Кыргыз диаспорасынын активисттери жана жалпы мекендештер менен дагы өзүнчө шартта жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын Самара облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Самара облусунун жана шаардынын жетекчилери В.Терентьев, Е.Лапушкина менен жолугушту.
Кыргызстан менен Самара облусунун ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, туристтик жаатта кызматташууну өнүктүрүү жана дараметтүү инвестор жана ишкерлердин ортосунда байланыштарды орнотуу маселелери кенен-чонон талкууланды. Кыргыз элчисине Самара облусунун экономикалык жана туристтик потенциалы тартылган даректүү тасма тартууланды. Андан соң тараптар 2020-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда Кайчылаш жылдын алкагында биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруу тууралуу келишимге дагы келишти.
Кыргызстан менен Самара облусунун ортосунда келишимдик-укуктук базаны мындан ары өнүктүрүү, мунун ичинде боордош мамилелерди орнотуу, ошондой эле эки тараптын соода-өнөр жай палаталарынын өз ара аракеттенүүлөрү тууралуу макулдашууларга кол коюу жолу менен өнүктүрүү келишимине токтолушту. Облустун жана шаардын жетекчилиги Самара облусунда жашап, иштеп жатышкан кыргызстандыктардын эмгекчилдигине, толеранттулугуна жогору баа беришти жана алардын жашап туруусу үчүң ыңгайлуу шарттарды жаратуу боюнча биргелешкен иш алып барууну улантууга даяр экендиктерин дагы билдиришти. Мындан тышкары Кыргыз элчиси Самара облусунда эмгектенип жатышкан Кыргыз диаспорасынын активисттери менен өз ара жолугушуп, биздин мекендештерибиздин укук жана кызыкчылыктарын коргоо, колдоо боюнча Кыргыз жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов жарандар менен иш алып барууда дипломаттарга талаптардын ого бетер күчөтүлгөндүгүн маалымдады жана катышуучуларды кызыктырган саясий, экономикалык, консулдук жана миграциялык мүнөздөгү бир катар суроолорго жооп кайтарды. Ошондой Кыргыз элчиси 2000ден ашуун биздин мекендештер эмгектенишкен шаардын “Мой Кировский – вещевой” базарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынан келген курулуш адистери эмгектенишкен “Луч” ЖЧКсына баш багып, Кыргыз элчилиги тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, мекендештердинин эмгек жана жашоо-шарттары менен таанышып, жолугушуунун катышуучуларын кызыктырган бардык суроолорго ынандыраарлык гана жоопторду узатты.
ххх
Аликбек Жекшенкуловдун Орусиянын Ростов облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ростов облусунун губернатору В.Ю.Голубев жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысы А.В. Логвиненко менен жолугушту.
Кыргызстан менен Ростов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, туристтик жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну мындан ары ырааттуу өнүктүрүү, Кыргыз продукциясын, жеңил өнөр жай, тигүү тармактарынын товарларын алып келүүнүн көлөмүн дагы көбөйтүү, Кайчылаш жылдын алкагында 2020-жылы ишкердик форумдарды, маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү, тараптардын туристтик жана экономикалык дараметин сунуштоо үчүн атайын эфирдик убакыт өз ара бөлүп берүү маселелери катуу талкууланды. Өзгөчө көңүл миграциялык маселелерге жана Ростов облусунун аймагында эмгектенип жатышкан кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу чараларына бурулду. Ошондой эле келишмдик-укуктук базаны өнүктүрүү жана Кыргызстандын облус жана шаарларынын ортосунда, эки тараптын соода өнөр жай палаталарынын ортосунда боордош мамилелерди орнотуу жана кызматташууларды бекемдөө тууралуу бир топ документтерге кол коюу келишимине дагы келишти. Кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов кыргызстандыктар соода ишмердигин туруктуу жүргүзүп жатышкан “Темерник”, “Восточный” жана “Атлант-Сити” деп аталган шаардык базарларга дагы баш багып, анда эмгектенишкен мекендештери менен жолугушту. Мекендештер элчиге иш шарттары тууралуу кеңири айтып беришти. Ошону менен бирге эле Кыргыз диаспорасынын активисттери жана жалпы мекендештер менен дагы өзүнчө шартта жолугушту.
Мындан тышкары Аликбек Жекшенкулов “Курман болгон аскерлерге” мемориалдык комплекске барып, гүлчамбар койду. Буга удаа жана Ростов-на-Дону шаарындагы өнөр жай ишканасы “Маслоэкстракционный завод Юг-Руси” ЖЧКсына баш бакты. Аталган завод Кыргызстанга ай сайын 1,5 миллион литр күн карама майын жөнөтүп турат.
Булак: “Майдан. kg” гезити