүү фабрикасынын курулуш-монтаждык иштерин соңуна чыгаруу пландалып жатат. 2020-жылдын март айында компания биринчи алтын куймасын алат деп турабыз”,- деди Шубин.

Ал белгилегендей, фабрика ишке киргизилгенден кийин эритүү технологиясы менен  жылына 1,3 миллион тонна кен кайра иштетилип чыгат. Мындай технология кендин жана аны кайра иштетүүгө колдонулуучу суюктуктун топуракка жана сууга кошулуп кетүүсүн 100 пайыз алдын алат. Экологиялык коопсуздук “Жерүй” долбоорунда өзгөчө тема, анткени кен казылуучу жердин айланасында айыл чарба багытындагы жерлер жайгашкан.

“Калдыктар кургак ыкма менен жыйылат, башкача айтканда коюутулуп, тазалагандан кийин гана автоунаалар менен үймөккө жеткирилет. Бул дамбанын үзүлбөй турганын кепилдендирет”,- деп белгиледи Михаил Шубин.

Ошондой эле анын айтымында технологиялык бөлүктө алтын өндүрүүчү фабриканын суу жүгүртмөсү толугу менен долбоорлонгон. Тагыраак айтканда суу фабриканын ичинде пайдаланылат жана бир литр дагы дарыяга төгүлбөйт, мындай кылуу техникалык жактан мүмкүн эмес. Анын үстүнө алтын өндүрүүчү фабрикага дүйнөлүк бренддеги фирмалардын эң бир мыкты - Швеция, Италия, Канада жана Финляндиядан чыккан жабдыктар орнотулган.

“Россиялык жана кытай жабдыктарын пайдаланбайбыз. Бул албетте биздин фабрикабыздын чыгымын көбөйтөт. Бирок биз эң бир заманбап жабдыктарды, ыкмаларды жана технологияларды колдонуу боюнча берген убадабызды аткардык”,- деди “Альянс Алтындын” башкы директору.

Компаниянын маалыматына караганда, 2019-жылы кенде туруктуу режимде 15 келишимдик уюмдар иштеген, бул болжол менен 600 адам. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. 2020-жылдын экинчи кварталынын башталышында кыргызстандык кызматкерлердин санын көбөйтүү пландалган. Белгилей кетчү нерсе “Жерүй” кенинде айлык 500 долларды түзөт.

Өкмөттүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, компания алдыда көп сандагы жумушчуларга муктаж болот жана ал муктаждык аймактын тургундары аркылуу чечилет.

“Альянс Алтын” компаниясына алтынды иштетүү жана өндүрүү иштерине 2 миңдей адам жумушка алынат. Анын болжол менен 90 пайызын Талас облусунун тургундары түзөт. Негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү алынат, алар ишке сынак аркылуу киришет жана “Альянс Алтындын” эсебинен окушат. Бул биздин аймактагы эң чоң көйгөй болгон жумушсуздук маселесин чечет деп ойлойм”, - деди Марат Мураталиев.

Тегерек столдо белгилүү болгондой, компания 2015-2019-жылдар аралыгында иш баштай элек маалда өлкө бюджетине 602,1 миллион сом которгон. Ошондой эле “Бакубат Талас” фондуна кошумча иретинде 450 миллион сом берген, бул каражаттын эсебинен Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланган жана чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн аз пайыздагы насыялар берилген.

Михаил Шубин компания аймактын өнүгүүсүнө кайдыгер эместигин жана салым кошууга умтулаарын белгиледи: “Биз фондго которгон сумманын 40 пайызы кайтарымсыз социалдык долбоорлорго - медицина, спорт, маданиятка жумшалат. Булар жергиликтүү коомчулук, аким жана губернаторлор тарабынан иштелип чыгат. Курамына облустун төрт районунун, Талас шаарынын жана айыл аймагынын өкүлдөрү кирген байкоочу кеңеш ал долбоорлорду бекитет”.

Анын айтымында Талас облусунун өнүктүрүү фондуна жалпысынан алтынды сатуудан түшкөн каражаттын 2 пайызы кетет. КР геологдор жана тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн Ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев мындай көмөктү чоң иш деп сыпаттады.

- Жыйынды продукциянын 2 пайызын аймактын өнүгүүсү үчүн берүү чоң иш. Сиздер каражаттын кайсы бир бөлүгүн ишкерчиликке арноо менен рентабелдүү жолго туура кадам таштадыңыздар. “Жерүй” Кыргызстандын тоо-кен жаатынын баасы боюнча мыкты кендердин бири. Бирок тилекке каршы 30 жылдан ашуун убакыттан бери иштетилбей келген. Бүгүн компаниянын доклады абдан жакшы болду, биз акыры бирдиктүү пикирге келдик. Бул долбоордун ишке ашуусу мамлекетибиздин келечеги үчүн мыкты натыйжа берет деп үмүт кылабыз,- деди Дүйшеев.

Тоо-кен тармагындагы инвестиция боюнча эксперт Кубан Ашыркулов “Жерүй” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусу Таластагы башка кендердин өнүгүүсүнө түрткү болот деп эсептейт.

- Долбоордун бүгүнкү күндөгү ийгиликтүү ишке ашуусу Талас облусундагы башка долбоорлордун өнүгүүсүнө оң таасирин берет десек болот. “Жерүйдүн” ийгиликтүү ишке ашуусу аймактагы башка кендерди өнүктүрүүгө өбөлгө болушу керек. Маанилүү нерсе – ачык-айкындуулук, аны баары белгилеп жатышат. Компаниянын ушундай өзгөчөлүгү, толук маалымат менен кабардар кылышы, бардык маселелерди талкууга алышы  жергиликтүү калкты өзүнө тартты,- деди Ашыркулов.

Ал эми КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору Алтай Бөрүбаев кен иштетүүчү компаниялар менен илимпоздордун кызматташуусун сунуш кылды.

- Мен Талас облусунда төрөлүп-өскөм. Менин жаштыгым ошол жакта калды, эмгек эргүүмдү азыр алтын казылып жаткан “Жерүй” жайлоосунда өткөргөм. Ошондуктан мага бул маселе маанилүү. Бизде, Улуттук илимдер академиясында тоо физиологиясы институту бар, илимпоздор кен иштетүүчү компаниялар менен кызматташса чоң пайда алып келишмек. Жок дегенде кеңеш берүү жаатынан,- деди Алтай Бөрүбаев.

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити