Аргасыздан ушундай ойго кептелип турабыз.
Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиевди УКМК атайын чакырып, бир канча саат суракка алды. Кайсы маселе боюнча суракка алганы азырынча белгисиз.
Айрымдар Мамкаттоо кызматын жетектеп тургандагы ишмердиги боюнча суракка алынганын болжолдоп атышат. Ошол эле мезгилде жакында соттун чечими тарабынан мүлктөрү камакка алынып, кайра камактан чыгарылган “24.kg” маалымат агенттигине байланыштуу болушу ыктымалдыгын да унутууга болбойт. Анткени, Жаныбек Бакчиевдин аталган маалымат агенттигинин ээлигинде үлүшү бар, маалымат агенттигине таасири бар адамдардын бири болуп эсептелет.
Аталган маалымат агенттиги акыркы кездери президенттин ишмердигине байланыштуу каралоо, бир тараптуу маалыматтарды таркатуу жагынан активдүү болгонун эске алсак, Жаныбек Бакчиев бүгүнкү бийликке каршы болуп калабы? Бул боюнча депутат өзү эмне дейт?
Булак: “Майдан. kg” гезити