Шайлоо камылгасыбы?
Эл кыштын суугунан тоңбой, азбай аман эсен жазга жетүүнүн камын жеп атышса, айрым саясатчылар келерки жылдагы шайлоонун камы менен баш оорутушуп жүргөн кездери.
Айрыкча бул маселе бабановчу депутат Мирлан Жээнчороевди катуу ойлондургандай. 9 пайыздык шайлоонун босоголук чегин 5 %га түшүрүү демилгесинде Мирлан мырзанын активдүү болуп жаткандыгы эмнеден кабар берет? Мирлан Жээнчороев дайыма Өмүрбек Бабанов менен масилеттешип, кеңешип иш кыларын эске алсак, анда башкы республикачы Өмүрбек Бабановду “2020-жылдагы шайлоодо босоголук чектен өтпөй каламбы?”- деген кооптонуу ойлонтуп атабы? Башкасын ойлонтсо да, президенттик дарамети, саясий салмагы бар Өмүрбек мырзаны 9 %дык босоголук чек ойлонтпошу керек эле…
Дегинкисинде, биз буга чейин бир нече жолу жазганбыз. Шайлоонун 9 %дык босоголук чегин төмөн түшүрүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт. Парламенттин сапаттык курамына эч кандай таасир этпей турганын бөркүбүздөй көрөлү. Сапаттык жактан азыркы эле курамдагыдай депутаттар кайрадан шайланып келишет. Бирок босоголук чектин 9 % бойдон калуусу партиялык системаны, парламентаризмди бекемдөөгө оң таасир этерин унутпайлы. Болбосо, Жогорку Кеңеш аты-жыты белгисиз, аты бар заты жок партия атпайлардын эксперименттик саясий аянтчасына айланат.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити