Аналитика

2020-жылда боло турчу парламенттик шайлоонун алдында Кыргызстанда жөнөкөй эмес коомдук-саясий кырдаал байкалууда. Мындай пикирге Бишкекте өткөн “Алдыдагы парламенттик шайлоонун контекстиндеги Кыргызстандын келечектеги образы” аталыштагы тегерек столдун катышуучулары келишти.

Саясат талдоочу Игорь Шестяковдун пикирине караганда, парламенттик шайлоо темасы келерки жылы орчундуу болот, бирок шайлоо алдындагы кырдаал 2015-жылдагыдан кескин  айырмаланат – бул жолу бир топ кызыктуу да, ошол эле учурда ар тараптуу жагдайлар жаралаары анык.

- Бул жылы коомчулукта шайлоонун босого чеги, парламенттин таратылышынын ыктымалдыгы, ЖКдагы депутаттардын санын 35-40ка чейин кыскартуу боюнча маселе активдүү талкууланды. Өлкөдө партиялык конфигурация өзгөрүшү мүмкүн, анткени көпчүлүктүн партиясы КСДП маңызында кыйроого туш болду, эми образдуу айтканда “жалгыздаган саясий партизандык кыймылды” элестетип жатат. Бүгүнкү күндө парламентте бар партиялардын арасында жаңы ЖК курамына кирүү мүмкүнчүлүгү бир же көп дегенде эки партиянын энчисине туш келет, - деди Игорь Шестаков.

Анын айтымында, парламенттик партиялардын алдыдагы шайлоодо кубантаарлык перспективага ээ эместигин алтынчы чакырылыштын депутаттары электораттын ишенимин актабагандыгы менен түшүндүрсө болот.

Кыргызстанда бийлик институттары коомчулуктун ишениминин кризисине туш болгону тууралуу депутат Чыныбай Турсунбеков да айтты. Бул нерсенин себеби депутаттын пикиринде, акыркы жылдары президент да, өкмөт да, парламент да тартылган ички саясий процесстерде жатат: “- Акыркы иликтөө калктын парламентке карата ишеним деңгээли абдан төмөн экенин көрсөттү. Мен дагы жарандардын пикирине кошулам. Тилекке каршы Жогорку Кеңеш бийликтин башка институттары сыяктуу эле саясий тирешүүлөргө ашыкча эле алаксып, экономиканы экинчи планга сүрүп коюшту”.

Ал алтынчы чакырылыштын депутаттары кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүгө алты айдын ичинде үлгүрбөй турганын моюнуна алды. Бирок парламент кырдаалды жөнгө салууга аракеттенип, Жогорку Кеңештин келечектеги чакырылышына конкреттүү экономикалык программаларды, мыйзамдарды жана долбоорлорду калтыраарына ынандырды.

- Бизде кырдаалга жана экономикага оң таасир берүүчү бир катар мыйзамдарды кабыл алууга азыраак убакыт бар. Мен биз алдыдагы шайлоонун босого чегин ылдыйлатуу маселесин чечүүгө үлгүрүүгө милдеттүүбүз деп эсептейм, айрым депутаттар анын ылдыйлашын каалабаса дагы пайызды азайтуубуз керек,- деди Чыныбай Турсунбеков.

Депутат экономиканы өнүктүрүү, коррупция жана контрабанда менен күрөшүү, кадрдык маселелер Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында да приоритеттүү бойдон калаарын кошумчалады: “- Экономикалык кырдаал жайына келээри менен чыңалуунун градусу да түшөт. Андан улам митингдерге жана нааразычылыктарга себептер бир топ азаят”.

Ал эми депутат Евгения Строкова Кыргызстандагы кырдаалды сырткы деструктивдүү күчтөр чайпап жатканына ишенет. Бул анын пикиринде айрыкча шайлоо алдында байкалат. Айтымында экономиканын өнүгүүсү биринчи орунда, бирок бул багытта кайсы бир конкреттүү пландар пайда болоору менен ошол замат көңүлдү башка бир нерсеге оодарууга аракеттенген күчтөр жаралат.

- Акыркы окуяларды эле алалы, бирде феминисттердин көргөзмөсү өткөрүлөт, анын уюштуруучулары алдын ала бул нерсе кандай ызы-чууга алып келээрин, калктын катмарынын кагылышуусун жаратаарын жакшы билишкен. Бул туруксуздукту жаратуу үчүн атайын жасалган. Бирде өлкөбүздүн бакыбат жашоосу ошондон гана көз каранды болуп тургандай жалгыз коррупционердин образы жаралат. Мен кимдир бирөөнү коргогум келбейт, бирок бул маалыматтык согуштардын баары элдин эмоциясын манипуляция кылууга багытталган, бийликке болгон эл ишенимин төмөндөтүүнү, элди бөлүп-жарууну каалашат. Аны менен катар бир адамды камап өлкөдөгү маселелерди чече албай турганыбызды билишибиз керек. Анткени биздин көйгөй мамлекеттик башкаруу системасында, аны өзгөртүү зарыл,- деди Евгения Строкова.

Анын айтымында парламенттик жарыштын алдында Кыргызстандагы кырдаал сырткы күчтөрдүн башкаруусунда калаарынын белгиси катары Бишкекте ноябрда өткөн митингди да белгилеп жатышат.

- Бул митингдерди уюштуруунун артында парламенттин атактуу фамилиялуу мурдагы депутат башчылык кылган “медиялык долбоор” турат. Анын ошол эле коррупция менен күрөшүүгө толтура мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок өлкө үчүн депутат болуп турганда кымындай да жакшы иш жасабады. Бул долбоордун артында бир топ олуттуу күч турат, алардын коррупция менен реалдуу күрөшүү ниети жок, анткени бул аларга бир нече себептерден улам пайдалуу эмес. Алар биздин коомдун оорулуу чекитин таба алышты жана парламентке жасалма патриотторду алып келүү, алар келгенден кийин республиканын сырткы саясий курсун башкача кылууга таасирин тийгизиши үчүн оорулуу чекитти баскылап жатышат. Мен буга митингден кийин айрым саясатчылар, анын арасында депутаттар да бар, Кыргызстандын ЕАЭБден чыгуусу боюнча пикирлерин айта баштаганы далил деп билем,- деди депутат.

Ошондой эле депутат эмоционалдык манипуляциянын белгиси катары депутаттардын санын 35ке чейин азайтуу чакырыгын белгиледи: “- 35 адамды бир бейөкмөт уюм “сатып” алууга кудурети жетет, 120 адамды сатып ала албайсың, арасынан сөзсүз алардын максатына каршы чыккан бирөө табылат”.

Келечектеги ички саясий кырдаалга терс таасирин тийгизчү маселе деп депутат учурдагы кадрдык саясатты атады.

- Калкка каршы мораль жана адеп-ахлак көтөрүп жүргөн, чет өлкөлүк акчалар үчүн уратуучу идеологияны да карманган кадрлар атайын мамкызматтарга кирет, алар мамлекетибизди алмага түшкөн курт сыяктуу ичтен жегенге маш. Мунун баары дагы деле шайлоо алдындагы аракеттерден улам болууда,- деди Строкова.

Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды айтып жатып саясат талдоочу Марат Казакпаев туруксуздуктун жарымы  ички процесстердин натыйжасы, дагы жарымы сырткы таасир берүүнүн кесепети экенин белгиледи.

- Роза Отунбаева батышчыл саясатчы деп эсептелинет, анткени ал көп жыл АКШда дипломат болуп иштеген. Ал азыр да Вашингтон менен байланышта, бул жерде да негизинен батышчыл саясатчылар жана коомдук активисттер менен мамилелеш. “Азаттык” радиосу – бул “Свобода” эл аралык медиа-корпорациясынын филиалы, башкача айтканда америкалык бренд. Алар биргеликте Кыргызстандагы коомдук-саясий трендди түзүшөт, бул учурда республикада болуп жаткан окуялардын артында АКШ турат деген ойго түртөт,- деди Марат Казакпаев.

Мындай пикирге мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов да кошулду. Айтымында Кыргызстандагы учурдагы окуялар Ирактын, Сириянын жана Ливиянын  мамлекеттүүлүгүнө жарака кетирген окуяларга окшош, аталган өлкөлөрдө да айыптуулар айтылган, аларды айыптуу деп тапкан тарап америкалык жана ага караштуу ММКлар болушкан, алар коомдук пикирди курчутууга алып келишип, жыйынтыгында бул өлкөлөр мамлекет катары өмүр сүрбөй калышты.

 

- Бул мамлекеттер учурда кагазда гана бар. Ушундай эле “кагаз жүзүндөгү эгемендүүлүк” бизге да даярдалып жатат. Айыптуулар айтылды, аларга далил “тагылып” жатат. Бул оюндун аягы эмне менен бүтөөрүн ойлонгон да жокпуз. Ошондуктан алдыдагы парламенттик шайлоодогу окуялар контексти маанилүү роль ойнойт,- деди эксперт.

Ал бүгүнкү күндө алдыдагы шайлоонун катышуучуларынын үч негизги блогу түзүлгөнүн белгиледи: “- Шайлоонун катышуучуларынын үч блогунун ар бири өз арсеналында шайлоочунун тандоосуна кеңири басым куралына ээ. Алардын ар биринин өздөрүнүн ички дагы, өлкөнүн сыртындагы дагы “колдоочусу” бар. Бирок маселе бул куралдар канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана мыйзамсыздыгында эмес”.

Эксперттин айтымында маселенин тамыры - Кыргыз Республикасы шайлоодон кийин кандай болот, ошондо.

- Окуялардын жүрүшүнөн жана ар кайсы деңгээлдеги саясатчылардын арызынан, интернет-активисттер, жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер, ошондой эле окуялардын динамикасы жана алардын маалыматтык коштолуусунан өлкөнү бөлүнүүгө карай жетелеп баратышканы билинип турат. 2019-жылдын декабрына карай коомчулукта шаардык жана айылдык интеллигенциянын, шаардык жана айылдыктардын, түндүк жана түштүктөрдүн ортосунда терең бөлүнүү орун алды. Кыргыздардын арасындагы мындай терең бөлүнүү буга дейре эч убакта катталган эмес,- деди Шерадил Бактыгулов.

Бирок мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алишер Мамасалиев Кыргызстандын ички саясий кырдаалына сырткы күчтөрдүн аралашканын байкаган жок. Анын пикиринде республикада калктын позициясын бийликтин аракетине каршы коюуга даярданган критикалык каршылык масса өсүп жетилди. 

- Өлкөдөгү кырдаал кооптуу, конфликт алдында турат. Биринчиден, социалдык, экинчиден саясий элитанын айрым өкүлдөрүнүн ортосундагы инсандык, үчүнчүдөн аймактык лидерлер арасындагы конфликт бышып жетилүүдө. Ошондуктан бийлик бул кырдаалды көңүлгө алып, ага туура реакция жасай билүүсү керек,- деди ал.

БШК мүчөсү, Эмгек сиңирген юрист Кайрат Осмоналиев өз кезегинде өлкө ичинде конфликттик кырдаал бышып жатканы сыяктуу эле сырткы оюнчулардын активдүүлүгү чындыгында ачык болуп калганын, буга КР бийлиги адекваттуу чара көрүүсү зарылдыгын белгиледи.

- Учурда бийлик болуп жаткан окуяларга же кайдыгер карап жатат же алтын ортолукту сактай турган маалда катаал чара көрөт, бул коомчулуктун акыйкаттыкты талап кылуусунун күчөшүнө алып келет,- деп белгиледи Кайрат Осмонов.

Диндин саясатташуусуна эксперт Канатбек Мурзахалилов токтолду. Айтымында эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандагы шайлоолордо диний аспект дайыма колдонулуп келатат, алдыдагы шайлоодо да бул кеңири колдонулат.

- Саясатчыларга элди топтоо зарылдыгы жаралганда алар жергиликтүү бийликке барышпайт, түз эле имамга жөнөшөт, анткени дин кызматкерлери миңдеген адамдарды топтой алышат. Муну билген саясатчылар динге ишенгендерди ачык эле пайдаланышат,- деп айтты дин маселелери боюнча эксперт.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө маселе акыркы убакта коомчулуктун ачыктан ачык байкалган светтик жана диний бөлүгүнүн каршылашуусунда жатат.

- Биз жүргүзгөн иликтөөлөрдүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда калктын 92 пайызы мусулмандар, аны менен катар 30 пайыз жаштар шариаттын негизинде жашоону каалашат. Кыргызстанда көптөгөн ислам агымдары, анын арасында коңшу өлкөлөрдө жана Россияда тыюу салынган агымдар да бардыгы менен кырдаал татаалданууда. Маселенин деңгээлин түшүнүү жана бул эмнеге жеткирээрин билүү  үчүн Жакынкы Чыгыштагы акыбалды көрүү жетиштүү,- деди Канатбек Мурзахалилов.

Жогорку Кеңешке шайлоо келерки жылдын октябрь айына белгиленген, бирок эксперттердин пикиринде, эмитен эле өлкөдө саясий жана коомдук активдүүлүк жогорулап жатат, бул парламенттик жарыштын алгачкы кадамы башталганынан кабар берет.

 

Наталья Лобанова

“Регион.kg” сайтынан кыргызчаланды

Булак: “Майдан. kg” гезити