2019-жылы жалпы Баткен облусунда 12 адамдын өмүрү көмүр шахтасында кыйылды...

Баткен облусунун аймагындагы тоо-кен ишканаларындагы коопсуздук маселелерин караган жыйын  Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун жетекчилиги астында өткөрүлдү. Иш-чарага район-шаар башчылары, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Аталган жыйында акыркы мезгилде өзгөчө тоо-кен казуу ишканаларында техникалык коопсуздуктардын сакталбагандыгынан улам катталып жаткан, адам өмүрүн кыйган кырсыктардын чыгуу себептери жана кесепеттерин жоюу маселелери ачык эле каралды. Кемчиликтерди жоюудагы Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларына ылайык, тийешелүү органдар, жеке менчик ишканаларды текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин ачык айтышты. Ошондуктан, бул олуттуу маселени чечүү үчүн мыйзамга дароо өзгөртүүлөрдү киргизүү абзан зарыл экендиги сунушталды. Муну үчүн сунуштарды даярдоо жана тиешелүү жактарга жолдоо, аракеттин андан ары ишке ашуусуна жетишүү жагы катуу каралды.  Ошондой эле тоо-кен өнөр жай ишканаларында кесипкөй адистердин дагыле жетишпестиги дагы негизги маселе экендиги айтылды. Муну менен катар эл арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү, кооптуу жайларда иштөө менен тобокелчиликке барбоо, мыйзамсыз кен казууга жол бербөө жаатында жетекчилерге катуу тапшырмалар берилди.

Белгилей кетчү жагдай: үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында “Ормон” ЖЧК көчүр шахтасында төрт адам газга ууланып каза тапса, 2019-жылы жалпы Баткен облусунда 12 адамдын өмүрү көмүр шахтасында кыйылды. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров : “Адам өмүрүн алган кырсыктардын алдын алуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, текшерүүчү органдардын укуктарын кеңейтүү жаатында өзгөртүүгө барышыбыз - учур талабы!” деп баса белгиледи.  Жыйында ошондой эле экологиялык коопсуздук, айлана чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылуу маселелери дагы катуу каралып, тиешелүү жетекчилерге өзгөчө тапшырмалар берилди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити